Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Календарь

02 февраля 2017

Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө, Азирети Муфтийликке жана БТК төрагалыгына талапкерлерди каттоо жарыяланды

Аалымдар Кеңешинин 1-февралдагы отурумундагы кабыл алынган токтомунун негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын VI Курултайы 2017-жылдын 4-апрелинде өткөрүүнү белгиленди. Отурумда  Кыргызстан Мусулмандарынынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө, Азирети Муфтийликке жана Борбордук Текшерүү Комиссиясынын төрагалыгына талапкерлерди каттоо боюнча комиссия түзүлүп, Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө, Азирети Муфтийликке жана БТК төрагалыгына талапкерлерди каттоо жарыяланды. Катоо комиссиясынын чечимдерине ылайык төмөндөгү талаптар боюнча  каттоо иши башталды.

Муфтият эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүчү тараптар ортосунда конкурс жарыялайт

2017-жылдын ажылык иштери жакындап калганына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы Ажыга баруучуларды минингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүчү тараптар ортосунда конкурс жарыялайт.
Конкурс тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот. Бишкек ш, Гогол көч, 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде).

Муфтият ажыларга кийим (форма) тигүүчүлөр ортосунда конкурс жарыялайт

2017-жылдын ажылык иштери жакындап калганына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы Ажылык сапарын уюштурууну тартипке салып, ажыга баруучуларга тиешелүү шарттарды түзүп берүү максатында 2017-жылдагы ажыларга кийим (форма) тигүүчүлөр ортосунда конкурс жарыялайт. Конкурска каттоо 1-февралдан 1-мартка чейин жүргүзүлөт. 
Конкурс тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот. 
Бишкек ш, Гогол көч, 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде).

Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө, Азирети Муфтийликке жана БТК төрагалыгына талапкерлерди каттоо жарыяланды

Muftiyat.kg/ 2-февраль/ Аалымдар Кеңешинин 1-февралдагы отурумундагы кабыл алынган токтомунун негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын VI Курултайы 2017-жылдын 4-апрелинде өткөрүүнү белгиленди. Отурумда  Кыргызстан Мусулмандарынынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө, Азирети Муфтийликке жана Борбордук Текшерүү Комиссиясынын төрагалыгына талапкерлерди каттоо боюнча комиссия түзүлүп, Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө, Азирети Муфтийликке жана БТК төрагалыгына талапкерлерди каттоо жарыяланды.

Баткен казыятынын басма сөз кызматы “Взгляд” гезити менен тыгыз кызматташат

Мuftiyat.kg/ 2-февраль/  Баткен казыятын  “Взгляд” гезитинин өкүлдөрү жана казыят кызматкерлери тыгыз кызматташуу боюнча жолугушту. Жолугушууга “Взгляд” гезитинин  кыргыз тили боюнча ректору Санрабия Кубанычбековна кыргыз тили боюнча ректору Санрабия Кубанычбековна жана “Взгляд” гезитинин Баткен облусундагы өкүлү Динара Курбанбекова  жана Баткен облуснун мусулмандар казысы  Пазыл ажы Султанмуратов, казынын орун басары Каразак ажы Кожояров жана казыяттын  басма сөз катчысы Авлиёев Фуркат катышты.

Асатов Эрназар Бишкек шаарынын казысынын орун басарлык кызматына дайындалды

Мuftiyat.kg/ 2-февраль/ Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын орун басарлык кызматына Асатов Эрназар дайындалды. Шаар казысынын жаңы орун басары менен тааныштыруу саамалыгына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов, Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов жана казыят кызматкерлери катышты. Азирети муфтийдин орун басары жаңыдан дайындалган Асатов Эрназарга ийгилик каалап, коомчулуктун биримдиги, ынтымагы үчүн бар күчүн жамшашына тилектеш экендигин билдирди.

