(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
06:26
Күн чыгышы
08:00
Бешим
12:49
Аср
15:50
Шам
17:37
Куптан
18:55

Календарь

01 ноября 2017

Ошто казыят кызматкерлери жана мечит имамдары аттестациядан өтүштү

Muftiyat.kg/ 1-ноябрь/ Ош шаарынын борбордук Алай “Имам Аль-Бухарий” атындагы мечитинде  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын түзүмүндөгү диний кызматкерлерди конкурстан жана аттестациядан өткөрүү боюнча комиссиясы тарабынан  Ош облустук казыятынын штаттык кызматкерлери жана Ош облусундагы мечит имамдары аттестациялык сынактан өткөрүлдү.

Талас облусундагы имамдар диний окуу жайлар менен биргеликте спорттук иш чараларды уюштуруп турууну колго алышты

Muftiyat.kg/ 1-ноябрь/ Талас облусунун Бакай-Ата районунун баш имам хатиби Абдумажид ажы Сагынбаевдин уюштуруусунда имамдар жана медреселер арасында футбол оюну боюнча турнир өттү. Спорттук турнир Кызыл-Сай айылында уюштурулуп, жалпы катышуучулар мыкты оюн курушту. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Үкү-Ата медресеси, 2-орунду Али ибн Аби Толиб медресеси ээлесе, 3-орунду Бакай-Ата районунун имам хатибдери камсыздай алышты.

Эскерте кетсек, кийинки спорттук иш чараны Үкү-Ата медресеси Талас районунда уюштурмакчы.

Медреселерге кесип үйрөткөн долбоор жакшы натыйжа берди

Muftiyat.kg/ 1-ноябрь/ Медресе жаштарын кесипке үйрөткөн долбоор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абдан жакшы жыйынтыктарды берүүдө. Ал жерде “Тигүүчү”, “Ашпозчу” жана “Компьютерди колдонуучу” деген адистикти үйрөнүп чыккан жаштар азыр өз алдынча иштеп, каражат таба баштады. Буга чейин Жалал-Абаддагы медреседе ашпозчулук кесипти үйрөнүп чыккан кыздар азыр ошол жерде кондитердик цех куруп жатышканын “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун менеджери Нарынбек Кыдыргычев билдирди.