(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
04:25
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:05
Аср
17:57
Шам
20:03
Куптан
21:25

Эмнени эксең, ошону оруп аласың

Бир киши буудай сатып күн көрчү эле. Күндөрдүн биринде анын жанына сулуу аял келип: Буудайыңыз барбы? - деп сурайт. Ал: Ооба, кампада буудайдын эң жакшы сорту бар! - деп ал аялдын жүзүнө суктануу менен карап колун кармап жиберет. Сатуучунун ал кылыгына жинденген аял буудай сатып албай эле кайтып кетип калат. Кеч кирип сатуучу да үйүнө кайтып келет. Келсе аялынын маанайы жок отурган болот, анын себебин билиш үчүн минтип сурайт: Сага эмне болду?, Эмнеге маанайың жок отурасың?

Аялы: Көп жылдан бери үйүбүзгө суу алып келип суу куюлган идишти эшиктин астына коюп кечтү киши, бүгүн сууну коюп жатып эшиктин артынан колумду кармап кетти, ушул күнгө чейин мени бир жолу да көргөн эмес болчу, мен да аны көрө элек болчумун - деп кайгырат. Ошондо өзүнүн кылганы эсине түшкөн эркек: О, Алла! Жанагы сулуу аялдын колун кармап койгонум үчүн менин аялымдын да колун бөтөн эркек кармап кетти, эгер андан артыгы болгондо эмне болмок? - деп өзүнө суроо салып тообосуна кайтат.

Көрбөйт деп кыянаттык кылба, анын акырети жана акыбети өкүнүчтүү болот, анткени эч нерсе унутулбайт, эч бир иш жазасыз калбайт.