(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Календарь

06 октября 2017

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Араван районунун тургундары менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 6-октябрь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Ош облусуна болгон сапарынын алкагында Араван районундагы “Ар-Рохма” атындагы борбордук мечитинде жалпы райондун эли менен жолугушту. Аталган жолугушууга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, райондун башкы имам-хатиби Умарали ажы Муратов жана райондун аймактарынан келген беш миңге чукул жашоочулар катышышты.

Нурбек кары Орунбаев «Абдыжапар» Ислам институтунун ректору болуп дайындалды

Muftiyat.kg/ 6-октябрь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин 2017-жылдын 3-октябрындагы №256 буйругуна ылайык Абдуразак Мурзабаевдин өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде Кара-Суу районунда жайгашкан «Абдыжапар» Ислам институтунун ректору кызматынан бошотулду. Азирети Муфтийдин ушул эле буйругуна ылайык «Абдыжапар» Ислам институтунун ректору болуп Нурбек кары Орунбаев дайындалды.

Мамлекетибиздин туруктуулугу жана кызыкчылыгы барыбыздын кызыкчылыгыбыздан жогору туруш керек

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: «Мамлекетибиздин туруктуулугу жана кызыкчылыгы барыбыздын кызыкчылыгыбыздан жогору туруш керек»

Базар-Коргондун баш имам хатиби район акими менен жолугушуп, жол кырсыктарынын алдын алуу иш чарасын уюштурууну пландашты

Muftiyat.kg/ 6-октябрь/ Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Бегимкулов Айбек Карыбекович менен жолугушуп, коомдук жайларда өзүн-өзү алып жүрүү жана жол кырсыктарынын алдын алууну уюштуруу иш чарасы демилгеленди.

Ош облусунун казысы "Молдо Таабалды ажы" медресесинде жүрүп жаткан курулуш иштеринен кабар алды

Muftiyat.kg/ 6-октябрь/ Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Ноокат районуна болгон иш-сапарынын алкагында Кара-Таш айыл округунда жайгашкан "Молдо Таабалды ажы" атындагы медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш-чарага казыят кызматкерлери жана медресе мүдүрү Убайдулла Сатибаев катышты.  Иш чаранын журүшүндө аталган топ медресенин окуу процесстеринин жүрүшү, окуучуларга түзүлгөн шарттар менен таанышышты. Ошондой эле медресенин иш кагаздарын жүргүзүүсү текшерилип, консультациялык жардамдар берилди.