Кимде-ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат!

Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө, Азирети Муфтийликке жана БТК төрагалыгына талапкерлерди каттоо жарыяланды

Аалымдар Кеңешинин 1-февралдагы отурумундагы кабыл алынган токтомунун негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын VI Курултайы 2017-жылдын 4-апрелинде өткөрүүнү белгиленди. Отурумда  Кыргызстан Мусулмандарынынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө, Азирети Муфтийликке жана Борбордук Текшерүү Комиссиясынын төрагалыгына талапкерлерди каттоо боюнча комиссия түзүлүп, Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө, Азирети Муфтийликке жана БТК төрагалыгына талапкерлерди каттоо жарыяланды. Катоо комиссиясынын чечимдерине ылайык төмөндөгү талаптар боюнча  каттоо иши башталды.

Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкер катары катталуу үчүн коюлган талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар;

2. Ахли сүннөт вал-жамаат акыйдасын жана Ханафий мазхабын карманган;

3. Жогорку финансылык билимге ээ;

4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин жетиштүү деңгээлде билген;

5. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;

6. Мусулман коомчулугунун арасында аброю жогору болгон жана элдин ишенимине кирген;

7. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кылмыш иши козголбогон жана соттолбогон;

8. Эч кандай саясий партияларга мүчө болбогон;

9. Мамлекеттик финансылык кызматтарда үч жылдан кем эмес иштеген;

10. Уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү бар;

11. Мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн жана жаза билген Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынынтөрагалыгына талапкер катары каттала алат.

 

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:

1. Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;

2. Кадрларды каттоо баракчасы сүрөтү менен (байланыш маалыматтары сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);

3. Паспорттун көчүрмөсү;

4. Резюме. (Илимий жетишкендиктери, иш тажрыйбасы жана алган сыйлыктарына басым жасалат);

5. Мүнөздөмө (Акыркы иштеген мекемесинен);

6. Жогорку финансылык билимин тастыктоочу документеринин көчүрмөлөрү;

7. Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.

 

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкерлерди  каттоо үчүн коюлган талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар;

2. Ахли сүннөт вал-жамаат акыйдасын жана Ханафий мазхабын карманган;

3. Жогорку деңгээлдеги диний жана светтик билимге ээ;

4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;

5. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;

6. Мусулман коомчулугунун арасында аброю жогору болгон жана элдин ишенимине кирген;

7. КМДБнын курамында же дин кызматкери катары үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болгон;

8. Мамлекеттик органдар тарабынан соттолбогон;

9. Саясий партиялар менен саясий кыймылдардын эч бирине мүчө болбогон;

10. Мамлекеттик жана араб тилдеринде эркин сүйлөгөн жана мына ушул тилдерде өз ой пикирин кеңири жаза алган Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкер катары каттала алат.

11. Катталуучу талапкер жеке ыктыярдуу түрдө  өз талапкерлигин  сунуштагандай эле Аалымдар жана диний уюмдар тарабынан дагы сунушталуу укугуна ээ болот.

 

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:

1. Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;

2. Кадрларды каттоо баракчасы сүрөтү менен (байланыш маалыматтары сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);

3. Паспорттун көчүрмөсү;

4. Резюме. (Илимий жетишкендиктери, иш тажрыйбасы жана алган сыйлыктарына басым жасалат);

5. Мүнөздөмө (КМДБдан же облустук / шаардык Казыяттардан);

6. Жогорку диний жана светтик билимин тастыктоочу документеринин көчүрмөлөрү;

7. Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.

 

-Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийлик кызмат ордуна талапкер катары катталуу үчүн коюлган талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар;

2. Ахли сүннөт вал-жамаат акыйдасын жана Ханафий мазхабын карманган;

3. Жогорку диний жана светтик билимге ээ;

4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;

5. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;

6. Мусулман коомчулугунун арасында аброю жогору болгон жана элдин ишенимине кирген;

7. КМДБнын курамында же дин кызматкери катары үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болгон;

8. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кылмыш иши козголбогон жана соттолбогон;

9. Саясий партиялар менен саясий кыймылдардын эч бирине мүчө болбогон;

10. Уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү бар;

11. Мамлекеттик жана араб тилдеринде эркин сүйлөгөн жана мына ушул тилдерде өз ой пикирин кеңири жаза алган Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийлик кызмат ордуна талапкер катары каттала алат.

12. Катталуучу талапкер жеке ыктыярдуу түрдө  өз талапкерлигин  сунуштагандай эле Аалымдар жана диний уюмдар тарабынан дагы сунушталуу укугуна ээ болот.

 

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:

1. Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;

2. Кадрларды каттоо баракчасы сүрөтү менен (байланыш маалыматтары сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);

3. Паспорттун көчүрмөсү;

4. Резюме. (Илимий жетишкендиктери, иш тажрыйбасы жана алган сыйлыктарына басым жасалат);

5. Мүнөздөмө (КМДБдан же облустук / шаардык Казыяттардан);

6. Жогорку диний жана светтик билимин тастыктоочу документеринин көчүрмөлөрү;

7. Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.

 

Документтер кабыл алына турган дарек:

Бишкек ш., Гоголь к. 57, 720021. Аалымдар Кеңеши.

Кабыл алуу убактысы: 10:00 – 15:00.

Сурап-билүү телефону:            + 996 (555) 350526; + 996 (770) 410081.

+996 (312) 486171; 486172; 486164.

(КМДБнын / Муфтияттын имараты).

 

Документтерди тапшыруу мөөнөтү:

2017-жылдын 2-февралынан тартып, 2017-жылдын 24-февраль күнү саат 18:00 гө чейин.

Эскертүү: Коюлган талаптарга жооп бербеген документтер каттоого алынбайт.

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши.