Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Календарь

11 января 2018

Эртең, 12-январда Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов илимий иш сапары менен Баткенге барат

Muftiyat.kg/ 11-январь/ Эртең, 12-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов илимий иш сапары менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына келет. Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязовдун айтымында  иш сапарыдын жүрүшүндө Чубак ажы Жалилов Кызыл-Кыя шаарындагы Мураталы Жуманов атындагы  борбордук  мечитинде жергиликтүү эл менен жолгушуп, жума баянын өтмөкчү.

Баткен шаарындагы «Таква» мечитинин имамы ооруканадагы бейтаптардан кабар алды

Muftiyat.kg/ 11-январь/ Баткен шаарындагы «Таква» мечитинин имамы Абдулаким Сайдакматов  мечит жамаат менен  биргеликте Баткен облустук ооруканасынын хирургия жана  трамватология бөлүмүндө дарыланып жаткан бейтаптардан  кабар алды.

Таласта жаш өспүрүмдөргө жакшы тарбия берүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча семинар уюштурулду

Muftiyat.kg/ 11-январь/ Талас облусунун Манас районунун Бала-Саруу айылындагы мектеп окуучуларына  "Жаш өспүрүмдөргө жакшы тарбия  берүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу" боюнча семинар болуп өттү. Иш чара Талас областык усулдук борбору  РИИБ менен биргеликте өткөрүп, окуучуларга таалим-тарбия жаатындагы баяндамалар айтылды.

Баткенде «Белегим Куран болсун» иш чарасы өттү

Muftiyat.kg/ 11-январь/ Баткен облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында «Белегим Куран болсун» аталышындагы  иш чарасы өтүп, анын алкагында имамдарга ыйык Куран китебинин кыргызчаланып которулган варианты белекке берилди.

Муфтият авиакомпаниялар ортосунда конкурс жарыялайт

Muftiyat.kg/ 11-январь/ 2018-жылдагы ажылык иштери башталып жаткандыгына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2018-жылдагы Сауд Араб Падышалыгына болгон Ажылык сапарына ажыларды жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда 2018-жылдын 12-январынан, 12-февраль саат 17:00гө чейин конкурс жарыялалайт.

2018-жылдагы ажыларды ташууда авиакомпаниялар ортосунда өтүүчү конкурса Саудиянын «Flynas» авиакомпаниясы катышаары белгилүү болду

Muftiyat.kg/ 11-январь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Эргешов Зайырбек Жолчуевич жана КР Транспорт министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин директору Акышев Курманбек Токтогулович баштаган расмий делегация Сауд Араб Падышачылыгынын Жидда шаарында жайгашкан жарандык авиациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, 2017-жылдагы ажылык иштери, каттамдар жана САПтын  Flynas авиакомпаниясынын ишмердүүлүгү боюнча пикир алышты.

Сауд Арабиянын Ажылык министрлиги Кыргызстандын 2017-жылдагы ажылыкты уюштуруу иштерине «жакшы» деген баасын берди

Muftiyat.kg/ 11-январь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Эргешов Зайырбек Жолчуевич жана КР Транспорт министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин директору Акышев Курманбек Токтогулович баштаган расмий делегация Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана Умра министринин орун басары доктор Абдульфаттах Мушат менен жолугушуп, 2017-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу, жетишкендиктер жана өзгөчөлүктөр туурасында пикир