(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Календарь

13 октября 2017

Азирети Муфтий кыргыз элин ынтымакка үндөп, мамлекеттин тынчытыгы менен бүтүндүгү бардыгынан маанилүү экендигин билдирди

Muftiyat.kg/ 13-октябрь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн улуу жума күнү Бишкек шаарындагы борбордук мечитте эл ичиндеги ынтымак жана биримдиктин мааниси туурасында жума баянын өтүп,  жалпы кыргыз элин ынтымакка чакырды. Ошондой эле Азирети Муфтий алдыда тарыхий күн келе жаткандыгын айтып, бул күн  душмандашуунун күнү эмес достуктун жана кайгынын эмес майрамдын күнү болушун Жараткандан тилеп дуба кылды.

Ош шаарында «Умму Аиша» атындагы кыздардын окуу борбору ачылды

Muftiyat.kg/ 13-октябрь/ Ош шаарынын Амир Тимур кичи шаарчасында «Умму Аиша» атындагы кыздардын диний окуу борбору ачылды. Борбордун ачылыш салтанатына  Ош шаарынын мэрии А. Кадырбаев, ДИМКтин түштүк бөлүмүнүн  башчысы И. Мурзабеков, Сауд Арабия мамлекетинен доктор Абдуллатиф Балту, доктор Саид, шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, облус казысы Самидин кары Атабаев жана жеригликтүү тургундар катышты. 

Ала-Букадагы дин кызматкерлер жол кырсыктарды болтурбоо үчүн айдоочуларга түшүндүрүү иштерин башташты

Muftiyat.kg/ 13-октябрь/ Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык Ала-Бука райондук хатибият кызматкерлери жана  райхатиб Шумкарбек ажы Чыналиев жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча атайын иш чараларды уюштурууну демилгелешти. Иш чаранын алкагында райхатиб Ала-Бука райондук автобекеттин жетекчиси Абдисамат Сатымкулович менен жолугушуп, алдыда боло турган иш чараларды пландашты.

Тоң районунун баш имам хатиби аймактагы имамдардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышууда

Muftiyat.kg/ 13-октябрь/ Тон районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов Көл-Төр жана Тогуз-Булак айылдарына иш сапары менен барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушууда баш имам хатиб жергиликтүү жашоочуларды биримдике, ынтымакка, адилеттүүлүккө чакырды.

Кара-Көл шаарында муктаж үй-бүлөлөргө 68320 сомдук жардам көрсөтүлдү

Muftiyat.kg/ 13-октябрь/ Кара-Көл шаарындагы уюштурулган «Мүрөк-К» кайрымдуулук фонду тарабынан шаар аймагында атайын кайрымдуулук дүкөнү ачылып, 30 миң сомго бир жарым тонна картөшкө, 12820 сомго  641 килограмм пияз,  9 миң сомго 30 килограмм бал, 5 миң сомдго кыздардын кийим-кечелери, 2 миң сомго жаш жеткинчектер үчүн кышкы кийимдер, 700 сомго байпак, 800 сомго жылуу кийим, 2 миң сомго бут кийимдер, 6 миң сомго мектеп окуучулары үчүн окуу куралдары, кийим-кече, күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш жана азык-түлүктөрү турмуш шар

Жалал-Абадда диний окуу жайлар арасында көчмө семинардын ырааттамысы бекитилип, студенттер арасында олимпиада уюштурулмакчы

Muftiyat.kg/ 13-октябрь/ Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закировдун иш мерчемине ылайык Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында облус аймагына караштуу диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, окуу бөлүм башчылары үчүн атайы жыйын өткөрүлдү.

Акылбек уулу Өмүрбек: “Дүйнөлүк Куран жарышка катышуу менин келечегим үчүн чоң стимул болду”

Muftiyat.kg/ 13-октябрь/ Сауд Арабиянын Мекке шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк Куран жарышында Баткен районунун Карабак айылындагы “Нур” Куран жаттоо медресесинин студенти Акылбек уулу Өмүрбек жана Кыргызстан Ислам Университетинин 2 курсунун студенти Зарипов Усмон 30 пара Куранды жатка окуу боюнча Кыргызстандын намысын коргошту.

Акылбек уулу Өмүрбектин айтымында эки жумага созулган Куран жарышы жогорку деңгээлде өттүп, сынактын  жүрүшүндө Мекке шаарындагы тарыхый жерлерге зыяраттар уюштурулган.