Муфтият-FM

(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Календарь

03 апреля 2018

Муфтият ЖКККБ менен биргеликте айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө «Адам жаны Аманат» аттуу акция өткөрүүдө

Muftiyat.kg/ 3-апрель/  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкөбүздөгү жол кырсыктарын болтурбоонун алдын алуу жана жарандарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында бүгүн, 3-апрелинде борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө «Адам жаны Аманат» аттуу акция өткөрүүдө.

Таква мечитинин имамы Баткендеги студенттерге ыйман, адептүүлүк боюнча лекция окуйт

Muftiyat.kg/ 3-апрель/ Баткен шаарындагы “Таква” мечитинин имамы Абдулаким Сейдакматов БатМУнун гуманитардык жана педагогикалык факультетинин деканы Артыкбаев Гыламидин Үрүстөмович жана Баткен аймактык колледжинин директору Сеитбурханов Алмасбек Гапарович менен жолугушуп, студенттерди адептүүлүккө, ыймандуулукка жана туура тарбиялоо темасынын алкагында маектешти.

Муну менен катар тараптар студенттерге атайын лекцияларды уюштуруп туруу чечими кабыл алышып, окуу жайдын жетекчилиги колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Абдыжапар ажы Жакыпов: “Мөмөлүү жемиштерди эгип, багбанчылык кылуу абдан пайдалуу жана сооптуу иштерден”

Muftiyat.kg/ 3-апрель/ Ош облусунун мусулмандар казыятынын иш башкарма башчысы Абдыжапар ажы Жакыпов баштаган казыят кызматкерлери Кара-Суу районунун Асан-Чек айылында бак тигишти. Иш-чара казыяттын жазгы көрктөндүрүү иш планынын негизинде уюштурулуп, 50 чарчы метр жер участогуна 115 даана кокон гилас, шабдалы, курма жана анжир көчөттөрү отургузулду.

Талас шаардык хатибияты футбол оюну боюнча финалдык турнир өткөрүп, жеңүүчүлөрдү сыйлады

Muftiyat.kg/ 3-апрель/ Талас шаардык хатибияты футбол оюну боюнча финалдык турнир өткөрүп, диний окуу жайлардын кызматкерлери, имамдар жана казыят курамы күч сынашып, баш байгени 3чү ирээт Бакай-Ата райондук хатибияты камсыздады. Ал эми Талас шаарынын баш имам хатиби Алтынбек ажы Бешкемпиров оюнга катышкан бардык дин кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирүү менен уюштурулган футбол мелдеши ортодогу ынтымак менен биримдикти, достук менен хатибияттар ортосундагы алаканы жакшырткандыгын баса белгиледи.