(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Абдулазиз кары Закиров “Ыйман – адамдарды жакшылык кылууга үндөйт”

Райымдуу жана Мээримдүү Жараткандын аты менен баштаймын! Ассаламу аьлайкум Урматтуу мусулмандар, урматтуу мекендештер!

Өзүнүздөргө маалым болгондой КРнын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршенович 5-январда, «2017-жылды “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Аны менен кошо Кыргыз Республикасынын стратегиялык милдеттерин жүзөгө ашыруу, мамлекет менен коомдун күч-аракеттин түздөн-түз адамга, анын руханий дүйнөсүнө, адеп-ыйманына жана маданиятына багыттоо максатында, ошондой эле коомчулуктун кайрылуусу эске алынып, токтом кабыл алынды.

Быйылкы 2017-жыл - өзгөчө жыл. Ыйман, адеп - бул адамгерчиликтүүлүктүн туу чокусу, ал эми маданият ар бир элдин, улуттун негизги өзөгү. Маданияты болбой улут болбойт, ыйман, адеп болбой адам болбойт. Качан гана маданиятыбызга, адебибизге, жүрүм-турумубузга, ыйманыбызга маани берип, басым жасасак, адам болуп, улут болуп калыптана алабыз. Андыктан, Президенттин Жарлыгы өз убагында жарыяланды десек болот.

Ыйман демекчи,

Ыймандуулук—көңүлдөр самаган, жүрөктөр каалаган жана эки дүйнөдө Алланын кулун сый урматка жеткирген нерселердин эң абзели.

Ыймандуулук- бул адамдар издеген жана умтулган ой максаттардын эң улуусу

Алла Таалага ыйман келтирген адам эки дүйнөдө көптөгөн жакшылыктарга жетип, жакшы жашоодо жашайт жана жамандыктан, кыйынчылыктардан кутулат.

Ошондой эле Акыреттеги сооп- сыйлыктарга ээ болот жана түбөлүктүү ырахаттын, түгөнбөс жакшылыктардын жайы болгон Бейишке кирет.

Ал эми Бейиште көз көрбөгөн, кулак  укпаган, жүрөк сезбеген нерселер ыймандуулар үчүн даярдалган.

Ыйман – бул жараткан Аллах өзүнүн пенделерине жакшылык кылууну каалаган теңдешсиз улуу нээмат-жакшылыгы.

Ыйман – бул адамдын жүрөгүндө жайгашкан жаратканга болгон ишеним.

Ыйман сөзү Куранда 437 жерде, хадисте 98 жерде келген.

Ыйман – адамдарды жакшылык кылууга үндөйт.

Ыйман инсанга кыйын сыноолор келген кездерде чыдамдуулукту, сабырдуулукту, бекемдикти, туруктуулукту камсыз кылып, азгырыктардын көк ийримине туш келген кезде болсо андан абийирдүү кутулуп чыгууну, ийгиликтүү аманчылыкты, сак-саламатчылыкты кепилдейт.

Жараткан ыймандуу адамдын бул дүйнөдөгү жашоосун бейпил жана тынч кылып, ага адал ырыскыларды, коопсуз тиричиликти насип болуштугу жөнүндө аяттарда айтылат.

 “Эркекпи же аялбы ыйман келтирип, изги иштерди жасаса, ага мыкты жашоо беребиз. Ошентип, аларга кылган иштеринен жакшыраак сыйлык беребиз” деп хадисте баяндалат.

Ыймандуулук адамды жакшылыка чакырып, жамандыктан кайтаруучу жол жана адамдарды ынтымака, достукка чакырат.

Ыймандын жетимиштен ашык бутактары бар экендигин сүйүктүү пайгамбарыбыз кабар берген. Мисалы, сабырдуулук, чыдамкайлык, акниеттүүлүк, патриоттуулук, даанышмандык, кечиримдүүлүк, зиректик, акылдуулук, баатырдык, чынчылдык .ж.б. да булактары бар.

