Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
04:25
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:05
Аср
17:57
Шам
20:03
Куптан
21:25

Чыныгы сүйүү

Чыныгы сүйүү кандай болот?, Сүйүү деген өзү эмне? - деп сурашканда минтип жооп беришти: Сүйүү жүрөгү менен гана ийилип койуу эмес, балким өзүн сүйгөн адамы үчүн толук курмандык кылганга даяр болуу.

Тарыхта андай сүйүү болгонбу?

Албетте ага Абу Бакрдин (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбызга (Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) болгон сүйүүсү далил болот. Анын Пайгамбарга болгон сүйүүсү өтө күчтүү болгон. Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыз (Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) менен бирге Мекке шаарынан Мадинага көчкөн күнү, пайгамбарга зыян жетип калбасын деп пайгамбардын алдына өтүп, кайра артына өтүп, оң тарабына, кайра сол тарабына өтүп, апанын баласына бир коркунуч жетип калбасын деп корккондогусунан да катуурак коркуп жатты. Үңкүргө киргенде Абу Бакр пайгамбардан мурда үңкүргө кирген. Үңкүрдүн ичиндеги кичинекей тешиктердин бардыгын жаап, бир гана тешикти жапканга эч нерсе таппай калат. Ал тешикти буту менен тосот, бутун жылан чагып алат. Ооруга чыдабай көзүнөн жашы агып, пайгамбардын куттуу жүзүнө тамчылайт. Мына ушулардын бардыгы Абу Бакрдын пайгамбарга болгон чыныгы сүйүүсүнө далалат кылат. Сүйүү жөн гана тил менен айтып койуу эмес, балким иш жүзүндө далилдөө.