(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
06:26
Күн чыгышы
08:00
Бешим
12:49
Аср
15:50
Шам
17:37
Куптан
18:55

Ислам маданияты

«Эй, момундар! Ислам динине толук киргиле. Шайтандын жолуна ээрчибегиле. Чындыгында, ал силер үчүн ачык душман». (Бакара 208)

 Ислам дини – бүткүл дүйнөлүк, ар бир заманга ылайык жана адам затынын бактылуу өмүр сүрүшүнө жол ачып берген, маданиятты туу чокусуна жеткизген дин.

Маданият дегенде көпчүлүгүбүз кандайдыр бир искусствону, же музыка, же кайсыл бир улуттук үрп – адатты түшүнөбүз. Бирок, маданият деген сөз өз ичине көп нерсени камтып алат. Адам баласы өзүн кантип алып жүрүш керек, кантип ой жүгүртүш керек мына ушулар да маданият сөзүнүн ичинде табылат. Элдер маданиятты үйрөнүп, аны менен бири – бирине бөлүшүш керек. Маданият аркылуу элдер бири – биринен айырмаланып турат. Кала берсе адам баласын айбанаттардан айырмалап турган нерсе да – бул маданият. Ар бир элдин өзүнүн маданияты бар дегени, ар бир элдин өзүнүн дини, жүрүм – туруму, эне тили, каада – салты, өзүнүн тамак – ашы жана кийим – кечеги жана башка ушул сыяктуу нерселери бар дегенди билдирет.

Ислам – бул өзүнчө, өзгөчө бир маданият. Бул араптардын, же болбосо чыгыш өлкөлөрүнүн маданияты эмес. Ислам бул бир эле тараптуу эмес. Балким, адам затына бактылуу, жыргал жашоону жашап өтүүгө керек болгон бардык сыпаттарды өз ичине камтыган. Албетте, Ислам маданиятында пайдубал сыяктуу, эч бир жерде өзгөрбөй турган, бардык мусулмандарга тиешелүү болгон милдеттер бар болгондой, ар кайсыл элге, мамлекетке жараша өзгөрүп тургандары да бар. Ислам маданиятынын булагы – Ыйык Куран китеби жана эки ааламдын мырзасы болгон Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) дын сүннөт жолу болуп саналат. Ошондой болсо да куттуу динибиз ар бир элдин үрп – адат, каада салтына да көңүл бөлгөн. Бирок, Ислам маданиятын жакшылап үйрөнүп, билип алуу керек. Аны динибизге туура келбеген үрп – адаттар менен аралыштырып, мына ушул дин деп айтуудан этиятта болуу өтө зарыл. Баарыбызга белгилүү болгондой динибиздеги эң чоң маданият – бул:

1) Таухид. Бир Аллахка табынып, Аны жалгыз деп билүү. Биз Аллах Тааланын пайгамбарлар аркылуу бизге жеткен насааттарына ишенебиз. Өлүмдөн кийинки жашоого, Кыямат күнүнө ишенебиз. Убактыбызды ибадат менен өткөргөнгө болушунча арекет кылабыз, намаз окуп, орозо кармап, зекет берип, ажылык амалдарын аткарабыз. Аллах Тааланын бизге арам кылган нерселеринен сактанып, адал кылып койгон нерселерден гана пайдаланабыз

2) Бир укуктуулук, сабырдуулук жана биртуугандык. Ислам маданиятынын өзгөчө басым жазаган нерсеси бул бир укуктуулук, б.а биз эч кимди түсүнө, тилине, мамлекетине карап бөлбөйбүз, кемсинтпейбиз. Ар бир инсан Аллах Тааланын алдында кымбат жана сүйүктүү деп ишенебиз. Динибизде зордук – зомбулукка жол берилбейт, эч кимди зордоп динге киргизбейбиз.

