Муфтият-FM

Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
04:25
Күн чыгышы
06:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:52
Куптан
21:24

Адалдан тамактануу

Алла Таала Куранда: “Эй, ыйман келтиргендер, биз насип кылган ырыскылардын жакшысын жегиле. Эгер чындап эле ага сыйынчу болсоңор, Аллахка шүгүр кылгыла. Ал силерге өлүктүн этин, канды, чочконун этин, Аллахтын ысмы аталбастан сойулган малдардын этин жешти арам кылды. Ким бузуку болбогон, чектен ашпаган абалда аргасыз болсо, анда - ал күнөө болбойт. Анткени Аллах – Кечиримдүү, Боорукер”. (Бакара,172-173) деп адал тамактанууга буйруган.

Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок экендигине күбөлүк берем. Алла Таала эмнени адал кылса ошол гана адал, жана эмнени арам кылса ошол гана арам болот. Биз шариятыбызды Алла Тааланын буйруктарынан, көрсөтмөлөрүнөн алабыз.

Адалдан тамактанып, арамдан алыс болууга үндөгөн пайгамбарыбыз Мухаммад САВга салаваттар жана саламдар болсун.

Пайгамбарыбыз САВ хадистеринин биринде мындай деген: “Оо адамдар! Алла Таала таза, жана таза амалды гана кабыл кылат. Алла Таала  пайгамбарларды кандай нерсеге буюрган болсо, момундарды да ошого буйруп мындай деди: “Эй элчилер! Адалдарды гана ичип-жегиле жана жакшылык иштерди кылгыла! Акыйкатта, Мен силердин эмне кылганыңарды жакшы билүүчүмүн”. Дагы бир аятта мындай дейт: “Эй, ыйман келтиргендер, биз насип кылган ырыскылардын жакшысын жегиле”.

Бул аяттарды окугандан кийин пайгамбарыбыз САВ “Узак жолго сапарга чыгып, кийими чаң, чачы апсайган абалда Аллага жалынып, жалбарып эки колун асманга көтөрүп “Йаа Робб”(Оо Кудай) деп дуба кылган киши жөнүндө айтып, анын жеген-ичкени, кийгени арам болсо кантип Алла Таала дубасын кабыл кылсын” дейт. (Муслим).

Демек арам тамак дубанын кабыл болуусуна тоскоол болот экен. Ошондуктан дайыма адалдан тамактанууга бекем болойлу.

Адал тамактануунун пайдалары:

  1. Адал тамак адамдын кулк-мүнөзүн оңдойт.
  2. Жүрөгүн тазалайт.
  3. Дубасынын кабыл болуусуна себеп болот.

            Пенденин дубасын арам тамак тосуп калат деген кабар бүткүл пенделерди арамдан алыс болууга эң чоң түрткү болуусу керек. Эгерде кимде-ким ушул сөздү угуп да кайрадан арам тамакка бара берсе анда ал киши үчүн арам менен адалдын эч айырмасы жок сыңары экен.

Арам кесиптин балээлери:

  1. Мусулмандын ыйманын, динге болгон ишенимин начарлатат.
  2. Тапкан ырыскысында, байлыгында береке болбойт.
  3. Ар кандай балээлерге, кырсыктарга алып келет.
  4. Экономикалык кризиске, жумушсуздукка түрткү болот.
  5. Адамдар ортосунда жек көрүүгө, душмандыкка алып келет.

Шариятыбыз адал ишке үгүттөйт:

أن سعد بن أبي وقاص رضي الله عنه قال: يا رسول الله، ادع الله أن يجعلني مستجاب الدعوة، فقال له النبي  : ((يا سعد، أطب مطعمك تكن مستجاب الدعوة، والذي نفس محمدٍ بيده، إن العبد ليقذف اللقمة الحرام في جوفه ما يُتقبل منه عملٌ أربعين صباحًا، وأيما عبدٍ نبت لحمه من سحت فالنار أولى به))  

Саъд бин Аби Ваккас (Алла андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыз САВга “О Алланын элчиси, Алладан Менин дубам дайыма кабыл болуусун тилеңиз” дегенде Пайгамбарыбыз САВ : “О Саъд, жеген тамагыңды адал кылгының, ошондо Сенин дубаларың дайыма кабыл болот. Аллага касам! Кайсы бир пенде бир тиштем арам тамакты курсагына киргизсе кырк күн бою анын сооп-иштери кабыл болбойт. Кайсы пенденин денеси арамдан чоңойгон болсо, ал тозокко эң биринчи кирүүчүлөрдөн болот”-деп айткан.

أن رسول الله   قال: ((يأتي على الناس زمان لا يبالي المرء ما أخذ منه، أمن الحلال أم من الحرام؟))

Пайгамбарыбыз САВ : “Адамдарга ушундай бир заман келет, ал учурда адам адалдан табабы, же арамдан табабы ага көңүл бурбай коёт”.

عن أبي أمامة الحارثي رضي الله عنه أن رسول الله   قال: ((من اقتطع حق امرئ مسلمٍ بيمينه فقد أوجب الله له النار وحرّم عليه الجنة))، فقال له رجل: وإن كان شيئًا يسيرًا يا رسول الله؟ قال: ((وإن كان قضيبًا من أراك)) رواه مسلم في صحيحه ،

Абу Умама ал Хаарисийден риваят, Пайгамбарыбыз САВ : “Ким бир мусулмандын акысын (жалган) ант ичүү менен тартып алса, Алла Таала ага бейишти арам кылып, тозокко кирүүгө милдеттүү кылат” деп айтканда бир киши “О Алланын элчиси: (көзгө көрүнбөгөн) аз нерсе болсодабы ?” деп сураганда Пайгамбарыбыз САВ : “Араак дарагынын (куурап калган) бир таякчасы болсо деле” – деп жооп берген. (Муслим).

 “Араак” дарагы бул чөлдө, ысык жерде өсө турган мисвактын дарагы.

ورُوي أيضًا عن عدي بن عميرة رضي الله عنه قال: سمعت رسول الله   يقول: ((من استعملناه منكم على عمل فكتمنا مخيطًا فما فوقه كان غلولاً يأتي به يوم القيامة)) 

Идий бин Умайра (Алла андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыз САВдын мындай дегенин уктум дейт : “Биз кимиңерге бир жумушту тапшырсак (жооптуу ишти- мисалы: зекет чогултуу) анан ал бизден бир ийнечелик нерсени жашырып калчу болсо, кыямат күнү уурдаган буюмун көтөрүп келет” деп айткан.

والله عز وجل يقول:  وَمَن يَغْلُلْ يَأْتِ بِمَا غَلَّ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ثُمَّ تُوَفَّىٰ كُلُّ نَفْسٍ مَّا كَسَبَتْ وَهُمْ لاَ يُظْلَمُونَ  

[آل عمران:161].

Алла Таала Куранда мындай дейт: “Ким (олжону бөлүштүүдөн алдың) бир нерсени уурдап алса, кыямат күнү урдаган нерсесин алып келет. Андан соң ар бир жан кылган кесибине карата жазасын же сообун алат. Алар эч кандай зулумга дуушар болушпайт”. (Аалу Имран, 161).

Ошондуктан келиңиздер, менин бир туугандарым, баарыбыз Алладан коркуп, адал иштеп, адал тамактанууга бекем туралы.

 

Даярдаган: Чүй облусунун мусулмандар казыяты