Муфтият-FM

Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Календарь

11 апреля 2018

Чүй облустук казыяты ИИМдин Чүй областы боюнча ЖККК башкармалыгы менен биргеликте «Адам жаны - аманат» аттуу акция өткөрдү

Muftiyat.kg/ 11-апрель/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин өлкөбүздөгү жол кырсактарын болтурбоонун алдын алуу жана жарандарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында чыгарылган буйругун ишке ашыруу максатында бүгүн, 11 – апрелде Чүй облустук казыяты ИИМдин Чүй областы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө «Адам жаны - Аманат» аттуу акция өткөрдү.

2018-жылдагы ажылык сапарына баруучу жарандардан төлөмдөрдү кабыл алуу 13-апрелде аяктайт

Muftiyat.kg/ 11-апрель/  2018-жылдагы ажылык сапарына барууну максат кылып, аймактык кезекке туруу үчүн 500 АКШ долларын жана 1000 сом төлөп, документтерин талапка ылайык толук тапшырып, электрондук тизмеге катталып, ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер калькулацияда көрсөтүлгөн 2890 АКШ долларынан калган 2390 АКШ долларын 2018-жылдын 13-апрель күнү РСК банкынын иш убактысы бүткөнчө төлөөлөрү зарыл.

Барскоон айылында өткөн ишембилик акциясын Кызыл-Суу айылынын жаштары колдоого алышты

Muftiyat.kg/ 11-апрель/ Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында ишембилик акциясы өтүп, ага айыл жаштары, жергиликтүү тургундар катышышты. Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогуловдун айтымында ишембилик иш чарасы аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурлуп, учурда райондун бардык аймактарында улантылууда.

Ысык-Көл районунун Темир айылындагы мектеп окуучуларына өз өмүрүнө кол салууну токтотуу боюнча жыйын өттү

Muftiyat.kg/ 11-апрель/ Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев Темир айылындагы “Эркин Керимгазиев” атындагы орто мектептин окуучулары менен жолугушуп, терс диний агымдар боюнча маалыматын берди.

Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев айылындагы Куран жаттоо борбору айыл элинин демөөрчүлүгү менен оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Muftiyat.kg/ 11-апрель/ Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев айылындагы Куран жаттоо борбору айыл элинин демөөрчүлүгү менен оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Демилгени Тоң райондук хатибиятынын эмгек жамааты көтөрүп, Куран үйрөнүүнү каалаган жарандарга жакшы шарт түзүп берүүнү максат кылышкан.

Каракол шаарынын баш имам хатиби болочоктогу ак халатчандар менен жолугуп, “Исламда аялзатынын орду” аталышындагы баяндамасын жасады

Muftiyat.kg/ 11-апрель/ Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков Каракол шаарындагы медициналык колледждин жана Өндүрүштүк Укук Москва Институтунун Каракол шаарындагы филиалында окуп жаткан студенттер менен жолугушуп, “Исламда аялзатынын  орду” аталышындагы баяндамасын жасады. Иш чара аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулуп, Каракол шаарынын баш имам хатиби ата-энени урматтоо, маданияттуу болуу, ыйман менен адеп жана улууларды урматтоо боюнча маалыматын берди.

Таластагы дин кызматкерлер облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте «Адам жаны аманат» аттуу акция өткөрүштү

Muftiyat.kg/ 11-апрель/ Талас облусунун мусулмандар казыяты Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин буйругунун негизинде ИИМдин Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте «Адам жаны аманат» аттуу акциясын өткөрүштү. Жол эрежесин сактоо боюнча уюштурулган акция алгач Талас шаарынын борбордук аянтында башталып, унаалар жана жөө жүргүнчүлөр көп жүргөн базардын айланасында улантылды.

Жалал-Абаддагы Аиша Сиддика медресесинин жамааты жетим балдар үйүнөн кабар алышып, балдар үчүн таттууларды белек кылышты

Muftiyat.kg/ 11-апрель/ Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында “Аиша Сиддика” кыз-келиндер медресесинин мугалимдер жамааты жана бүтүрүүчүлөрү Сузак районуна караштуу Октябрьский айылындагы жетим балдар үйүнөн кабар алышкандыгын аталган медресенин мүдүрүнүн милдетин аткаруучу Капарбек Абдыкалыков билдирди. 

КМДБнын Борбордук Текшерүү Комиссиясы программистер ортосунда конкурс жарыялайт

Muftiyat.kg/ 11-апрель/ Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасына караштуу 9 казыятка автоматташтырылган 1С программасынын жардамы менен аймактардын (областардын жана ири шаарлардын)  казыяттарына компьютердик 1С бухгалтерия программасын орнотуу менен учет отчет иштерин борборлоштуруу үчүн ыкчам, кыска мөөнөттө , так даана маалымат менен камсыздоо максаты    боюнча программистердин жана ошол тармакта иштеген юридикалык жактардын ортосунда 2018 - жылдын 10 - апрелинен 23 - май күнү саат 17

Талас облусунун Бакай-Ата райондук маданият үйүндө диний кырдаал талкууланды

Muftiyat.kg/ 11-апрель/ Талас облусунун Бакай-Ата райондук маданият үйүнүн жыйындар залында "Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу"  аталышындагы жыйын өтүп, ага социалдык тармактын адистери, Талас облустук мусулмандар казыятынын кызматкерлери,  мектеп мугалимдери, ата-энелер комитети, айыл имамдары, ОИИБ өкүлдөрү катышышты. Жыйын алкагында район акими Чолпонкул Төрөкулов терс диний агымдардын алдын алууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлери биргеликте иш алып барып, түшүн

Нарын казыяты ЖКККБ менен биргеликте «Адам жаны аманат» аттуу акция өткөрдү

Muftiyat.kg/ 11-апрель/ Кечээ, 10-апрелде Нарын облустук казыяты, Нарын шаардык жана Нарын райондук хатибияты Нарын облусунун Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте Нарын шаарынын негизги жолунда айдоочуларга, кардарларга жана жөө жүргүнчүлөргө «Адам жаны аманат» аттуу акциянын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, буклет, дисктерди таратышты.