Кимде-ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат!

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Календарь

04 января 2018

Мекке жана Мадина багыты боюнча жогорку ылдамдыктагы поезд жүрө баштады

Muftiyat.kg/ 4-январь/  2017-жылдын 31-декабрь күнү Мекке жана Мадина багыты боюнча жогорку ылдамдыктагы поезд ишке кирди. Эки шаардын ортосундагы аралык 450 километрти түзүп, жогорку ылдамдыктагы поезд  эки жарым саатта бул аралыкты басып өтөт.  Ал эми бул поезддеги эконом класстын баасы 100 риалды   (1838 сом) түзүп, темир жол долбоорунун наркы 6,7 млрд еврого бааланган. Долбоордун ишке ашуусу боюнча 12 Испан жана 2 Сауд Араб компаниясы иштеп, «Аш-Шула» Сауд-Испан консорциуму тарабынан ишке ашырылган.  

Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылынын имамынын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлдү

Muftiyat.kg/ 4-январь/ Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылынын Тегирмен Башы 2 мечитинин имамы Зикирия Жолдошовдун демилгеси, жергиликтүү ишкерлердин колдоосу менен айылдын жардамга муктаж үй-бүлөлөрүнө жардамдар көрсөтүлдү.

«Өзү ток болуп, кошунасы ачка отурган динибизде жакшы эмес. Ошондуктан айылдагы жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен жардамга муктаж айылдаштардын ар бирине 7 кап көмүр, 1 кап ун, 5 литр  пахта майы жана башка күнүмдүк азык-түлүктөр жардам катары таратылды”,-деди Зикирия Жолдошов.

Жалал-Абад казыяты жыл жыйынтыгын чыгарып, 2017-жылдагы имамдардын ишмердүүлүгүнө баа берилди

Muftiyat.kg/ 4-январь/ Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн, КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин жана Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын 2017-жылга карата кабыл алынган иш мерчемдерин аткаруу максатында жана «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коопсуздук Кеңешинин чечимин, 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу жана ыйман, адеп жана маданият жылында иш чара

Ош облустук казыяты “Ыйман, адеп жана маданият” жылында 4317 иш чара уюштурууга жетишкен

Muftiyat.kg/ 4-январь/ Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилигинде Ош облустук мусулмандар казыятынын жылды жыйынтыктоо жыйыны болуп, анда облус казысы КРнын Президентинин 2017-жылды «Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын жана КРнын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү саясатты өнүктүрүү концепциясы жөнүндөгү» Жарлыгын аткаруунун алкагында  Ош облустук казыятынын 2017-жылдагы жылдык планынын 39 пункттан турган иш чаралар

Бишкектеги "Ыйман" маданий комплекси 1 жыл бою муктажрды кийим-кече менен камсыздады

Muftiyat.kg/ 4-январь/ Бишкек шаарындагы "Ыйман" маданий комплексинде 12чи ирээт муктаждарга кийим-кечелер таратылды. Бул саамалык ар бир ай сайын уюштурулуп, 2018-жылдан тарта толугу менен бир нукка түшмөкчү. Бул тууралуу аталган мечиттин имам хатиби Ниматилла ажы Рыскулов билдирди.

Ош облусунда 2017-жылы 87 мечит мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, 43 мечит заманбап үлгүдө жаңыланып курулду

Muftiyat.kg/ 4-январь/ Бул боюнча Ош облустук мусулмандар казыятынын жылдык жыйынтыктоо жыйынында казыяттын курулуш жана мечит бөлүмүнүн башчысы Абдималик ажы Турсунбеков билдирди.

Бишкектеги энелер "Ыйман" маданий комплексинде тамак-аш жарманкесин уюштурушуп, андан түшкөн акча каражатты муктаждарга беришти

Muftiyat.kg/ 4-январь/ Бишкек шаарындагы "Ыйман" маданий комплексиндеги билим берүү борборунда билим алышкан энелер өз каражаттарынан атайын тамак-аш жарманкесин уюштурушуп, андан түшкөн каражаттарды муктаждарга таратып беришти. Ал эми "Ыйман" маданий комплексинин башкы имам хатиби Ниматилла ажы  Рыскуловдун айтымында иш чара кайрымдуулукту күчөтүү жана муктажрага жардам берүү максатында уюштурулуп, аз камсыз болгондоду колдоого багытталган.

Сүлүктүдөгү жаштарга терс диний агымдардын зыяндуулугу эскертилди

Muftiyat.kg/ 4-январь/ Баткен облусунун  Сүлүктү шаарындагы  Кольцо айылынын үгүт-насаат үйүндө Кольцо мечитинин имамы  Турдали Нуралиевдин демилгеси менен жаштарды терс агымдардан оолак кылуу максатында атайын  иш чара өтүп, анын зыяндуулугу эскертилди. Иш чара 2017-жылдын 27-декабрь күнү уюштурулуп, анын алкагында жаштарды туура эмес агымдардан сактап калуу максатында бир катар баяндамалар, түшүндүрмөлөр берилип, айыл аксакалдары, айыл башчылары өз пикирлерин билдиришти.

Жалал-Абад облусунун казысы Ноокен хатибиятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, имамдардын ишмердүүлүгүнө өз баасын берди

Muftiyat.kg/ 4-январь/ Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров иш сапары менен Ноокен районуна барып, Ноокен райондук хатибиятынын кеңсесинде хатибият тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана  ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш чара алкагында  райондун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов бир жыл ичинде аткарылган иш чаралар боюнча маалымат берип, 4 кварталдын отчеттору өз убагында казыятка тапшырылгандыгын билдирип,  иш кагаздардын иреттелиши жана жүргүзүлүшү тууралуу  маалымат берди.

Баткен шаарында этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча жыйын өттү

Muftiyat.kg/ 4-январь/ Этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү аркылуу улуттук биримдикти бекемдөөгө көмөк көрсөтүү, өлкөнүн маданий мурастарын жана этностук көп түрдүүлүктү сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-апрелинде №74 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо” концепциясынын алкагында  Баткен  шаарындагы Баткен Мамлекеттик Университетинде 2018-2023-жылдарга карата жарандык интеграцияны өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган максат