(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Календарь

08 января 2018

Мекке жана Медина шаарларындагы башкы мечиттерди видого жана сүрөткө тартууга тыюу салынды

Muftiyat.kg/ 8-январь/ Сауд Арабиясы Мекке жана Медина шаарларындагы башкы мечиттерин ичин,  айланасын видого жана   сүрөткө тартууга тыюу салынды. Бул туурасында Daily Sabah Түркия гезити   Сауд Арабиянын басма сөз жана маалымат башкармалыгына шилтеме берип билдирген.

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн имам хатибинин демилгеси менен турмуш шарты оор 22 үй-бүлөөгө 50 миң сомдук гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Muftiyat.kg/ 8-январь/ 2018-жылдын алгачкы жумасынан тартып Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүндө жарыяланган кайрымдуулук айынын алкагында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга гуманитардык жардамдар берилди. Бул боюнча аталган айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатиби Абдылда Исламов кабарлады.

Баткендеги «Нур» Куран жаттоо медресесине 50 кишилик ашкана жана 10 адамга ылайыкташкан мончо курулууда

Muftiyat.kg/ 8-январь/ Баткен облусунун Баткен районундагы «Нур» Куран жаттоо медресесине жергиликтүү жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен 50 кишилик ашкана жана 10 адамга ылайыкташкан мончонун курулушу башталды. Ашкана менен мончо  заманбап шарттары менен курулуп, бардык талаптарга жооп берилмекчи. Курулуштун бардык каражаттары борбор калаада эмгектенип жаткан жергиликтүү айылдын жашоочуларынын колдоосу менен камсыздалууда.