(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
05:50
Күн чыгышы
07:20
Бешим
12:46
Аср
15:24
Шам
18:12
Куптан
19:26

Дос жана бир тууган

Бир киши өзүнүн бир тууган агасын көтөрүп тоого карай чыгып баратты. Аны көргөн адамдар: Эмнеге чоң эле кишини өзүңө жүк кылып көтөрүп алгансың? - деп сурашты. Ал: Бул мен үчүн оор деле эмес, анткени бул менин бир тууганым - деп жооп берет.
Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн дос болуунун мисалы - кол менен көздүн мисалындай. Эгерде көздөн жаш акса, кол анын жашын арчыйт. Эгерде кол ооруса, көз ал үчүн жашын төгүп ыйлайт.
Досторуң менен тыгыз байланышта бол! Сени Алла үчүн жакшы көргөн дос, жарыгын чачкан шам чырак сыяктуу болот. Ал досуң сенин башыңа сыноо келип, дүйнө караңгылап кеткенде, ооруңду жеңилдетип, караңгылап кеткен дүйнөңдү жарытып берет.
Чыныгы бир тууган - сага сенин кемчиликтериңди айтып турган адам. Чыныгы дос - сени күнөө иштерден кайтарып турган адам.