Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Календарь

01 октября 2017

Баткен облусунун мусулмандар казысынын «Даават кербени» алыскы айылдарда уланууда

Muftiyat.kg/ 1-октябрь/ Баткен облусунун казысы Муса ажы Жолдошовдун “Даават кербени” аталышындагы иш сапары Баткен районунун Бужум жана Чоң-Кара айылдарында уланды. Иш сапрдын жүрүшүндө облус казысы аймактагы имамдардын иш аракеттери жана Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы ошондой эле Баткен казыяты тарабынан берилген буйрук тапшырмаларды өз убагында так аткарылышы менен таанышып, жергиликтүү эл менен жолугушууда.

Ош облустук казыяты ата-энесинен ажыраган балдардын эс алуусун уюштурууга көмөктөшкөндөргө ыраазычылык билдирди

Muftiyat.kg/ 1-октябрь/ Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан 2017-жылдагы Курман айт майрамына карата ата-энесинен ажыраган жана жалгыз бой үй-бүлөөлөрдүн балдарына өзгөчө майрамдык маанай тартуулап, эс алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүдө демөөрчүлүк жасап, жакындан жардам көрсөткөндүктөрү үчүн КР ММА жана панкратион федерациясынын Президенти Өмүрзаков Улукбек Абдылдаевичке жана Ош шаарындагы “Балдар келечеги” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Каримбаев Улан Орозмаматовичке ыраазычылык

Түп районунун Балбай айылында курулуп жаткан мечиттин жанына ФАП жана билим берүү жайы курулууда

Muftiyat.kg/ 1-октябрь/ Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев аймактагы Балбай айылын зыярат кылып, жаңы салынып жаткан мечиттин курулушунан кабар алып, жеригилктүү  жашоочулар менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушуунун алкагында баш имам хатиб мечит Жараткан Алла Тааланын үйү экендигин айтып, айыл элинин, жаштардын ыйманын, адеп-ахлагын жогорулатууда жана ар кандай терс диний агымдардын алдын алууда өзүнүн салымын кошооруна тилектештигин билдирди.

Базар-Коргондун Талдуу-Булак айыл өкмөтүндөгү 9 айылдын баш имамдарынын ишмердүүлүгүнө баа берилди

Muftiyat.kg/ 1-октябрь/ Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүндө баш имамдардын кезектеги жыйыны болуп өттү.  Жыйында райхатиб Тынчтыкбек ажы Шаиков ар бир айылдагы намазканаларды мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү тездетүү, экстремизм, радикализмдин алдын алуу,  ар кандай терс агымдардын азгырыктарынан карапайым калкты оолак кылуу жана аларга туура түшүнүктү берүүдө имамдардын орду, жоопкерчилиги чоң экендигине токтолуп, Муфтияттын, казыяттын  буйруктарын  өз убагында так аткарууга жана отчеттук ишт

Талас облусундагы дин кызматкерлердин демилгеси менен аз камсыз болгондорго 5 үй курулууда

Muftiyat.kg/ 1-октябрь/  Талас облусунун мусулмандар казысы  Таалайбек ажы Бапиев райондун баш имам хатибдерине  жыйын өткөрүп, анын алкагында каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада мамлекеттик каттоодон өткөрүү, имамдардын пландык иштери жана отчеттору, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын буйругуна ылайык дин кызматкерлердин шайлоо өнөктүгүнө аралашпоосу, КМДБ жана казыят тарабынан келген буйруктардын аткарылышы талкууланды.