Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Календарь

05 октября 2017

Самидин кары Атабаев: «Медреселерди өнүктүрүүдө илимий-интеллектуалдык атаандаштыкты жаратуу зарыл!”

Muftiyat.kg/ 5-октябрь/  Мындай пикирин бүгүн, 5-октябрда Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүндө жайгашкан “Имам ат-Термизий” медресесинин окуучулары менен жолугушууда билдирди. Жолугушуунун алкагында казыят кызматкерлери, окуу жайдын эмгек жамааты жана окуучулар менен биргеликте илимий жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө окуучулардын билим деңгээлин текшерүү максатында ар тармактуу илимий жана интеллектуалдык тапшырмалар берилип, коноктор менен окуучулар ортосунда ачык талкуу жүргүзүлдү.

Ош облусунун казысы Ноокат районундагы диний окуу жайлардын кышка даярдыгын текшерүүдө

Muftiyat.kg/ 5-октябрь/ Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыят кызматкерлери Ноокат районунун аймагындагы диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү жана кышка карата даярдыгы менен жеринде таанышып башташты.

Каракол шаарында «Ыймандуу жана маданияттуу коом-мамлекеттин бүтүндүгү жана элдин биримдиги» аталышындагы форум өттү

Muftiyat.kg/ 5-октябрь/ «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Каракол шаарында КР Ɵкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан «Ыймандуу жана маданияттуу коом-мамлекеттин бүтүндүгү жана элдин биримдиги» аталышындагы форум өткөрүлдү.

Ноокендеги жалгыз бой жашаган Алимжан аксакалга райондук хатибият тарабынан жардамдар берилди

Muftiyat.kg/ 5-октябрь/ Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидиновдун тапшырмасы менен райхатибдин орун басары Мелис Кадырбеков 1-октябрь  карылар күнүнө карата Арал айыл аймагына караштуу жергиликтүү айыл аксакалдары менен жолугушту.

Майлуу-Суу шаарында өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун алдын алуу максатында өткөрүлгөн тегерек столдо атайын иш мерчем кабыл алынды

Muftiyat.kg/ 5-октябрь/ Майлуу-Суу шаардык мэриясынын жыйындар залында шаардык ички иштер башкармалыгы мэрия менен биргеликте шаар аймагында жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, өспүрүм курактагы кош бойлуулукту, суициддин жана экстремизмдин алдын алуу,  болтурбоо максатында тегерек стол өткөрдү.

Бишкекте курулуп жаткан эң ири мечиттин ысымы белгилүү болду

Muftiyat.kg/ 5-октябрь/ Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсуддин Үнал Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана Муфтият кызматкерлери менен жолугушуп, Бишкек шаарында курулуп жаткан Орто Азиядагы ири мечиттин курулуш иши жана мечиттин иштөө тартиби боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун талкуулашты.