Ал эми адеп-ахлак,

Адеп адамды бактылуулукка тарбиялап, кубанычка бөлөйт.  Адепсиздик бактысыздыкка, кыйроого алып барат.

Адептүү адам эки дүйнөдө тең бактылуу болсо, адепсиздик баарынан  кур калтырат.

Адеп - бул бийик рухтун, таза жана ыхластуу напсынын, бийик таасирдүү билимдин тарбиясы.

Адеп боюнча Куран аяттарында 32 жерде, хадисте 52 жерде келген.

Адепти баары мактаган, адептүү бардык жерде сыйлуу болгон, адептүүнүн адеби кылымдарга эскерилген, акылман даанышмандар адеби менен сыймыктанып, жакшы адеби менен башкалардан айырмаланган. Бул дүйнөнү көрөгөчтүк менен карагандардын баары адамдын ички дүйнөсүн тарбиялоо негизги муктаждыктардын бири. Күбөлүк, диплом жана мүнөздөмөлөр менен гана жакшы адеп-ахлакка жете албайт.Чындыгында илимди адеп-ахлак башкарат, илим бир аспап сымал, аны адеп-ахлак башкарып алдыга түртөт, эгерде билимдүү адам жакшы адеп-ахлакта болсо жакшы жакка, жаман адепте болсо, илимди жаман жакка колдонот.

Ал эми маданият жаатында ар биринде кары-жашы дебей этика-эстетикасы, нравалык тарбиясы, жүрүм-турум маданияты, сүйлөшүү маданияты ж.б. маданияттуулук сөзсүз жогорку деңгээлде калыптанышы керек.

2017-жыл ыйман, адеп жана маданият жылына карата Кыргызстан элинин руханий жана адеп-ыйман баалулуктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган жаранды өстүрүүдө мамлекеттин жана коомдун күч-аракеттерин координациялоодо, ар бир баланын таланты менен шык жөндөмүн ачуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандырууда, жүрүм-турум жана укуктун маданияттын, өз ара урмат сыйдын, көмөктөшүүнүн жана жарандык тилектештиктин өрнөктөрүн жайылтууда мен төмөнкүлөрдү сунуштаар элем

1- Ыйман, адеп, жүрүм-турум чагылдырылган даректүү филимдерди даярдоо, сайттарды ачуу;

2-Келечек урпактардын руханий байлыгын байытуу, тазартуу, патриоттуулук сезимди ойготуу максатында социалдык булактарга ыйман, адеп, жүрүм-турумга байланышкан макалаларды, слайддарды, кыска видео-роликтерди жайылтуу;

3-Диндеги баалулуктарды жеткирүү;

4-Тематикага ылайык конкурстарды уюштуруу, буклеттерди, жарнактарды, сүрөттөрдү чыгаруу;

5-Симпозиум, конференцияларды, семинарларды, сабактарды, жолугушууларды (ЖОЖстуд, мектеп окууч.) уюштуруу;

6-Акын-жазуучулардын калемине таандык жана хадистерге ылайык ураандарды жазуу;

7-Спорттук иш чараларды уюштуруу;

8-Этникалык маданиятты калыптандыруу;

9-СМС-билдирүүлөр уюлдук байланыштын абоненттерине көрөңгөлүү, маанилүү мазмунду камтыган бейнелерди, макал-лакаптарды жиберүү;

10-Атайын тематиканын үстүндө жумалыктарды өткөрүү;

11- Эл аралык деңгээлде иш-чараларды уюштуруу, эл аралык илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү;

12-Тематиканын алкагында Роликтерди телеберүүлөр аркылуу эфирден көрсөтүп туруу;

13- Ак таңдай акындардын айтышын уюштуруу;

14-Теологдордун, диний аалымдарын лекцияларын күчөтүү ж.б.

Ар бир адамдын жүрөгүндө- ыйман уяласын.

Урматым менен,

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров