Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Календарь

10 октября 2017

Өзгөн хатибияты райондогу балдардын мектеп-интернатына азык-түлүк түрүндөгү жардамын тапшырышты

Muftiyat.kg/ 10-октябрь/ Өзгөн районунун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев баштаган хатибият кызматкерлери Мырзаке айылындагы “Марат Разаков” атындагы балдардын мектеп-интернатынан кабар алышып, кайрымдуулук иш чарасын өткөрүштү. Иш-чаранын алкагында интернатта билим алган 181 бала үчүн азык-түлүк жардамдары тапшырылды.

Ош шаарынынын казысы бир катар мечит имамдарына эскертүү берди

Muftiyat.kg/ 10-октябрь/ Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечитинин жыйындар залында шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев аймактагы бардык имамдар менен биргеликте жыйын өткөрүп, анын алкагында имамдардын жоопкерчилиги, адептүүлүгү жана мечиттердин тазалыгы туурасындагы маселелерди карап, бир катар имамдарга эскертүү берди. Муну менен катар  шаар казысы мечиттердин тазалыгын катту көзөмөлдөө жагын имам хатибдерге милдеттендирип, бул жааттагы иштердин аткарылышын өзү көзөмөлгө ала тургандыгын маалымдады.

Талас облусунун казысы Талас мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуп, жаштарды адептүүлүккө чакырды

Muftiyat.kg/ 10-октябрь/ Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев, казынын орун басарлары Касым ажы Сыдыков, Медер ажы Сагынбаев Талас мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуп, экстремизм жана терроризмди алдын алуу максатында  түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Студенттер менен болгон жолугушууга университеттин кызматкерлери катышып, мугалимдер окуунун пайдасы жана окутуучуларды урматтоо боюнча баяндама жасашса, облус казысы жаштарды адептүүлүкө жана  ынтымакка чакырды.

Эртең, 11-октябрда Кыргызстан Ислам Университетинин конференц залында “Келечек-ыймандуу жаштарда” аттуу тегерек стол өткөрүлөт

Muftiyat.kg/ 10-октябрь/ Эртең, 11-октябрда Кыргызстан Ислам Университетинин конференц залында “Келечек-ыймандуу жаштарда”  аттуу тегерек стол өткөрүлөт.

ПРОГРАММА

10.30 -Катышуучу коноктор менен  тааныштыруу

10.35-10.50 - Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын  орун басары, КИУнун ректору Ибраев Марс Кайыпович: “Илимдүү жана  тарбиялуу жаштар күчтүү коомдун келечеги”

10.50-11.00-Талкуу, суроо-жооп

Сауд Арабияда өтүп жаткан дүйнөлүк Куран жарышында Кыргызстандын атынан эки студент ат салышууда

Muftiyat.kg/ 10-октябрь/ Сауд Арабиянын Мекке шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк Куран жарышында 30 пара Куранды жатка окуу боюнча Кыргызстандын атынан Кыргызстан Ислам Университетинин 2 курсунун студенти Зарипов Усмон жана Баткен районунун Карабак айылындагы “Нур” Куран жаттоо медресесинин студенти Акылбек уулу Өмүрбек ат салышууда.

Балыкчы шаардык хатибиятынын демилгеси менен шаардагы 50 жакыр үй-бүлө 50 тонна көмүр менен камсыздалды

Muftiyat.kg/ 10-октябрь/ Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык хатибиятынын жана баш имам хатиб Чойбек ажы Исакуновдун демилгеси менен 50 жакыр үй-бүлөгө 1 тоннадан көмүр таратылды. Бул туурасында шаар хатиби Чойбек ажы Исакунов билдирди.

«Буга чейин жетим-жесир жана жакыр 50 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон болсо, бүгүн кышка карата даярдык көрүлүп, 50 тонна көмүр менен камсыздалды»,-деди шаар хатиби.

Базар-Коргондун Чек айылынын имамы өз каражатынын эсебинен узундугу 1130 метр арык каздырып берди

Muftiyat.kg/ 10-октябрь/ Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын имамы Гайратжан Исмановдун иш аракеттери менен таанышып чыгып, имам өз каражатынын эсебинен 1 километр 130 метр жерге  арык  каздырып бергендигин жеринен көрүп, ыраазычылыгын билдирди.

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов жана Азирети муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев иш сапары менен Нарын облусунда болушту

Muftiyat.kg/ 10-октябрь/  Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов жана Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Замир кары Ракиев кечээ, 9-октябрь күнү Нарын шаарына атайын илимий сапар менен келишип, казыяттын ишмердүүлүгү, медреселердин окуу тармагындагы программалар менен жеринде таанышышты.

Ош облусунун казысы Өзгөндөгү “Имам Сарахсий” медресесинин ишмердүүлүгүн жеринде текшерди

Muftiyat.kg/ 10-октябрь/ Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Өзгөн шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Имам Сарахсий” атындагы медресени зыярат кылып, анын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Иш чарага казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров, окуу жай жетекчиси Абдынур Нуркулов катышып, медресенин жаңы окуу жылына карата окуу процесстери, иш-кагаздарын жүргүзүү ишмердүүлүгү жана кыш мезгилине көрүлгөн даярдыгын текшерилди.

Базар-Коргон районундагы мектеп окуулары арасында зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери улантылууда

Muftiyat.kg/ 10-октябрь/ Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн ыраттаманын негизинде Базар-Коргон районунун баш имам хатибинин орун басары Султан ажы Манасов райондук билим берүү бөлүмүнүн, РИИБ жана райондук хатибият кызматкерлери  менен биргеликте өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун, суициддин, ошондой эле экстремизм-терроризимдин, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жалал-Абадда имамдардын квалификациясын жогорулатуу семинары башталды

Muftiyat.kg/ 10-октябрь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын  Коргоо Кеңешинин чечиминин №19-пунктунун 4-беренесин ишке ашыруу максатында Жалал-Абад курортунда имамдардын квалификациясын жогорулатуу семинары башталды.  Семинардын алкагында дин кызматкерлер  имамдын этикасы, Ислам баалулуктары, маданият, ошондой эле, мамлекет, мыйзам жана дин тууралуу  кеңири маалыматтарга ээ болушат.