Муфтият-FM

Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Календарь

02 апреля 2018

Түп районунун баш имам хатиби иш сапары менен Сары-Дөбө айылына барып, айыл элинин суроолоруна жооп берди

Muftiyat.kg/ 2-апрель/ Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев иш сапары менен Сары-Дөбө айылына барып, айыл аксакалдары, жаштар жана  жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, ысырапкерчиликти болтурбоо, туугандык мамиле, Ислам дининин баалуулуктары, мазхаб, акыйда боюнча маалыматын берди. Муну менен катар райондун баш имам хатиби аял затынын коомдогу орду туурасында айтып, балдарды тарбиялоодогу ата-эненин орду, балдарга туура багыт көрсөтүү багытында баяндамасын жасады.

Баткен шаарындагы борбордук “Нумани” мечитине Айгүл гүлү чагылдырылган түнкү чырак орнотулду

Muftiyat.kg/ 2-апрель/  Дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлүнүн көрүнүшүндөгү түнкү  чырак Баткен шаарындагы борбордук “Нумани” мечитине         орнотулду. Айгүл гүлүн чагылдырган түнкү чыракты орнотуу демилгеси жергиликтүү жаш ишкерлер тарабынан көтөрүлүп, бардык чыгымдарды өздөрү көтөрүшкөн.

“Орнотулган чырак мечитке кооздук берүү менен бирге  жарык берип турат. Борбордук мечитти жарыктандыруу менен бирге эле дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлүнө аяр мамиле кылуубуз керек”,-дешти уюштуруучулар.

Талас облусунун казысы райондук имамдарга кварталдык жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди

Muftiyat.kg/ 2-апрель/ Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев Талас районунун Кара-Көл айылында жалпы имамдар менен жолугушуп, кезектеги кварталдык жыйынын өткөрдү.  Жыйын  алкагында облус казысы алгач имамдарга ыймандын бекемделиши жана адеп-ахлак туурасында сабак өтүп, дин кызматкерлерин үлгүлүү болууга чакырды.