Муфтият-FM

(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
04:19
Күн чыгышы
06:06
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:56
Куптан
21:26

Календарь

09 января 2018

Жалал-Абад казыяты жыл мыктыларын аныктады

Muftiyat.kg/ 9-январь/ 8-январь Жалал-Абад шаарындагы Дастан кафесинин жыйындар залында Жалал-Абад казыяты тарабынан уюштурулган 2017- жыл жыйынтыгын чыгаруу жыйыны болуп өттү. Күн тартибинде жылдык жыйынтык чыгаруу жана дин кызматкерлерин сыйлоо аземи маселеси каралып, КР ДИМКнын Жалал-Абаддагы өкүлү, аксакалдар, облус аймагындагы бардык район-шаардын баш имам хатибдери, диний окуу жайдын мүдүрлөрү, окуу борборлордун жетекчилери жана демөөрчүлөр катышты.

Талас облусунун казысы шаар тургундарына кулк-мүнөздүн маанилүүлүгү туурасында сабак өтүүдө

Muftiyat.kg/ 9-январь/ Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев Талас шаарындагы борбордук «Аль-Ааль Байт» мечитинде шаар тургундары менен жолугушуп, "Ыйман жана кулк-мүнөз" темаларында сабак өттү. Муну менен катар облус казысы кулк-мүнөздүн маанилүүлүгүн кенен түшүндүрүп, шаар тургундарынын суроолоруна жооп берди.  

Зордуктун аягы-кордук

Колу ийининен кесилген киши эртеден кечке көчө кыдырып: "Менин абалымды көргөн адам, эч качан эч кимге зулумдук кылбасын" - деп кыйкырып жүрөт. Ал бул адатты өзүнө көнүмүш кылып алгандай. Ага көңүл бурбай өтүп жаткан көпчүлүктүн арасынан бирөө токтоло калып, анын айтканына кызыкты: - “Эмне минтип жар салып жатасыз, айтканыңыздын себебин билсек болобу?”– деди ал сылык. 

Падышанын белегине ээ болгон адам

Бир үлкөн өлкөнү башкарган даанышман падыша бар эле. Бирде ал элинин адеп-ахлагын, жаштардын ой-пикирин текшерүү үчүн борбордук чоң көчөлөрдүн биринин так ортосуна көлөмү чоң ташты таштатып коёт. Анан өткөн-кеткендер жолду тосуп калган ташты көргөндө эмне кылаарын байкап туруусу үчүн бир адамды кароолчу кылып дайындайт. Арадан бир канча күндөр өтөт, жолдон көптөгөн адамдар ары-бери басып өтүшөт, бирок ташты жолдун жээгине жылдырып коюу алардын биринин да оюна келбейт. Тескерисинче, өткөндөрдүн баары: “Эмне үчүн мамлекеттик кызматкерлер ушул ташты жолдун жээгине жылдыртып койбойт?

99 формуланын сыры

Бир күнү падыша вазиринен сурады:
— Менин кызматчымдын дайыма маанайы жарык, мага караганда бактылуу жашоо кечирет, анын колунда эч нерсе жок, а мен болсо падышамын, бирок жан дүйнөм жабыркап, көңүлүм тынчыбайт. Мунун сыры эмнеде деп ойлойсуң?
— “99 формуласы” менен аны сынап көрбөйсүзбү? – деди вазири, сырдуу жылмайып.
— “99 формуласы” дегениң эмне, табышмактатпай так айтпайсыңбы? – деп падыша, бир аз ачууланды.

Айыл имамынын демилгеси менен Баткендин Кызыл-Жол айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө 3 миң сомдон тараттылды

Muftiyat.kg/ 9-январь/ Баткен шаарынын  Кызыл-Жол айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө  айылдагы Тегирмен Башы 1 мечитинин имамы Имарали Султанмуратов демилгеси менен  3 миң сомдон таратылды. Кайрымдуулук иш чарасын уюштурууга Орусияда эмгектенип жаткан жарандар демөөрчүлүк кылышып, анын алкагында ар бир муктаж үй-бүлөгө 3 миң сомдон таратылган.