Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Чыныгы жоомарттык

Бир кишинин тилинде жоомарттык бар эле. Бирок колунда ал такыр жок болчу. Ар мүмкүнчүлүктө өзүнүн жоомарт экенин айтып, бирок чынында ал эч кандай жоомарт эмес экени билинип калчу. Бир күнү Ибрахим Адхамдын жанында отурганда, мындай дейт:

- Эй, Белхтин чоңу! Барына насаат кыласың, мага да насаат айтчы!

Ибрахим Адхам:

- Насаат айтсам, угасыңбы? – деп сурайт. Ал киши угам деп сөз берет. Анда Ибрахим Адхам мындай дейт:

- Сенин ишиң – жабыкты ачуу, ачыкты жабуу!

Ал бул сөздөн эч нерсе түшүнбөй калат:

- Бул эмнени билдирет?-дейт ал.

Ибрахим Адхам:

- Жабык болгон нерсе – сенин капчыгың, аны ачышың керек. Ачык болгон нерсе – сенин оозуң, аны болсо жабышың керек. Анткени оозуң сен кылбаган жоомарттыкты айтууда.

Чынында эле кээ бирлеринин жоомарттыгы тил учунда, бирок иш жүзүнө келгенде таптакыр башкача болуп калат. Мына ошондой адамдар үчүн Ибрахимдин сөзү сабак болгон:

- Сиздин ишиңиз жабыкты ачуу, ачыкты жабуу! Сиз муну ойлодуңуз беле?

Сиздин да ушундай абалыңыз барбы?

Ойлонуп көрүңүз! Жоомарттык тилиңиздин учундабы же колуңуздабы?

 

Даярдаган: Авлиёев Фуркат

Баткен казыятынын басма сөз кызматы