Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Календарь

09 октября 2017

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Казань шаарындагы «Halal Guide» компаниясынын негиздөөчүсү менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 9-октябрь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Татарстан Республикасынын Казань шаарындагы «Halal Guide» компаниясынын негиздөөчүсү Айрат Касимов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Эне жегиси келген эки алма

Баланын колунда эки алма бар эле. Жанында турган энеси уулуна кайрылып:
– Балам, алдагы эки алмаңдын бирөөсүн бере аласыңбы, жегим келип атат? – деп сурап калат. Бала дароо эле ойлонбой туруп оң колундагы алманы тиштеп жиберет. Анан экинчи алманы да тиштейт.
Уулунун мындай кылыгын көргөн апасы шагы сынган бойдон шилекейин жута албай жаман болуп туруп калат.

Жалал-Абад облусунун казысы Базар-Коргондогу “Куран жаттоо - тахфиз” окуу борборунун курулушу менен жеринде таанышты

Muftiyat.kg/ 9-октябрь/ Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун Базар-Коргон районуна болгон иш сапарынын алкагында “Ак-Тайлак-Ата” борбордук мечитининин жанында курулуп жаткан “Куран жаттоо - тахфиз” окуу борборунун курулушу менен жеринде таанышты. Таанышуунун алкагында курулуп  жаткан  окуу борбордун   ички  жана тышкы долбоорун карап чыгып,  өзүнүн сунуш-пикирлерин ортого салып, куруучуларга ыракмат айтып, ыраазычылыгын билдирди.

Базар-Коргон районундагы дин кызматкерлери бешим баянын уюштуруп туруу чечимин кабыл алышты

Muftiyat.kg/ 9-октябрь/ Ханафий мазхабынын жана Матрудия  акыйдасынын негизинде фикх, хадис, хаяту сахаба, тафсир, акыйда сыяктуу китептердин  негизинде мечитке бешим намазына келгендер үчүн атайы сабактарды өтүп туруу чечими Базар-Коргон райондук хатибияттын иш кеңсесинде өткөн имамдардын кезексиз жыйынында кабыл алынды.