Кимде-ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат!

Намаз убактысы

Багымдат
06:26
Күн чыгышы
08:00
Бешим
12:49
Аср
15:50
Шам
17:37
Куптан
18:55

Календарь

03 ноября 2017

Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары арасында өтүп жаткан Эл аралык олимпиадада Кыргызстандан барган окуучулар алдыкы байгелүү орунга ээ болушту

Muftiyat.kg/ 3-ноябрь/ 26-октябрдан 5-ноябрга чейин Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары арасында жалпы билим берүүчү бардык предметтер боюнча Эл аралык олимпиада өтүүдө. Олимпиада Түркия мамлекетинде өтүп, ага Кыргызстандан жалпы билим берүүчү «Наима»   мектебинен 8 окуучу катышып, алдыңкы 4 орунду багындырышты.

1-орун – Майрамбек кызы Медина (биология)

2-орун – Чынгыз кызы Айкокуль (орус тили)

Майлуу-Суу шаарындагы мечиттер жылууланып, кышка карата камылгалар көрүлүүдө

Muftiyat.kg/ 3-ноябрь/ Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен Майлуу-Суу шаарындагы мечиттерде кышка карата даярдык иштери жүргүзүлүп жаткандыгын шаар хатиби Абсатар ажы Эркинбеков билдирди. Анын айтымында “Абдуллах ибн Масъуд" атындагы борбордук мечитинде от жагылуучу меш оңдолуп,  терезелер жылууланган. Ошондой эле шаарга караштуу Сары-Бээ айылындагы "Баба-Ата" мечитинин айланасы тазаланып, короосу тозулуп, жылытуу иштерине камылгалар көрүлүүдө.

Чаткал жана Ала-Бука райондоруна караштуу имамдар иш жүзүндө тажрыйба алмашышты

Muftiyat.kg/ 3-ноябрь/ Чаткал районунун баш имам хатиби  Кубанычбек ажы Токонов жана Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиевдин демилгеси менен Сумсар айыл аймагында имамдардын билим деңгээлин көтөрүү, тажрыйба алмашуу максатында сабак уюштурулду. Бул сапар Чаткал районунан Сумсар, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн имамдары жана Ала-Бука районунан 1-Май айыл өкмөтүнүн имамдары катышышты.