Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
06:26
Күн чыгышы
08:00
Бешим
12:49
Аср
15:50
Шам
17:37
Куптан
18:55

Календарь

02 ноября 2017

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын араб тили жана теология факультеттери арасындагы «Адам көркү адеп» аттуу конкурс өтөт

Muftiyat.kg/ 2-ноябрь/ Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында Кыргызстан Ислам Университети теология жана араб тили факультеттери арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында «Адам көркү адеп» аттуу чыгармачылык конкурсун жарыялады. Конкурска Кыргызстан Ислам Университети, И. Арабаев атындагы КМУнун теология  факультети, М. Кашгари атындагы Чыгыш университетинин “Араб тил” факультети жана К. Карасаев атындагы БГУнун “Араб тил” факультети катышмакчы.

Кыргызстан Ислам Университети ноябрь айын "Илим-билим" айы деп жарыялады

Muftiyat.kg/ 2-ноябрь/ Кыргызстан Ислам Университети ноябрь айын "Илим-билим" айы деп жарыялады. Бул айдын алкагында Кыргызстан Ислам Университети теология жана араб тили факультеттери арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында ”Адам көркү адеп” аттуу чыгармачылык конкурсун өткөрөт. Ал эми Кыргызстан Ислам Университетинин студенттери арасында пайгамбарыбыздын (с.а.в) өмүр таржымалы боюнча китеп окуу конкурсу жана илим-билимге байланыштуу мугалимдер ортосунда семинар, лекциялар уюштурулаары пландалууда.

Майлуу-Суу шаарында дин кызматкерлер менен ак халатчандар кургак учуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин башташты

Muftiyat.kg/ 2-ноябрь/ Майлуу-Суу шаарында шаардык оорукананын жана шаардык хатибияттын демилгеси менен Борбордук Азия колледжинин студенттери менен жолугушуу уюштурулуп, ага үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери К.Ж.Кайбалиева, шаар хатиби Абсатар ажы Эркинбеков, аталган окуу жайдын мугалимдери, 50дөн ашык студенттер катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө жаштарга "Чылым чегүүнүн, спирттик ичимдиктерди ичүүнүн кесепеттери" тууралуу видео-роликтер көрсөтүлүп, теманын негизинде талкуу жүргүзүлдү.

Масы айылында 180 орундуу жатак мектеп пайдаланууга берилди

Muftiyat.kg/ 2-ноябрь/ Ноокен районунун Масы айыл аймагында ата-энесинен ажыраган балдар үчүн 180 орундуу жатак мектеби курулуп, пайдаланууга берилди. Аталган мектепте социалдык жактан коргоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жатып билим алышат. Бул боюнча Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов маалымдады.

Алла досторунун аты жазылган дептерде барсызбы?

Ибрахим Адхам бир күнү түшүндө колуна дептер алып жүргөн Жабрайилди (алейхиссалам) көрүп:

- Колуңдагы эмне болгон дептер? – деп сурайт. Ал болсо:

- Алла досторунун аты жазылган дептер, - деп жооп берет.

- Менин ысмым да жазылуубу? – дегенде:

- Жок, сенин ысымың Алла досторунун ичинде жок, - дейт.

Капаланган Ибрахим Адхам бул сапар минтип сурайт:

- Макул, менин ысымым Алла досторунун ичинде жок болсо, Алла досторун сүйгөндөрдүн ичинде жок бекен?

- Бар!

- Анда эмнеге турасың?

Жети-Ɵгүз районунун Ичке-Булун айылындагы борбордук мечиттин дааратканасы заманбап үлгүдө жаңыланды

Muftiyat.kg/ 2-ноябрь/ Ысык-Көл облусунун Жети-Ɵгүз районунун Ичке-Булун айылындагы борбордук мечиттин  дааратканасы толугу менен жаңыланып, жарандар үчүн бардык шарттар түзүлдү. Бул туурасында райондун баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогулов билдирди. Баш имам хатибдин айтымында мечиттин дааратканасын жаңылоо үчүн ОсОО «Элдан» иш канасынын жетекчиси Байзаков Кантемир  курулуш иштерине 200 миң сом өлчөмүндө демөөрчүлүк кылылган. 

Ош шаарынын казысы ОшМУнун студенттери менен жолугушуп, жаштарды ата-энени урматтоого чакырууда

Muftiyat.kg/ 2-ноябрь/ «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ОшМУнун «Бизнес жана менеджмент» факултетинин студенттери менен «Ыйман» темасында баарлашып, өзүнүн чакан баяндамасын жасап берди. Ал эми шаар казысы студенттерге ыймандын баалуулугу жана анын коомдогу ордун баса белгилеп, ата-энени, мугалимдерди урматтоого чакырып, келечектеги жаштарга үлгү болууга үндөдү.