Муфтият-FM

(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
04:19
Күн чыгышы
06:06
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:56
Куптан
21:26

Календарь

12 января 2018

ОшМУнун теология факультетинин кызматкерлери Баткен казыятынын ыраазычылык каты менен сыйланды

Muftiyat.kg/ 12-январь/ Ош мамлекеттик Университетинин теология факультетинин деканын орун басары доцент, доктор Ферхат Гөкче, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Ниязали ажы Арипов, Тимур Козукулов, Халил Ибрахим Өзтүрк, Шейх Ахмет Хилал Баткен облустук мусулмандар казыятынын ыраазычылык каты менен сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи Баткен казыятынын жыйындар залында Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса ажы Жолдошовдун  катышуусунда өттү.

Исфанадагы жергиликтүү жашоочуларга Ханафий мазхабы боюнча сабактар уюштурулууда

Muftiyat.kg/ 12-январь/ Исфана шаарындагы «Кыдырбай» мечитинин имамы Санжарбек Саматовдун демилгеси менен Ханафий мазхабын бекем кармануу жана коомчулукка жайылтуу максатында атайын сабактар башталды. Сабакка жергиликтүү жашоочулар катышып, керектүү маалыматтарды алышууда. Мечит имамынын  айтымында элге динди жеткирүү имамдардын милдети болгондуктан туура, так маалымат берип, жаштарды туура багытта тарбиялоо керек.

Ош шаарындагы имамдар 3 күндүк окуу семинарында катышып, өз билимдерин жогорулатышты

Muftiyat.kg/ 12-январь/ 2018-жылдын 10-12-январь күндөрү Ош шаарында жайгашкан «Ванил» кафесинин конференц залында «Хутба чеберчилиги жана ийгиликтүү имамдын сыпаттары» аттуу семинар өтүп, ага Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, казынын орун  басары Анасхан ажы Ташхужаев, доктор Мухаммад Руфайи, КМДБнын окуу бөлүмүнүн жетекчиси Аким ажы Эргешов, казыяттын аппарат жетекчиси Жанарбек ажы Матиев, Чыгыш-Батыш башкы хатибиятынын башчылары, казыят кызматкерлери, мечиттин имамдары, мечит кызматкерлери, медресе окуучулары ка

Нарын медресесинде Пайгамбарыбызга (с.а.в) 30-муундан байланган Куран мугалими сабак берүүдө

Кыргызстан боюнча Куран окуу жарышында 3 жолу биринчи орунду алган, дүйнөлүк жарышта Ливия мамлекетине барып, 4-орунду ээлеп келген Искандаров Насрулло 1990-жылы Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жарык дүйнөгө келген. 6жашынан баштап өзү жашаган Жаңы-Жер айылындагы айтылуу Фазыл карынын медресесинде Куран окуганды үйрөнүп баштаган. 12 жашында Куранды толук жаттап бүткөн. Жаңы-Жер медресесинин мүдүрү Фазыл карынын сиңирген эмгегин Искандаров Насрулло опол тоодой баалап: «Куран Алланын сөзү.

Нарын райондук хатибияты Орто-Нура айылындагы мектеп окуучуларын интернетти туура колдонууга үндөдү

Muftiyat.kg/ 12-январь/ Кечээ, 11-январь бейшемби күнү Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев жана орун басары Фасихиддин  Халимов Орто-Нура айылынын орто мектебинде жогорку классынын окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Мектеп окуучуларын китеп окууга, керексиз массалык маалымат каражаттарынан алыс болууга жана интернетти туура колдонууга үндөдү.  Муну менен катар дин кызматкерлери канткенде аптасына 1 китеп окуп бүтүрсө болоорун үйрөтүп, тажрыйба бөлүшүштү.