Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
06:26
Күн чыгышы
08:00
Бешим
12:49
Аср
15:50
Шам
17:37
Куптан
18:55

Календарь

12 ноября 2017

Баткенде майып жубайларды колдоо марафону өттү

Muftiyat.kg/ 12-ноябрь/ Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында Баткен шаарынын  жашоочусу  майып жубайлар Элмурат Гаипов менен Кундуз Маматовага көмөк көрсөтүү максатында кайрымдуулук марафон  өттү. Иш чарага аймактагы мекеме ишканалар, кайрымдуулук кылуну каалаган жарандар катыштып, өздөрүнүн жардамдарын беришти.

Баткендеги жаштар диний тематиканын ММКда чагылдырылышы жана алардын жаштарга тийгизген таасирин талкуулашты

Muftiyat.kg/ 12-ноябрь/ Баткен шаарындагы жаштар уйүндө «Диний тематиканы массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда чагылдырылышы жана алардын жаштарга тийгизген таасири» аттуу темада  талкуу болуп өттү. Жаштар  лидери Чыңгыз Көлчүевдин айтымында дискуссиянын  максаты жаштардын медиа булактардан алган маалыматтарды анализдеп жасаган практикасын билүү жана алынган маалыматтарды кантип анализ жасоо керектиги каралган.

Баткенде волейбол боюнча медреселер аралык таймаш өттү

Muftiyat.kg/ 12-ноябрь/ Баткен облуснун аймагындагы медреселер арасында спорттун волейбол оюну боюнча мелдеш болуп өтүп, ага казыят кызматкерлери, медресе мугалимдери жана  5 команда катышты. Облустук казыяттын мечит-медреселер боюнча адиси Жайнаков Заирбектин айтымында спорттук мелдеш 2017-жыл “Ыйман,адеп жана маданият” жылына карата өткөрүлдү. Оюнда женген команда түштүк аймагы боюнча өткөрүлүүчү мелдешке катышууга жолдомо алышты. Оюнга тажрыйбалуу машыктыруучулар калыстык кылып, өз бааларын беришти.

Манас районуна караштуу Май айылынын борбордук мечитине кошумча чатыр орнотулду

Muftiyat.kg/ 12-ноябрь/ Талас облусунун Манас районуна караштуу Май айылынын борбордук  мечитине Ибраимов Израил аттуу жеке ишкердин демөөрчүлүгү менен кошумча чатыр жабылып, ага 550 миң сом сарпталды. Мечиттин алдыңкы тарабына орнотулган чатыр менен райондун баш имам хатиби жеринде таанышып чыгып, айыл элинин атынан терең ыраазычылыгын билдирүү менен мындай кайрымдуу иштердин сообу эбегейсиз экендигин баса белгиледи.

Чолпон-Ата шаарында имамдардын квалификациясын жогорулатуучу апталык окуу семинары башталды

Muftiyat.kg/ 12-ноябрь/ Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик  резиденциясында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана «Ыйман» фонду тарабынан  уюштурулуп келген имамдардын билимин жогорулатуучу окуу семинары өз ишин баштады. Имадар үчүн уюштурулуп жаткан апталык окуу семинарынын алкагында Ханафий мазхабы,  акыйда, фыкх жана шарият илимдери боюнча сабактар окутулуп, дин аалымдарынын баяндамаларына күбө болушмакчы.

Баткен телеканалынын кызматкерлери облустук казыяттын ардак грамотасы менен сыйланышты

Muftiyat.kg/ 12-ноябрь/ Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан  үзүрлүү эмгеги, коомчулукка туура диний маалыматтарды жайылтууда, элибиздин биримдиги, ынтымагын бекемдөөдө ошондой эле  7-ноябрь “Кыргыз Республикасынын маалмат жана басма сөз” күнүнө  карата Баткен облустук мамлекеттик телеберүү компаниясынын башкы директору Бердишев Мамжан Молдоевич жана “Ислам маданияты” теле берүүсүнүң алып баруучусу,  Махамат кызы Асылкан ошондой эле улук оператору Орозалиев Адыл Орозалиевич ардак грамота менен сый

Манас районунун баш имам хатиби айыл аксакалдары менен биргеликте жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзөт

Muftiyat.kg/ 12-ноябрь/ Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы  Дадабаев Покровка, Үч-Коргон айылдарынын аксакалдары жана жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, анын  алкагында жетим-жесирлерге камкордук кылуу, кайрымдуулук иштерин күчөтүү жаатында пикир алышты. Муну менен катар баш имам хатиб Покровка, Үч-Коргон айыл тургундарын ынтымактуу болууга үндөп, жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө айыл аксакалдарынын орду чоң экендигин баса белгиледи.

Кызыл-Кыяда жергиликтүү бийлик менен дин кызматкерлери ортосунда тыгыз кызматташуу боюнча кеңешме өттү

Muftiyat.kg/ 12-ноябрь/ Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жыйындар залында дин кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик ортосунда  тыгыз кызматташуу боюнча кеңешме болуп өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери катышты.

Талас облусунун казысы шаар тургундары менен жолугушуп, жергиликтүү жашоочуларды ар кандай азгырыктардан оолак болууга үндөдү

Muftiyat.kg/ 12-ноябрь/ Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев Талас шаарындагы борбордук "Аль-Ааль Байт" мечитинде жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, эл ичиндеги ынтымактын маанилүүлүгү жана өлкөнүн тынчтыгы туурасында баяндамасын жасап, коомчулукту биримдикке, достукка жана ынымакка чакырды.

Манас районунун Көк-Дөбө айылдык мечити жергиликтүү жарандардын демөөрчүлүгү менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, түнкү чырактар орнотулду

Muftiyat.kg/ 12-ноябрь/ Талас облусунун Манас районунун Көк-Дөбө айылындагы Көк-Дөбө айылдык мечитинин айланасы ирээтке келтирилип, бир катар оңдоп-түзөлөр жүргүзүлдү. Мечиттин сырткы короосу толук курчалып, жаңы дарбаза орнотулду. Ошондой эле мечиттин алдындагы 55 метр тротуар цементтелип, мечитке түнкү шам чырактар орнотулду.