Муфтият-FM

Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Календарь

17 апреля 2018

Нарын казыяты улуу муундагылар менен жаштар арасында футбол оюну боюнча мелдеш өткөрдү

Muftiyat.kg/ 17-апрель/ Нарын казыяты Нарын медресесинин демөөрчүлөрү арасында футбол боюнча мелдеш уюштуруп, анда 14 курама команда өз күчтөрүн сынашты. Таң эрте башталган оюн күүгүмгө чейин уланып, жаштар менен улуу муундагы агалар спорттук турнирдин башкы кубогү үчүн ат салышты.

Мелдештин соңунда баш байгени Нарын казыятынын мугалимдери, 2-орунду «Адеп Башаты» фондунун курама командасы жеңип алса, 3-орунду "Бурак" командасы багындырды.