Муфтият-FM

(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
04:19
Күн чыгышы
06:06
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:56
Куптан
21:26

Чагымчылык

Каьбул Ахбард р.а айтты: Бану Исрайил   доорунда кургакчылык болуп өтө катуу каатчылык ачарчылык болот. Ошондо Муса алейхиссалам өз коому   менен баары бир жерге чогулушуп  Алладан  жамгыр тилеп үч күн  дуба-тилек кылышат. Тилеке каршы дубалары кабыл болбой, эл аябай  кыйналат. Аргасыздан Муса алейхиссалам  бир күнү  Алла Таалага кайрылып:  “Оо Рабим Алла! Биз Сага жалынып, жалбарып үч күн эл менен  жамгыр тилеп дуба кылдык, кабыл кылбадың. Себеби эмнеде?”,- дейт. Алла Таала айтты: “Эй Муса! арасында чагымчысы бар коомдун дубасын кабыл кылбаймын”,- дейт. Анда Муса алейхиссалам: “Оо Раббим Алла!  Дуба-тилек кылышкан менин коомумдун арасынан чагымчылык менен алектенген адамды көрсөтчү? Арабыздан аны чыгарып анан дуба кылалы”,-дейт. Алла Таала: “Эй Муса! Мен силерди чагымчылыктан тыйып туруп,  араңардан паланчы чагымчы деп көрсөтүп койсом Өзүм  чагымчы болуп калбаймынбы”,-дейт. Ошондо Муса алейхиссалам коомуна дуба-тилектердин кабыл болбой жаткандыгын түшүндүрүп, жалпы Алла Тааладан ката-кемчиликтери үчүн тооба кылышып, андан кийин жамгыр тилеп дуба кылышты. Жыйынтыгында дубалары кабыл болуп, жамгыр жаап коомдун тилегени кабыл болгон экен.

Чагымчы: Эки досту же эки бир тууганды же үй-бүлө же кошуналарды,  эки айылды же эки жамаатты же эки урууну же эки улутту ж.б арасына чок таштап уруштуруп, өз максатына жетүүнү көздөгөн  адам.

 

Даярдаган: Нурдин ажы Мамасабиров                                                                                               

Дурратуннасихин  китебинен алынды 285 бет.