Муфтият-FM

(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Календарь

16 апреля 2018

Ажылыкка төлөмдөрдү кабыл алуу 20-апрель кечки саат 17:00гө чейин узартылды

Muftiyat.kg/ 16-апрель/  2018-жылы ажылык сапарына барууну максат кылып, аймактык кезекке туруу үчүн 500$ АКШ доллар жана 1000  сом төлөп, иш кагаздарын талапка ылайык толук тапшырып, электрондук каттоого катталган жана ажыга барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер үчүн калган 2390$ АКШ долларын төлөөгө мүмкүнчүлүк берүү максатында  төлөмдөрдү РСК Банкына төгүү  2018-жылдын 20-апрель күнү кечки саат 17:00гө чейин  узартылды.

Коңур-Ɵлөңдө жаштардын демилгеси менен айылдагы борбордук мечит оңдолууда

Muftiyat.kg/ 16-апрель/ Тоң районунун Коңур-Ɵлөң айылынын 1994-жылкы жаштарынын демилгеси менен мечиттин айланасын оңдоп-түзөө иштери башталды. Муну менен катар айыл жаштары мечит үчүн дааваткана салып берүү убадасын алышып, учурда курулуш иши башталды.

Ал эми Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов айыл жаштарына өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, колдоо жана демилге көтөргөн жаштар мечит үчүн бир топ жакшы шарттарды түзүп жаткандыгын баса белгиледи.

Ак-Өлөң айылынын имамы мектеп окуучуларын убакытты туура пайдаланууга чакырды

Muftiyat.kg/ 16-апрель/ Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылынын имамы Замирбек Супаев мектеп окуучулары менен жолугушуп, ыйман, адеп-ахлак, убакытты туура пайдалануу, арактын зыяндуулугу, зына, экстремизм, терроризм, диний терс агымдар, аялдын коомдогу орду, ата-энеге болгон мамиле, билимдин зарылчылыгы туурасында баяндамасын жасады.  

Азирети Муфтий облус жана шаар казылары менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Muftiyat.kg/ 16-апрель/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Чүй облусунун Гранд Бурана мейманканасында облус жана шаар казылары менен жолугушуп, аймактардагы аткарылып жаткан иштер, диний кырдаал жана казылардын 2018-жылдагы иш пландары менен таанышты.