Чубак ажы Жалилов

Жалилов Чубак ажы Тажибаевич 1975-жылы 21- январында  Жалал-Абад облусуна караштуу  Базар-Коргон районундагы   Бай-Мундуз айылында   билимдүү адамдардын үй- бүлөсүндө туулган. Атасы Жалилов Тажибай математика мугалими,  апасы Сакыева Гульжамал англис тили боюнча мугалим. Үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси.  Ош облусунун Өзгөн районунун күйөө баласы.Уруусу – Мундуз.

1992-1996-жылдары  Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде,  2000-2002-жылдары Сауд Аравиядагы «Умм аль-Куро» эл аралык  университетинин алдындагы  араб тили институтунда , 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Бир туугандары да жогорку окуу жайларын кызыл дипломдор менен бүтүрүшкөн.

Үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын камкор атасы.  Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эмгек жолу 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен башталган.

2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси. Ушул эле жылдары  Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген.

2010-2012-жылдары Кыргызстандын Азирети муфтийи кызматын аркалаган.

Муфтий болуп иштеп турганда коррупцияга каршы бир топ  реформаларды жасаган.

Андан сырткары диний билим берүү тармагын жана КМДБнын, Уламалар кеңешинин, Муфтийдин, казылардын, Баш имам хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариатка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошту.

Фикх (шариат мыйзамдары, укук), араб тилинин грамматикасы, тафсир (Куран аяттарына түшүндүрмө берүү жана комментарийлөө), хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим (фатва)  чыгарууга уруксааты бар документтердин ээси.

Чубак ажынын өзгөчөлүгү деп өздүк 3 бөлмө китепканасы бар экендигин  айтууга болот.  Ислам динине тиешелуу баардык китептер бар.

Китеп окуп, маселенин чечимин издегенди, анализдегенди  жактырат жана убактысынын көп бөлүгүн ушул ишке арнайт.  Учурда  негизги вазыйпасы болгон ислам динин жеткирүү иши  менен алек. Эркектер жана  аялдар жамааттар  үчүн   окууларды уюштуруп, макалалары  «Аят», «Тамчы»  гезиттерине жарыяланып турат жана үналгы, сыналгыда атайын берүүлөргө такай катышып келүүдө. Социалдык  тармактарда да жигердүү иш алып барат.