Муфтият-FM

(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Календарь

05 апреля 2018

Талас казыяты аймактагы имамдар менен биргеликте 20 миң түп көчөт отургузат

Muftiyat.kg/ 5-апрель/ Талас облусундагы Манас районунун жалпы имамдары айлана-чөйрөнү  көрктөндүрүү боюнча иштерди кызуу жүргүзүшүп, Покровка, Үч-Коргон, Май айыл өкмөттөрү менен биргеликте бала-бакчаларга жана жол жээктерине туя, терек жана башка бак дарактардын көчөттөрүн отургузушту.  Покровка айыл аймагына 100 түп, Үч-Коргон айыл аймагында 100 түп,  Май айылындагы жаңы салынган мектептин айланасына 500 түп бак дарак отургузулду. Ал эми Кыргызстан айыл өкмөтүндө 500 түп терек жана 200 түп кара өрүк отургузушкан.

Азирети Муфтий Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жаатында пикир алышты

Muftiyat.kg/ 5-апрель/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жаатында пикир алышты.

Медреседе окуган жаштар “Электрик монтаждоочу” кесибин үйрөнүп чыгышууда

Muftiyat.kg/ 5-апрель/ Чүй облусундагы Кең-Булуң айылында  “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун алкагында 40 окуучу “электрик монтаждоочу” кесибин окуп, үйрөнүп колдоруна сертификат алышты. Белгилей кетчү нерсе бул айылда кесип үйрөтө турган бардык шарт түзүлгөн. Окута турган атайын кабинет кесипке үйрөтүүчү заманбап шаймандар менен жабдылып, 2015-жылдан бери маал-маалы менен балдар “Электрик монтаждоочу” кесибин үйрөнүшүүдө. Алды өз алдынча иштеп, жумуш менен камсыз болуп жаткандары да бар.

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ош облустук казыяты райондук хатибияттардын материалдык-техникалык базасын чыңдады

Muftiyat.kg/ 5-апрель/ Ош облустук мусулмандар казыятында аймактарды өнүктүрүү жылына карата райондук хатибияттарды өнүктүрүү максатында казыят тарабынан сатылып алынган жалпы суммасы 193 миң 600 сомдук проекторлордун аппараты жана экрандары  тапшырылды. Аталган иш-чарага облустагы 7 райондун башкы имам-хатибдери жана казыят кызматкерлери катышышты.

Ысык-Көл облусунун казысы Тегизчил айылынын жергиликтүү жашоочулары менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 5-апрель/ Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыков Ак-Суу районуна жасаган иш сапарынын алкагында Тегизчил айылынын мектеп директору Талгат Атыраев, Кара-Жал айыл өкмөт башчысы Кылыч Жумабаев менен биргеликте Тегизчил айылдык кеңешинде жергиликтүү жашоочулар менен  жолугушуп, бүгүнкү күндөгү коомчулукта орун алып жаткан терс көрүнүштөргө жол бербөө, ысырапкерчиликти болтурбоо, терс диний агымдардын алдын алуу, Ислам дининин баалуулуктары туурасындагы баяндамалар айтылды.