(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Календарь

17 февраля 2017

Дин кызматкерлер ооруканадагы бейтептардан кабар алды

Muftiyat.kg/ 17-февраль/ Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков шаардык ооруканада дарыланып жаткан оорулууларды зыярат кылып, алардын ал-абалын сурап, көңүлүн көтөрдү. Ошондой эле шарият маселелеринен баяндама жасап, Жараткандан   сакайып кетүүлөрүн тилеп, эли-журтубузга тынчтык менен биримдик каалады.

Сузак айыл округунун имамдары селден жабыр тарткандарга жана жетим балдарга жардам беришти

Muftiyat.kg/ 17-февраль/ Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаиловдун демилгеси менен Сузак айыл окуругуна караштуу бардык мечиттердин имамдары кайрымдуулук акциясын уюштурушту. Топтолгон материалдык жардам Кыз-Көл айыл округуна  караштуу Сары-Булак айылында селден жабыркаган 4 үй-бүлөгө 10 көрпө, 10 жаздык, 15 жер төшөк жана кышкы жылуу кийим-кечелерден жардам беришти. Мындан сырткары жакыр үй-бүлөлөргө, атасы же энесинен айрылгандарга 54 даана баш кийим, моюн орогуч таратылган.

Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби мектеп окуучуларын азгырык оюндардан алыс болууга чакырууда

Muftiyat.kg/ 17-февраль/ Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Эркинбеков Абсатар ажы  шаардагы №8-орто мектептин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушуп, өз өмүрүн кыюга чейин алып барууга түрткү болуп жаткан социалдык булактардагы интернет аркылуу "Синий кит", "Тихий дом", "Разбуди меня" сыяктуу терс оюндардын таасиринин жамандыгы тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр жүргүзүлгөндүгүн билдирди. Жолугушууну аталган мектептин  дене-тарбия сабагынын мугалими Э.

Жалал-Абад облусунун жооптуу катчысы Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын Амир Хамза ислам институтунун иш кагаздары менен таанышты

Muftiyat.kg/ 17-февраль/ Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Закиров Абдулазиз карынын тапшырмасы менен Жалал-Абад казыятынын жооптуу катчысы Хаджибеков Абдиназар Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын жана Амир Хамза ислам институтунун иш кагаздарын жүрүтүү боюнча жеринде таанышты.  Таанышуу учурунда шаар хатиб Мансуров Мураталы жана институттун ректору Карабаев Мирзаабдилла менен жолугушуп, шаар хатибияттын иш кагаздары негизинен тартипке түшүп калгандыгын бе