(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Календарь

12 октября 2017

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматовдун кыргыз элине болгон кайрылуусу

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.

Кадырлуу калкым, урматтуу Кыргызстандык мекендештер!

Таласта диний окуу жайлар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында спорттук иш чаралар уюштурулууда

Muftiyat.kg/ 12-октябрь/ Таласта диний окуу жайлар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында футбол оюну уюштурулууда. Бул жолку мелдеште "Али ибн Аби Толиб", "Бакай-Ата" жана "Үкү-Ата" медреселери ат салышып, оюн талаасында беттешишти. Ар бир тарап өздөрүнүн ар намыстарын сактоо үчүн көрүүчүлөргө кызыктуу оюн тартуулап беришип, беттеш жогорку деңгээлде өттү. Ал эми облустук казыяттын айтымында мындай спорттук иш чаралар дин кызматкерлеринин ортосундагы байланышты бекемдөө максатында мындан ары дайыма өткөрүлүп турмакчы.

Кадамжайдагы имамдар 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Muftiyat.kg/ 12-октябрь/ Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылынын «Баяман» мечиттинде райондун баш имам хатиби Аскарали ажы Мырзаев аймактагы имамдар менен  жыйын өткөрүп, 9 ай ичиндеги жетишкендиктерге токтолуп, Ислам динин туура багытта жеткирүүдөгү иш арекеттери үчүн алдынкы деген имамдарга ыразычылык билдирип, бардык имамдардын иштерине ийгиликтерди каалады.

Талас облусундагы Али ибн Аби Толиб медресесине кыздар үчүн 50 орундуу жаңы имарат курула башталды

Muftiyat.kg/ 12-октябрь/ Талас облустук казыятына караштуу "Али ибн Аби Толиб" медресесине кыздар үчүн 50 орундуу жаңы имараттын курулушу башталды.  Имараттын курулушунун пайдубалынын түптөө саамалыгына Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев, казынын орун басарлары Касым ажы Сыдыков жана Медер ажы Сагынбаев, окуу жайдын жалпы эмгек жамааты жана демөөрчүлөр катышышты.

Ош шаардык казыятынын кызматкерлери жаштарды билимдүү болууга үндөп, бош убакытты текке кетирбөөгө чакырышууда

Muftiyat.kg/ 12-октябрь/ Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Ош шаардык мусулмандар казыятынын кызматкерлери жаштарга адептүүлүктү жана ыймандуулукту үйрөтүп, аларды билимдүү болууга үндөөдө.

Токтогул районунун Камыш-Башы айылында эски мечиттин ордун жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Muftiyat.kg/ 12-октябрь/ Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Өзгөрүш айылын өкмөтүнө караштуу Камыш-Башы айылында заманбап үлгүдөгү “Нанай” атындагы мечит ишке берилди. Мечиттин ачылыш иш чарасына Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын үгүт-насаат жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Арпидин ажы Жороев, Токтогул районунун баш имам хатиби Алипбай Борошбаев, айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Айбек Үметалиев, Бишкек жана Кара- 200гө жакын адам катышты.