Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Календарь

10 февраля 2017

Ниязов Бакытбек: “Ата-эненин баласына берген жакшы тарбиясынан өтөөрлүк жакшы белек жок”

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Кыргызстан Ислам Университети Бишкек шаарындагы мектептерге жана жогорку окуу жайларга “Ыйман жана адеп-ахлак” деген аталыштагы семинарларды өткөрүп келүүдө. КИУнун эмгек жамаатынын кезектеги семинары Бишкек шаарындагы №1-гимназия-интернатында болуп өттү.

Азирети Муфтийдин орун басары Ноокат районундагы Камбаралы Бобулов жана Үч-Бай орто мектебинин окуучулары менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов ыйман, адеп жана маданият жылына карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Баргы айылындагы Камбаралы Бобулов (мурдагы Кычан Жакыпов) атындагы орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушуп, бүгүнкү күндөгү жаштардын адеп-ахлагы, билим алуунун артыкчылыктары жана пайдалары, ыймандуулук, адилеттүүлүк, сабырдуулук менен боорукерлик темаларында баяндамасын окуп, мектеп тарбиялануучуларын китепти көп окууга үнд

Жалал-Абадда ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында “Кыргызстанда элдин биримдигин колдоодо жаштардын ролу” аттуу конференция өттү

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Жалал-Абад шаарындагы “Багери” ресторанында ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында “Кыргызстанда элдин биримдигин колдоодо жаштардын ролу” аттуу конференция өтүп, ага Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров, иш башкармалыгынын башчысы Карим ажы Төлөнбаев  катышты.

Жалал-Абад шаарындагы жаштар арасында Куран жарышы өттү

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Аллаяр ажы Мадалиевдин демилгеси менен “Аль-Куддус” мечитинде  жаштар арасында Куран Куран жарышы уюштурулуп, ага 40ка жакын Куран жаттаган балдар катышты. Жарыш ата-энелердин, жергиликтүү жамааттын катышуусунда өтүп, калыстар тобунун чечими менен 1-орунга 2 миң 500 сом, 2-орунга 2 миң сом, 3-орунга 1 миң 500 сом акчалай сыйлыктар каралган. Ал эми жалпы Куран жарышка катышкандар үчүн кызыктыруучу белектер берилип, алкыш сөздөр айтылды.

Чаткал районунун имамдары үчүн компьютердик курстар уюштурулууда

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Алыскы Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токоновдун демилгеси менен имамдар үчүн атайын компьютердик сабак уюштурулду. Курстун алкагында  имамдар компьютерде жазууну, слайд, графикаларды иштеп чыгууну өздөштүрүү менен компьютердик сабаттуулугун арттырышат.

Базар-Коргон районундагы 40 мектепте ыймандуулукка, адептүүлүккө чакыруу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлөт

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Окуучуларга, ата-энелерге туура багыт берүү, ар кандай терс көрүнүштөрдөн  алыс болуу, ыйман, адеп жана маданиятты калыптандыруу максатында райондогу   40 мектепте түшүндүрүү иштери жергиликтүү бийликтин катышуусунда өткөрүлөт.

"Ата-энелерге  балдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, маданияттуулукка тарбиялоого чакыруу максатында райондогу 40 мектепте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү максат кылуудабыз»,-деди райондун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шайиков.  

Тоң айылындагы борбордук мечиттин эмгек жамааты жаздын келишине даярдык көрүшүүдө

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Тоң районунун Тоң айылындагы Буудайчы атындагы мечитинин имамы Абидетегин Кутчу жергиликтүү жамаат менен биргеликте мечиттин ичин жана айланасынын тазалап, ишембилик өткөрдү.  

«Динибиз тазалыкка чакырыт. Андыктан жергиликтүү жашоочулар менен биргеликте мечитти таза кармоо максатында жумусына бир ирээт ишембилик өткөрүп туруу чечимин кабыл алдык»,-деди  Буудайчы атындагы мечитинин имамы.

Коңур-Өлөңдүн жергиликтүү жашоочулары борбордук мечитти оңдөп-түзөөдөн өткөрүштү

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын имамы Койчуманов Жылкайдардын демилгеси менен жергиликтүү тургундар мечиттин дааратканасын жаңылашып,  оңдоп-түзөөдөн өткөрүшүп, ошол эле мечиттин  айрым курулуштарына салым кошушууда. Муну менен катар айыл тургундары мечиттин айланасында тазалоо иштерин уюштурушуп, өрт коопсуздугун алдын алуу максатында керектүү шаймандардын орнотушкандыгын аймактагы имам Койчуманов Жылкайдар кабарлады.

Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин баштады

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата  Ош шаарындагы  Карл Маркс атындагы  орто мектебинин жыйындар залында «Ата эненин урматы жана адеп – ахлак» аталышында жыйын өтүп, ага Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Осмонов Мурзакул, Карл Маркс атындагы орто метебинин дироктору  жана 8-9 класстын окуучулары катышты.

Түп районунун баш имам хатиби мектеп окуучуларын китеп окууга чакырууда

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Түп  районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев Тасма айылындагы А.Стамбеков атындагы орто мектебинин окуучулары жана мектеп жамааты менен жолугушуп, талап-тоноочулуктун зыяндары, суицид, терс диний агымдар боюнча маалымат берип, окуучуларды билимдүү болууга чакырды. Ошондой эле райондун баш имам хатиби ата-энелерди балдарга көңүл бурууга чакыруу менен алардын мектептен алган билимине жардам берүү максатында китеп окууга кызыктыруу керектигин баса белгиледи.

Жалал-Абаддагы район, шаардын баш имам хатибдерине 2017-жылдын намаз убакыттарынын календары таратылды

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында КМДБ тарабынан даярдалган 2017-жылдын намаз убакыттарынын календары облус аймагындагы бардык район, шаардын баш имам хатибдерине жалпы 632 китеп таратылып берилди. Ар бир район, шаар өзүнүн карамагындагы мечиттердин санына жараша календарь китепчеси менен камсыз болушту.

Хусайн Карасаев атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинде «Дүйнөлүк диндер» аталышындагы илимий конференция өттү

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыков, Каракол шаарындагы Хусайн Карасаев атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинде өткөн «Дүйнөлүк диндер» темасында  уюштурулган илимий конференцияга катышып, Ислам дини, буддизм, иудаизм боюнча  кенири баяндама жасады. Ошондой эле облус казысы илимий конференциянын катышуучуларына терс диний агымдар боюнча маалымат берип, бул жаатта биргеликте иш алып барууга чакырды.

Абдулазиз кары Закиров “Ыйман – адамдарды жакшылык кылууга үндөйт”

Райымдуу жана Мээримдүү Жараткандын аты менен баштаймын! Ассаламу аьлайкум Урматтуу мусулмандар, урматтуу мекендештер!

Өзүнүздөргө маалым болгондой КРнын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршенович 5-январда, «2017-жылды “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Аны менен кошо Кыргыз Республикасынын стратегиялык милдеттерин жүзөгө ашыруу, мамлекет менен коомдун күч-аракеттин түздөн-түз адамга, анын руханий дүйнөсүнө, адеп-ыйманына жана маданиятына багыттоо максатында, ошондой эле коомчулуктун кайрылуусу эске алынып, токтом кабыл алынды.

Тогуз-Торо районунда эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча график түзүлдү

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Тогуз-Торо районунда эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн атайын график түзүлдү. Мындай чечим Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын  2017-жылдын 3-февралындагы №135 буйругу менен кабыл алыныа, анда социалдык тармактардагы «Тихий дом», «Синий кит» оюндарынан жана өспүрүмдөр арасында өзүн-өзү өлтүрүүдөн алыс болуу, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, Ханафий мазхабын жайылтуу маселелери камтылган.

Муфтияттын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы окуучуларды азгырык оюндардан оолак болууга чакырды

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушундагы мектеп окуучулары менен жолугушуп, адеп-ахлак, ыймандуулуктун баалуулуктары, ата-не, мугалимдерди сыйлоо, билим алуунун пайдалары туурасында баяндама жасады. Ошондой эле учурда соцтармактарда жаштарды азгырып жаткан «көк кит» сыяктуу теср көрүнүштөрдүн зыяндуулугун айтып, окуучуларды билимге умтулууга чакырды.

Талас казыятынын кызматкерлери болочоктогу дарыгерлерди ыймандуу, билимдүү болууга үндөштү

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Талас облусунун казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков жана казыят кызматкери Медер ажы Сагынбаев Талас шаарындагы медициналык колледждин студенттери менен жолугушуу өткөрүшүп, студенттерге  аял жана эркектин коомдогу орду, билим алуунун артыкчылыктары, адилеттүүлүк, ыймандуулук, паракорлук жана ата-энени урматтоо боюнча баяндама жасашты.

Бакай-Ата районундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү имамдар менен биргеликте мектеп окуучуларын терс көрүнүштөрдөн алыс болууга чакырышууда

Muftiyat.kg/ 10-февраль/ Бакай-Ата районунун администрациясында өзүнүн өмүрүнө кол салуу (суицид) жана үй-бүлөдө, коомдун арасындагы зордук-зомбулукту токтотуу жана алдын алуу туурасында жыйын өттү.