3) Эч кимдин аброюна шек келтирбестен, ар бир инсандын жакшы сапатын өтө баалайбыз. Өзгөчө динибизде бааланган сапаттар – такыбалык, чынчылдык, уяттуулук, тазалык ж.б. Биз бузукулук таратууга, текеберленип, бой көтөрүүгө, экстремизмге өтө каршыбыз. Ислам маданияты бардык элди Аллах Тааладан башкага кайрылбоого, Андан гана суроону үйрөтөт. Мээримдүүлүк, жоомарттык сапаттары да өтө бааланат. Ислам маданияты бул үй – бүлөдөгү маданият. Өзгөчө жубайлар ортосундагы жылуу мамиле, балдардын тарбиясы, ата энеге, улууларга болгон урмат сый. Биз аягы суюктукка, уятсыздыкка жана азыр кээ бир мамлекеттер маданият деп түшүнгөн гомосексуализмге өтө каршыбыз. Кумар оюндары, башты айландырган, мас кыла турган ичимдик, чылымдарды колдонуу Ислам маданиятына түп тамыры менен жолобойт. Биз кайсыл жерде жашасак да, кайсыл учурда болсок да, кандай элдин арасында болсок ушул өзүбүздүн Ислам маданиятын бекем карманышыбыз керек.

4) Ислам маданияты – бекем топтолгон, өнүгүп өсүүгө багытталган. Биз адилеттүүлүктү колдойбуз, алсыздарды кордоп, зулум кылганды жоюуга арекет кылып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Илим алып, илимдүү, билимдүү болгонго үндөйт. Диний илим алуу менен биргеликте, Ислам маданиятына туура келген светтик билим алууга да чакырабыз. Ислам маданияты ар бир инсандын талантын жогору коет. Архитектура, ден – соолукка жана айлана чөйрөгө болгон мамилени да жакшыртууну көздөйт.

5) Ислам маданияты даават, үгүт – насаатка курулган. Биз билебиз элдерди Ислам динине зордоп эмес, балким жылуу жумшак насаат менен чакыруу керек. Ислам маданияты элдер менен болгон сүйлөшүүнү үйрөтөт. Биз ишенебиз инсандын негизги тубаса касиети өтө жакшы жана эгерде ага Исламды таанып, аны кандай болсо, ошондой кылып үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берсек, акыры ал аны бактылуу кыла турган жолду табат. Биз эч бир шексиз ишенебиз бир күнү акыйкат орноп, жалган жок болот. Ислам маданияты сабыр кылууга жана талыкпай мээнет кылууга жана Аллах Таалага таянууга чакырат.

6) Ислам маданияты – сырткы көрүнүшүбүз да, ички дүйнөбөз да таза болуусуна үндөйт. Кийген кийимибиз, ойлогон оюбуз, алдыга койгон максаттарыбыз да таза болуш керек.

Азыркы учурда өтө бир талаш маселе – бул кийим маселеси. Аллах Таала Ыйык Куран Каримде мындай деген: «(Оо, Мухаммад!) Момундарга айт: «(Ар кайсыл аялдарды карай берүүдөн) көздөрүн сакташсын жана уяттуу жерлерин сактасын. Бул – алардын өздөрү үчүн абдан жакшы. Чындыгында, Аллах эмне жасагандарынан кабардар! Момун аялдарга айт: «(ар кайсыл эркектерди кароодон) көздөрүн сакташсын. Сулуулуктарын көрсөтпөсүн, көрүнүп тургандан башкасын (Бети, колу, бутунун томуктан ылдый жагы). Жоолуктарын көкүрөктөрүнө чейин жаба салынышсын». (Нур 30,31)

Демек, Ислам динибизде кийимге да маани берилген.

1) Аврат (уят жерлер) жабылган болуш керек. Эркек кишилердин авраты – киндиктен тартып, тизенин астына чейин. Аялдардыкы болсо дене бою толугу менен аврат. Бир гана колу, бети жана бутунун томуктан ылдый жагы аврат эмес.

2) Ар ким өзүнүн жынысына ылайык кийим кийиш керек. Эркетердин кийимдери аялдардыкына жана аялдардын кийимдери эркектердикине окшобосун. Себеби, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: «Аялдардын кийимин кийип алган эркекке жана эркектердин кийимин кийип алган аялга Аллах Тааланын каргышы болсун!». Дагы бир токтоло кетчү нерсе, эркектердин да, аялдардын да кийимдеринде жандуу нерсенин сүрөттөрү болбош керек.

