Муфтият-FM

Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Календарь

10 апреля 2018

Анасхон ажы Ташхуджаев: “Адам жаны кайтарылбайт, анын баасы дагы жок”

Muftiyat.kg/ 10-апрель/ Бүгүн, 10-апрелде Ош шаардык мусулмандар казыяты шаардык ЖКККБ менен биргеликте «Адам жаны аманат» аттуу акциясын өткөрүшүп, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш чарага шаар казысынын орун басары Анасхон ажы Ташхуджаев, Ак-Бура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мырзакул каары Осмонов жана Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.

2018-жылдагы ажылык сапарына баруучу жарандардан төлөмдөрдү кабыл алуу 13-апрелде аяктайт

Muftiyat.kg/ 10-апрель/  2018-жылдагы ажылык сапарына барууну максат кылып, аймактык кезекке туруу үчүн 500 АКШ долларын жана 1000 сом төлөп, документтерин талапка ылайык толук тапшырып, электрондук тизмеге катталып, ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер калькулацияда көрсөтүлгөн 2890 АКШ долларынан калган 2390 АКШ долларын 2018-жылдын 13-апрель күнү РСК банкынын иш убактысы бүткөнчө төлөөлөрү зарыл.

Ошто «Адам жаны аманат» аттуу акцияга 900гө жакын дин кызматкери катышты

Muftiyat.kg/ 10-апрель/  Бүгүн, 10-апрелде Кара-Суу районунун аймагындагы Ош-Бишкек трассасынын 5 чакырымында Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте  уюштурган «Адам жаны аманат» аттуу акция болуп өттү.

Жалал-Абад казыяты ЖККК башкармалыгы менен биргеликте «Адам жаны аманат» аттуу акция өткөрүп, жол эрежеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Muftiyat.kg/ 10-апрель/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин өлкөбүздөгү жол кырсыктарын болтурбоонун алдын алуу жана жарандарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында чыгарылган буйругун ишке ашыруу  максатында бүгүн, 10-апрелде облустук казыят жана ИИМдин Жалал-Абад областы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө «Адам жаны Аманат» аттуу акция өткөрдү.

Баткенде «Адам жаны амант» аттуу акция өткөрүлүп, жол эрежеси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Muftiyat.kg/ 10-апрель/ Баткен облустук мусулмандар  казыяты  өлкөбүздөгү жол кырсыктарын болтурбоонун алдын алуу жана жарандарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында бүгүн, 10-апрелде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баткен облундагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө «Адам жаны амант» аттуу акция өткөрдү.

Өзгөн районунун Кызыл-Тоо жана Эркин-Тоо айылдарындагы жаштар арасында өткөн китеп окуу сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Muftiyat.kg/ 10-апрель/ Бул боюнча Өзгөн районунун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев билдирди. Анын айтымында ушул жылдын январь айында Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тоо жана Эркин-Тоо айылдарынын өспүрүм жаштарын Куран окууга жана тарбиялык мааниси чоң адеп-ахлак китептерин окууга кызыктыруу максатында сынак жарыяланган.

Түп районунун баш имам хатиби Ичке-Суу айылынын жергиликтүү жашоочулары менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 10-апрель/ Түп районунун баш имам хатиби  Бакыт ажы Кайкиев иш сапары менен Ичке-Суу айылына барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушуунун алкагында райондун баш имам хатиби терс  диний агымдар, тууганчылык мамиленин жакшырышы, улуттар арасындагы достукту бекемдөө, айылды көрктөндүрүү жана тазалык иштери боюнча баяндамасын жасап, жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берди.

Чүй облустук казыяты аймактагы диний окуу жайларды текшере баштады

Muftiyat.kg/ 10-апрель/ Чүй облустук казыятынын үгүт-насаат жана окуу бөлүмү Аламүдүн райондук хатибияты менен биргеликте Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан Койташ айылынын Аль-Фарук, Арашан айылынын Абдулла ибн Аббас, Арчалы айылынын Арчалы, Көк-Жар айылынын Абу Бакр ас-Сыддык медреселерин жеринде текшеришип, окуунун ички тартиби, окуп жаткан балдардын саны, алардын окуу шарты жана окуу программаларынын жүрүшү менен таанышышты.

Кара-Суу районунда “Сен таза болсоң, мен таза болсом – коом да таза болот” аттуу ишембилик өттү

Muftiyat.kg/ 10-апрель/ Ош облусунун Кара-Суу районунда “Сен таза болсоң, мен таза болсом – коом да таза болот” аттуу ишембилик иш чарасы болуп өттү. Бул боюнча Кара-Суу районунун башкы имам-хатибинин орун басары Асилбек Турдубаев маалымдады. Маалыматка ылайык  бүгүнкү ишембилик жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте райондун бир шаарында жана 15 айыл өкмөтүндө өткөрүлүп, иш-чарага мечит имамдары, жергиликтүү тургундар жана мектеп окуучулары активдүү катышышкан.

Сузакта ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча жыйын өттү

Muftiyat.kg/ 10-апрель/ Сузак райондук мамлекеттик админстрациясынын жыйындар залында  райондун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын, айылдык жана шаардык кеңештин төрагаларынын, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, казыят кызматкерлеринин жана Сузак районунун жалпы имамдарынын катышуусунда ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча жыйын болуп, анда Сузак районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын ассоцияциясынын төрагасы Э.Кожоакматов тарабынан сунушталган “

Талас облусунун казысы Чолпонбай айылындагы имамдардын кварталдык отчетун укту

Muftiyat.kg/ 10-апрель/ Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында имамдардын кварталдык жыйыны өтүп, ага облус казысы Таалайбек ажы Бапиев катышты. Отчеттук жыйын алкагында имамдардын адеп-ахлагы, мечиттердин тазалыгы, отчет жазуудагы эрежелер боюнча маалыматтар угулуп, имамдардын жоопкерчилиги эскертилди. Мындан сырткары облус казысы мечиттердин айланасын таза кармоону жана мечиттерди көрктөндүрүү иштерин колго алып, даярдык көрүүнү милдеттендирди.