Муфтият-FM

(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Календарь

12 апреля 2018

Баткенде медреселер аралык спорттук мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Muftiyat.kg/ 12-апрель/ Баткен облусунун аймагындагы медреселер арасында спортун футбол, теннис жана волейбол   түрү  боюнча мелдеш өткөрүлдү.Баткен казыяты жана Баткен районундагы  Нур Куран жаттоо медресеси тарабынан уюштурулган мелдеш Баткен шаарында уюштурулуп,  жыйынтыгында футбол боюнча   Баткен районундагы  Нур Куран жаттоо медресеси,  волейбол боюнча Муьаз ибн Жабал медресеси, теннис боюнча Муьаз ибн Жабал медресеси биринчиликти камсыз кылышты.

Ош облусунун казысы Алтын-Булак айылынын эли менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 12-апрель/ Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Өзгөн районунун Алтын-Булак айылынын эли менен жолугушту. Жолугушуу аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өткөрүлүп, айыл жеринде Ислам баалуулуктарын жайылтуудагы иш-чаралар боюнча пикир алышуу максатында болуп өттү.

Бишкек шаарынын казысы шаардык ЖККК Башкармалыгынын башчысы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жаатында пикир алышты

Muftiyat.kg/ 12-апрель/ Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов Бишкек шаарынын Жол Кыймылынын Коопсуздугун Көзөмөлдөө Башкармалыгынын  башчысы Шайырбек Бопонов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу, шаарыдагы коопсуздукту сактоодо, жалпы журттун коопсуздугу үчүн дин кызматкерлери менен иш алып баруу жаатында пикир алышты.  

Ош облусунун казысынын демилгеси менен Алай районунун Тогуз-Булак айылындагы 1000ге чукул жашоочу таза суу менен камсыз болушту

Muftiyat.kg/ 12-апрель/ Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев жана казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол кары Бакировдун демилгеси менен “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата Алай районунун Корул айылында 2 чакырым аралыкка суу түтүктөрү тартылып, 13 суу крандары орнотулуп берилди. Кечээ, 10-апрель күнү бүткөрүлгөн түтүктөр аркылуу алгачкы таза суу берүү иш-чарасы болуп өттү.

Жалал-Абад облусунун казысы мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча Шамалды-Сай айылынын тургундары менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 12-апрель/ Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүүнү ыкчамдатуу жана ишке ашыруу максатында Шамалды-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө облус казысы каттоого алуу иш кагаздары тууралуу түшүндүрмөлөрдү берип, Шамалды-Сай айылынын тургундарынын суроолоруна жооп берди.

«Адам жаны аманат» аттуу акцияны Талас облусунун Манас жана Бакай-Ата райондорундагы айдоочулар колдоого алышты

Muftiyat.kg/ 12-апрель/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругун ишке ашыруу максатында Талас облусунун Манас жана Бакай-Ата райондорунда РИИБдин  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо аймактык башкармалыгы менен биргеликте «Адам жаны аманат» аттуу акциясы өткөрүлүп, ага Миржалал ажы Дадабаев жана Абдумажид ажы Сагынбаевдер катышты.