Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Календарь

14 февраля 2017

Азирети Муфтий түз эфир аркылуу 3 жыл аралыгында аткарылган иштерге токтолду

Muftiyat.kg/ 14-февраль/ Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев ЭлТР телеканалындагы "Күн маек" түз эфирдик программасында КМДБ тарабынан атқарылып жаткан иштерге кеңири токтолуп, 3 жыл аралыгында аткарылган иштер боюнча маалымат берди.  Муну менен катар Азирети муфтий жарандардын суроолоруна жооп берип, 2014-2020 жылдарга  карата кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы, Ажылык, Окуу тармагы, Финансы, Фатва,  Даават жана жалпы диний кырдаал боюнча маалымат берди.

Таластагы "Али ибн Аби Толиб" ислам медресесинде балдар арасында Куран жарышы өтүүдө

Muftiyat.kg/ 14-февраль/ Талас облусундагы "Али ибн Аби Толиб" ислам медресесинин жетекчилигинин демилгеси менен балдар арасында Куран жарышы өтүүдө. Куран жарышты демөөрчүлөрдүн жардамы менен  уюштурулуп, 1 орунга 3 миң  сом, 2 орунга 2 миң  сом, 3 орунга 1000  сом калып, 15 катышуучуга 500 сомдон кызыктыруучу сыйлыктар берилмекчи.

Нарын облусунун казысына Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

Muftiyat.kg/ 14-февраль/ Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраевге Нарын шаардык кеңешинин №5/3 токтому менен  Нарын шаарынын “Ардактуу  атуулу” деген наам  ыйгарылды. Ардактуу атуул наамын Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Ботоканов Ыргалбек тапшырып,  өзүнүн каалоо тилектерин жана өзүнүн жакшы пикирлерин билдирди.

“Нарын казыяты акыркы беш жылда алгылыктуу иш алып баргандыгын шаарыбыздын тургундары  жакшы билишет. Ар дайым эл кызматында иштеп жүрө бериңиздер”,-деди Ботоканов Ыргалбек.  

Ноокен районунун баш имам хатиби айыл имамдарына ишти жакшыртуу талабын койду

Muftiyat.kg/ 14-февраль/ Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов аймактардагы бардык айыл округдун баш имамдары менен жолугушуп, анда Муфтият тарабынан берилген намаз убактысынын бирдиктүү календарын алыскы айылдардагы мечиттерге жеткирүү,  КМДБнын, казыяттын буйрук-чечимдерин өз убагында аткаруу керектиги боюнча тапшырма берди.

Жалал-Абад шаарында Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

Muftiyat.kg/ 14-февраль/ Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш паркында Ооган согушунда курман болгондорду эскерүү аземи болду. Эскерүү аземде көзү өтүп кеткен жоокерлерге арналып Куран окулуп, гүлчамбарлар коюлду.