Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Календарь

11 октября 2017

Кочкор-Ата шаарчасындагы жергиликтүү тургундар жаштар арасында Куран жарышын өткөрүштү

Muftiyat.kg/ 11-октябрь/ Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Молдалы уулу Айдаралы ажынын жаркын элесине арналып Куран жарышы уюштурулуп, ага аймактагы ыйык Куранды жат билген карылар ат салышты. Куран жарышка Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров, райхатиб Абидинов Ашим жана Кочкор-Ата шаарынын баш имамы Маматкасым Ибрагимов калыстык кылышып, жеңүүчүлөрдү аныкташты.

Кыргызстан Ислам Университетинин конференц залында “Келечек-ыймандуу жаштарда” аттуу тегерек стол өтүүдө

Muftiyat.kg/ 11-октябрь/ Кыргызстан Ислам Университетинин конференц залында “Келечек-ыймандуу жаштарда”  аттуу тегерек стол өтүүдө. Иш чаранын катышуучулары экстремизм, терроризм жана радикализмдин алдын алууда биргеликте иш алып баруу менен жаштардын ыйманын, адебин жана маданиятын көтөрүү жаатында өз ойлору менен бөлүшүүдө.

Ош облусунун казысы “Абдурахман ибн Ауф” медресесинде түзүлгөн шарттарга жогорку баасын берди

Muftiyat.kg/ 11-октябрь/ Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев казыят кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл округунда жайгашкан “Абдурахман ибн Ауф” атындагы медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш чарага Кара-Суу районунун башкы имам-хатиби Сүйүнбай ажы Калыков,  медресе мүдүрү Рахматулла Басиров жана окуу жайдын эмгек жамааты катышышты.

Ош шаарында кайрымдуу инсандардын көмөгү менен 34 жетим бала сүннөткө отургузулду

Muftiyat.kg/ 11-октябрь/ Ош шаарындагы Амир Тимур кичи шаарчасында кайрымдуу инсандардын көмөгү менен 34 жетим бала сүннөткө отургузулду. Иш чарага Ош шаарынын казысы Убайдула ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, мечит имамдары жана жергиликтүү тургундар катышып, жардам колун сунгандарга ыраазычылык билдирди.

Ал эми облус жана шаар казысы мындай кайрымдуулук иштерин өткөрүү коомчулук үчүн абдан маанилүү экендигин айтышып, бул иш дагы да улантылуусу керек экендигин билдиришти.