(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Календарь

03 октября 2017

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору дин аалымы Мухаммад Башар Арафат жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 3-октябрь/ Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс ажы Ибарев  АКШдагы Нотр-Дам университетинин исламий изилдөөлөр боюнча профессору, Мэриленд штатынын Ислам кеңешинин жетекчиси, дин аалымы Мухаммад Башар Арафат,  АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисинин милдетин аткаруучу Алан Мельцер, АКШнын Кыргызстандагы элчисинин коомдук байланыш боюнча кеңешчиси Кристин Марш менен жолугушту.

Сузак районундагы айыл округ имамдары спорттук иш чараларга көңүл бурушууда

Muftiyat.kg/ 3-октябрь/ Жалал-Абад облусунун Сузак райондук хатибиятынын демилгеси менен аталган районго караштуу айыл өкмөттөр аралык дин кызматкерлеринин ортосунда “Ыйман адеп, жана маданият” жылына карата жана экстремизм, терроризмдин алдын алуу максатында айыл округ имамдарынын ортосунда футбол уюштурулуп, Кара-Дарыя, С.Атабеков, Багыш, Сузак айыл округ имамдары оюн талаасында беттешишти.

Азирети Муфтийдин орун басары Түркиянын Ван аймагынын келген кыргыз боордоштор менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 3-октябрь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Түркиянын Ван аймагынын айыл башчысы Кошар Аюбкан жана Ван аймагындагы кыргыз боордоштор менен жолугушту. Вандык кыргыз боордоштор менен болгон жолугшууда айыл башчысы Кошар Аюбкан Вандагы кыргыздардын саламын айтып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгын зыярат кылып, кыргыз элинен кабар алганы келгендигин айтып өттү.

Аалымдар Кенешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Балыкчы шаарынын жашоочулары менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 3-октябрь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кенешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов иш сапары менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына барып,  «Ырыс» борбордук мечитинде шаар тургундары жолугушту. Бул туурасында Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов билдирди.

Баткендеги “Муаз ибн Жабал” медресесине эки кабаттуу заманбап жаткананын курула башталды

Muftiyat.kg/ 3-октябрь/ Баткен шаарындагы “Муаз ибн Жабал” медресесине эки кабаттуу заманбап жатаканынын курулуш иши башталды. Жаткананын капсула коюу иш чарасына облус казысы Муса ажы Жолдошов, аксакалдар, имамдар катышты. Иш чарада облус казысы жатакана студенттер үчүн жеке ишкердин демөөрчүлүгү менен курулуп жаткандыгын белгилеп, казыяттын жана жалпы мусулмандардын атынан ыраазычылыгын билдирди.

Кызыл-Кыяда “Ыйман” комплексинин курулушу башталды

Muftiyat.kg/ 3-октябрь/ Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы "Ыйман" комплексинин курушуна капсула коюу иш чарасы болуп өттү. Иш чарага Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Халмурзаев Абиш Алыбаевич, Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов жана коноктор катышышты.

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязовдун айтымында комплексте шаар тургундары үчүн эс алуу жайы болуп, бардык шарттар түзүлмөкчү.

Токтогул районунда мектеп окуучуларына суицид жана каракчылык боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Muftiyat.kg/ 3-октябрь/ Токтогул районунун Кызыл-Туу айылында жайгашкан  Мулкибат атындагы орто мектебинде жана №4 Н.Биримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында өзүн-өзү өлтүрүүнүн алдын алуу жана каракчылык боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мектеп окуучуларына жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш чарасына райондун имамы, мектеп директорлору, мугалимдер, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, айылдын имамы жана аталган мектептин 8-9-10-11-класстарынын окуучулары катышты.

Баткен облусунун казысынын орун басары чек ара аймактарындагы мечиттердин абалы менен жеринде таанышты

Muftiyat.kg/ 3-октябрь/ Баткен облусунун казсысынын орун басары Нурдин ажы  Мамасабров коңшу  Өзбекстан Республикасынын Сох анклавын аралап өткөн Кан, Тукун-Суу, Кайынды, Саары-Талаа, Жаңырык жана башка тоолуу айылдардагы мечиттердин абалы менен жеринде таанышты.  

Тоң районунун баш имам хатиби имамдардын отчетторун кабыл алып, кыш мезгилине даярдануу тапшырмасын берди

Muftiyat.kg/ 3-октябрь/ Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов баш имамдардын отчетторун кабыл алып, алардын жүрүгүзүп жаткан ишмердүүлүктөрү менен таанышты. Отчеттук жыйында баш имам хатиб берилген тапшырмалардын аткарылышына өзгөчө көңүл буруп, плантык иштеринин аткарылышын талап кылды.

Каракол шаарында азык-түлүктөрдү таза өндүрүү жана анын пайдалары талкууланды

Muftiyat.kg/ 3-октябрь/ Каракол шаарындагы «Ак-Марал» мейманканасынын жыйындар залында ЮНИСЕФдин дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында шаардык мэрия тарабынан маалымат жыйын уюштурулуп, иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, фонддор жана Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков катышты.

Чолпон-Ата шаарында жаштар арасында спорттук турнир өттү

Muftiyat.kg/ 3-октябрь/ Чолпон-Ата шаарындагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында КР Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан Марат уулу Бексултандын жаркын элесине арналган спорттук турнир өткөрүлүп, ага Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев катышты. Турнир футбол жана күрүш оюндары боюнча өспүрүмдөр арасында өтүп,  Чолпон-Ата жана Каракол шаарларынан келишкен курама командалар күч сынашты.