Муфтият-FM

Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
04:19
Күн чыгышы
06:06
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:56
Куптан
21:26

Календарь

10 января 2018

Азирети Муфтийдин орун басары Бишкек шаарындагы имамдар менен жолугушуп, аларга бир катар тапшырмаларды берди

Muftiyat.kg/ 10-январь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Замир кары Ракиев Бишкек шаарындагы жалпы имамдар менен жолугушуп, имамдардын жоопкерчилиги, жума мечиттеринде жума хутбаларынын бирдиктүү айтылышы, мечиттердин тазалыгы, жылуулугу жана түшүндүрүү, эскертүү иштеринин жүргүзүлүшү боюнча бир катар тапшырмаларды берип, булардын аткарылышын өз көзөмөлүнө алаарын белгиледи.

Баткен облусунун казысы имамдарга бирдиктүү хутба айтуу боюнча тапшырма берди

Muftiyat.kg/ 10-январь/ Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийти Максатбек ажы Токтомушевдин 2018-жылдын 9-январындагы КР Копсуздук Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-2020-жылдарга КР диний чөйрөдөгү саясатынын концепциясы жөнүндө жарлыгынын алкагында, 2018-жылга карата Кыргызстандын аймагындагы жума мечиттеринде элге түшүндүрүү, эскертүү жана профилактикалык иш чараларын жүргүзүү жөнүндө №09 буйругуна ылайык Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса ажы Жолдошов рай

Манас районундагы имамдар 2018-жылдын алгкачкы жыйынына чогулушту

Muftiyat.kg/ 10-январь/ Манас районундагы имамдарга мечиттердин кириш чыгыш китептерин жакшыртуу боюнча жыйын өткөрүлдү.  Район баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев район аймагындагы мечиттердин ишин жакшыртуу, иш кагаздарды жана мечиттин мүлктөрүн, кириш-чыгыш китептерин бирдиктүү калпка келтирүү талабын коюп, өз тажрыйбасынан бөлүштү.

Сүлүктү хатибияты 15 жакыр үй-бүлөгө 8 тоннага чукул көмүр таратты

Muftiyat.kg/ 10-январь/ Кечээ, 9-январь күнү Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу Сүлүктү шаардык хатибияты “Итар” кайрымдуулук фонду менен биргеликте 15  жакыр үй бүлөнүн ар бирине  10 каптан көмүр таратып берди. Шаардын баш имам хатиби Артыкбай  Мадаминовдун айтымында бул кайрымдуулук муктаждардын  жүздөрүнө кубаныч тартуулап, ыраазычылыктарын билдиришти.

Таласта үй-бүлөнүн баалуулуктарын коомчулук арасында түшүндүрүү боюнча имамдарга тапшырмалар берилди

Muftiyat.kg/ 10-январь/ Талас облусунун казысынын орун орун басары Медер ажы Сагынбаев Кара-Буура районунун Кызыл адыр айылындагы «Ислам-Нуру» мечитинин жергиликтүү жамааты менен жолугушуу өткөрүп, «Ыймандуу үй-бүлөнү кантип курабыз?» деген темада баяндама жасады. Муну менен катар Медер ажы Сагынбаев үй-бүлө куруудагы жоопкерчиликтерге кеңири токтолуп, айыл тургундарынын суроолоруна жооп берди.

Жалал-Абад облусунун казысы түз эфирде жыл жыйынтыгы боюнча маалымат берди

MUFTIYAT.KG/ 10-январь/ Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясында “Маанилүү маек” түз эфирдик көрсөтүүсүндө 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын,  “Ыйман, адеп жана маданият” жылында Жалал-Абад облусунун казыяты тарабынан аткарылган иш чаралар, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү, даават, ажылык, имамдардын квалификациясын жогорулатуучу окуу курстары боюнча жылды жыйынтыктоочу статистикалык маалыматтарды берди. Ошондой эле түз

Лейлектеги «Ата Журт» гезитти мыкты дин кызматкерин аныктады

MUFTIYAT.KG/ 10-январь/ Баткен облусунун Лейлек райондук  коомдук-саясий «Ата Журт» гезитти Исфана шаарынын баш имам хатиби Абдуравшан ажы Дүйшөевди 2017-жылдын мыкты дин кызматери деп жарыялады. Бул тууралуу  “Ата журт” гезиттинин 2017-жылдын 30-декабрындагы санында маалымдалган. 

Белгилей кетсек, аталган Лейлек райондук коомдук-саясий гезит 1936-жылы негизделип, түстүү 8-беттен туруп, айына  3 жолу чыгарылат.

Жалал-Абадда “Белегим Куран болсун” акциясы уюштурулду

MUFTIYAT.KG/ 10-январь/ Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу “Соолихийн” борбордук мечитинде “Белегим Куран болсун” аттуу акциясы уюштурулуп, ага 250дөн ашык имам, район, шаардын баш имам хатибдери, облустун казысы, казыят кызматкерлери жана ордолуу Ош шаарынан келген коноктор менен бирге ОшМУнун теология факультетинин мугалимдери катышты. Облус казысы имамдарды коноктор менен тааныштырып, Түркия Диянет Фондунун  Ош шаарындагы өкүлү, ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары, теология илиминин доктору, до

Баткен облусунун казысы жана дин комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы аймактагы диний кырдаалды талкуулашты

Muftiyat.kg/ 10-январь/ Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков  Баткен облустук мусулмандар казыятына иш сапары менен келип, Баткен облусунун казысы менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында алгач Исакбай Мурзабеков иш сапардын максаты тууралуу айтып, Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын  Баткен облусу боюнча өкүл болуп дайындалган Ырысмамат Матиевди тааныштырды.