(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Календарь

04 октября 2017

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мектептерде «Адептин жарчылары Ак-Талаада» аталышындагы түшүндүрүү иштери башталды

Muftiyat.kg/ 4-октябрь/ “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Нарын областык администрациясынын буйругу менен мекеме иш каналар Нарын облустук мусулмандар казыяты менен биргеликте облустагы бардык орто мектептерди кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Иш чара 2-октябрдан тарта башталып, Ак-Талаа районунун Ак-Тал, Үгүт, Бай-Көнчөк жана РТС айылдарынын орто мектептери кыдырылып, окуучуларды адептүүлүккө, ыйманга жана маданяттуулукка чакырган атайын лекция өтүлдү.

Майлуу-Суу шаардык хатибияты «Карысы бардын- ырысы бар» аттуу акция уюштурду

Muftiyat.kg/ 4-октябрь/ Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун иш мерчемине ылайык Майлуу-Суу шаардык хатибияттын демилгеси менен 1-октябрь карылар күнүнө карата «Карысы бардын- ырысы бар» аттуу акция уюштурулуп, анын алкагында шаарда жашаган жашы улгайган апалардын, аталардын абалы менен таанышуу, жардам берүү, көңүлдөрүн көтөрүү, алардын ак баталарын алуу, сый-урмат көрсөтүп, шаар хатибият тарабынан даярдалган белек-бечкектерди берүү максатында шаар хатиб Абсатар ажы Эркинбеков баштаган имамдар

Кара-Суу районунда азан айткан 200дөн ашуун дин кызматкерлерин окутуу семинары аяктады

Muftiyat.kg/ 4-октябрь/ Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө жайгашкан “Абдужапар” атындагы Ислам институтунда  Кара-Суу районунун аймагындагы мечиттерде азан айткан кызматкерлерди окутуунун 1-айлампасы аяктады. Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Казынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков жана Кара-Суу районунун башкы имам-хатибинин орун басары Сулайман ажы Шерматовдор катышты.

Ош облусунун казысы Кара-Суу районундагы диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышууда

Muftiyat.kg/ 4-октябрь/ Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев казыят кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл округунда жайгашкан "Кутбидин уулу Сабохиддин ажы" атындагы медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жай жетекчиси Юлдашбай Муйдинов жаңы окуу жылындагы окуу процесстери, КМДБ тарабынан бекитилип берилген окуу программасынын аткарылышы жана кышка карата чарбалык даярдыктар боюнча маалымат берди.