Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
06:26
Күн чыгышы
08:00
Бешим
12:49
Аср
15:50
Шам
17:37
Куптан
18:55

Алла досторунун аты жазылган дептерде барсызбы?

Ибрахим Адхам бир күнү түшүндө колуна дептер алып жүргөн Жабрайилди (алейхиссалам) көрүп:

- Колуңдагы эмне болгон дептер? – деп сурайт. Ал болсо:

- Алла досторунун аты жазылган дептер, - деп жооп берет.

- Менин ысмым да жазылуубу? – дегенде:

- Жок, сенин ысымың Алла досторунун ичинде жок, - дейт.

Капаланган Ибрахим Адхам бул сапар минтип сурайт:

- Макул, менин ысымым Алла досторунун ичинде жок болсо, Алла досторун сүйгөндөрдүн ичинде жок бекен?

- Бар!

- Анда эмнеге турасың?

Жабрайил алейхиссалам ойлоно баштайт. Эмне кыларын билбей туруп калат. Анан Раббибизден буйрук келет:

- Эй, Жабрайил! Эмне ойлонуп отурасың? Киши сүйгөндөрү менен бирге эмеспи? Ибрахим Алла досторун сүйгөн болсо, анын ысымы алар менен бирге болууга тийиш эмеспи? Жаз аны да Алла досторунун тизмесине!

Бул сөзгө кандай дейсиз? 

Бул сөзгө кандай дейсиз? Бул сөздүн сизге байланышы барбы? Сиз да Алла досторун сүйөсүзбү?

 

Даярдаган: Авлиёев Фуркат

Баткен казыятынын басма сөз кызматы.