КМДБнын окуу бөлүмү Жалал-Абад облусунун аймагындагы диний окуу жайлар менен жеринде таанышат

Мuftiyat.kg/ 2-февраль/ Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Замир кары Ракиевдин, КМДБнын окуу бөлүмүнүн кызматкери Орозали ажы Адраңовдун, КМДБнын иш башкарма жана чарбалык бөлүмүнүн башчысы Алимбай Эргешовдун, Жалал-Абад  облусунун казысы Абдулазиз кары Закировдун, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Мелис Тургунбаевдин жана Жалал-Абад облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнүн, окуу бөлүм башчыларынын катышуусунда жыйын болуп өттү.

Тогуз-Торо районунун баш имам хатиби мектеп окуучуларына ыйман, адеп жана маданият тууралуу баяндама жасады

Мuftiyat.kg/ 2-февраль/ Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек Болотбеков класс жетекчинин катышуусунда Казарман орто мектебинин 10-классынын окуучулары менен жолугушту.  Жолугушууда Ханафий мазхабы, матурудий акыйдасы, Ислам дининин баалулуктары, ар кандай терс диний агымдардан сактануу туурасында баяндама жасап, мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби аймактагы мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Мuftiyat.kg/ 2-февраль/ Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Аллаяр ажы Мадалиев  Жалал-Абад шаарынын Достоевский көчөсүндө жайгашкан «Эргеш ажы», Жалал -Абад шаарынын Тайгараев айыл аймагына караштуу «Аксо» жума мечитинин жамааты менен жолугушту. Шаар хатиби жергиликтүү жамаатка элди биримдикке, бөлүнүп жарылбоого үгүттөп, Ахли сунна уаль-жамаат акыйдасын жана Ханафий мазхабын бекем карманууга чакырды. Жыйындын катышуучулары шаар хатибине өздөрүнүн кызыктырган суроолорун беришип, тиешелүү жоопторду алышты.

 

Сулайман Тоо мечитинде «Аял затынын Исламдагы маданияттуулугу» аталышындагы жыйын өттү

Мuftiyat.kg/ 2-февраль/ Ош шаарынын борбордук «Сулайман Тоо» мечитинин жыйындар залында «Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында «Аял затынын Исламдагы маданияттуулугу» аталышында жыйын өттү.

Ош облусунда 2017-жылдагы ажылык сапарга жарандарды каттоо үчүн жооптуу адистердин арасында сынак өткөрүлдү

Мuftiyat.kg/ 2-февраль/ Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын атайын буйругуна ылайык Ош облустук казыятында 2017-жылдагы ажылык сапарга жарандарды каттоо үчүн тажрыйбалуу адистерди тандап алуу максатында райондордон сунушталган талапкерлер арасында сынак өткөрүлдү. Аталган сынакка ушул жылдын башында Ош облустук казыятынан жана 7 райондук хатибияттардын ар биринен үчтөн талапкерлер сунушталган болчу.

Теплоключенка айылында дин иштери боюнча атайын коомдук комитет түзүлдү

Мuftiyat.kg/ 2-февраль/ Түп районунун Теплоключенка айыл өкмөтүндө дин иштери боюнча атайын коомдук комитет түзүлүп, «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата калк арасында дин жеткирүү иштеринин мерчеми түзүлүп бекитилди. Аталган жыйынга Ак-Суу райондук баш имам хатиб Асантур ажы Абдрахманов катышып, КМДБ тарабынан быйылкы жылга карата аткарылуучу иштердин иш планынын негизинде иштер аткарылып жаткандыгы, коомчулук менен иштөө зарыл экендигин баса белгиледи.

Түп районунун баш имам хатиби «Балбай» айыл эли менен жолугушуп, ынтымактын маанилүүлүгү туурасында баяндама жасады

Мuftiyat.kg/ 2-февраль/ Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев «Балбай» айылынын эли менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаал менен жеринде таанышты. Эл менен болгон жолугушуу алкагында баш имам хатиб коомчулуктун ынтымагы, эл арасындагы уруу-урууга бөлүнүүнүн зыяндуулугу, коомдогу жат көрүнүштөрдүн алдын алуу темаларынын алкагында баяндама жасап, мамлекеттин тынчыгы, бакубат жашоо жана эртеңки келечек туурасында айтып берип, аймактагы жашоочуларды ынтымактуу болууга чакырды.

Балыкчы шаарында «Экстремизм, терроризм-Ислам эмес» аталыштагы форум өттү

Мuftiyat.kg/ 2-февраль/ Балыкчы шаардык мэриясынын жыйындар залында «Экстремизм, терроризм-Ислам эмес» аталышындагы форум өттү. Аталган форум шаардык мэрия тарабынан уюштурулуп, ага шаардык УКК, ШИИБ кызматкерлери, жаштар, аксакалдар жана имамдар катышышты. Форумдун жүрүшүндө Ислам тынчтыктын дини экендиги, бейкүнөө адам өмүрүн кыюу, турак-жай, шаар-кыштактарды талкалоо Исламдан эмес экендигине кенири токтолушуп, жаштарды туура тарбиялоо учурдун талабы экендигин баса белгилешти.

Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби шарты жок мектепке бара албаган Сумаяга окуу куралдарын, кийим-кечесин алып берди

Мuftiyat.kg/ 2-февраль/ Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Аллаяр ажы Мадалиев мектепке шарты жок бара албай жаткан Спутник кичи шаарчасынын туругуну  Маматжанова Сумаядан кабар алып, ага окуу куралдарын камсыздап, мектепке баруу бардык шарттарын түзүп берди. Аллаяр ажы Мадалиев кичинекей Сумаяга окуу бул милдеттүү экендигин түшүндүрүп, билим алуунун пайдаларын, артыкчылыктарын айтып берип, мындан ары дагы жардам берүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Майлуу-Суу шаардык хатибияты социалдык абалы оор үй-бүлөлөргө 12 мүшөк ун таратты

Мuftiyat.kg/ 2-февраль/ Майлуу-Суу шаардык хатибияты тубаса майып Н.Раимжановага жана  М.Рустамовага 1 миң 500 сомдук азык-түлүк жардамын көрсөтүштү. Ошондой эле райхатибият жети айлык эгиз балдары менен ижарага үй алып күн кечирип келе жаткан  М.Калботоевага да жакында колдоо көрсөтүшүп, мындан ары дагы жардам берип тураарын айтышты. Ымыркайлардын энеси кошуна-колоңдор дайыма тамак-аш жана башка материалдык жардам көрсөтөөрүн айтып, коңшулардын жардамы менен шаардык мэрия тарабынан  2 миң сом жөлөк пул чыгарылган.  

Токтогул районундагы дин кызматкерлер аймактарда түшүндүрүү иштери жүргүзүшүүдө

Мuftiyat.kg/ 2-февраль/ Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун «Даарус-Салам» борбордук мечитинде аймактагы жергиликтүү тургундарга маркумду акыркы сапарга узатуу, ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле аймактагы дин кызматкерлер Толук айылындагы бейтапкананын кызматкерлери менен жолугушуп, дарыланып жаткан мекендештерибизден кабар алышып, аларга Ханафий  мазхабы, экстремизм, терроризмдин зыяндуулугу тууралуу баяндамаларды жасап беришти.

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Майлуу-Суудагы мекеме-ишканаларда иш- чаралар башталды

Мuftiyat.kg/ 2-февраль/ Майлуу-Суу шаарынын вице-мэри З.К.Расулов, шаардык кеңештин төрагасы Б.К.Барбиев, шаар хатиби А. Эркинбеков райондук электро тармагынын кызматкерлери менен жолугушуп, 2017-жылдагы «Ыйман, адеп жана маданият» жылына байланыштуу  элибизди, айрыкча жаштарыбызды жакшы адеп-ахлакка чакырууну жана ушул багыт боюнча иш алып барууну сунушу айтылды.