3) Кийим адал материалдан тигилген жана адал жол менен келген болуш керек. Бул дегени Куранда жана хадистерде кайсыл жандыктын терисин иштетүүгө тыюу салынган болсо, ошондон алыс болуш керек. Кийинки маселе эркектердин кийимине тиешелүү: эркектердин кийими накта жибектен тигилбеш керек жана алтын менен кооздолбошу зарыл. Хадисте келгендей, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: «Жибек жана алтын үммөтүмдүн арасынан аялдарга иштетүүгө уруксат. Эркектерге буларды иштетүүгө болбойт». Дагы башка хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в) алтын шакек тагынууну, ысык чок тагынып жүргөнгө салыштырган. Ошондуктан, мусулман эркек жибектен тигилген кийим кийбеш керек жана алтындан болгон жасалгаларды, м: шакек, топчу, билерик жана башкаларды иштетпесин.

4) Кийим жөнөкөйлүгү менен айырмаланып, ошол эле учурда өзүнө жарашыктуу болуусу тийиш. Дагы бир талап кылынган нерсе кийим жөнөкөйлүгү менен кооз болуш керек. Албетте, эгерде кийип алган кийим чоң болсо, же өтө ачык өңдүү болсо, анда ал кооз болбой калат. Башкаларга да кандайдыр бир таң калыштуу көрүнүп, мындай кийим кийип жүргөн адамга жакшы көңүл да бурулбайт. Ошол себептүү кийим өзүнө чак, туура келген жана анын өңү да жарашыктуу болуш керек. Себеби, кийим кийгенден максат денени жабуу менен биргеликте, адам баласына сулуулук да тартылоо. Аллах Таала Куранда айткан: «Оо, Адам балдары! Уяттуу жерлериңерди жабуу үчүн жана сулуулук үчүн кийим түшүрдүк». (Аараф 26)

Ошону менен бирге Аллах Таала маданияттын борбору болгон, ибадат кылуучу мечиттерге жакшы, таза кийим кийип келүүгө буюрган: «Эй, Адамдын урпактары! Ибадатка эң мыкты кийимиңерди кийгиле». (Аараф 31)

Хадисте да келет, Абулахвас (р.а) риваят кылат: «Мен Пайгамбарыбыздын (с.а.в) алдына эски, кирдеп калган кийим кийип келдим. Ошондо ортобузда мындай сөз болуп кетти:

Пайгамбар (с.а.в): Оо, Абулахвас сенде тиричилик кылуучу нерселериң барбы?

Абулахвас: Ооба, бар, оо Аллахтын элчиси.

Пайгамбар (с.а.в): Эмнелериң бар?

Абулахвас: Менде төөлөрүм, жылкыларым, кой, эчкилерим жана мындан башка да Аллах Таалам мага ыроологон нерселер бар.

Пайгамбар (с.а.в): Эй, Абулахвас! Аллах сага ыйгарган нерселер, сенден көрүнүп, билинип турсун.

Өтө көңүл бура турган нерсе – бул аялдардын кийиминдеги жөнөкөйлүк. Аял киши кийимге келген учурда аялдык касиеттерди эмес, эң биринчи адамдык касиеттерди эске алууга тийиш. Жакшылап билип алгыла! Кийимдин кооздугу – анын жөнөкөйлүгүндө жана сулуу болуш үчүн кийингиле деген сөздөр тап – такыр эки башка. Эч бир талашсыз айланадагы эркектердин көзүн, көңүлүн, оюн буруп ала тургандай кылып кийинүүгө уруксат жок. Хадисте келет: «Пайгамбарыбыз (с.а.в) мечитте отурган кезде, Музайна уруусунан бир аял келип калды. Ал өтө кооз кийинип алып, башкалардын көңүлүн буруп басып жүргөн экен. Пайгамбарыбыз (с.а.в) ал аялды көрөөр замат: «Оо, элдер! Башкалардын көңүлүн бура турган кооз кийимдерди аялдарыңарга кийгизбегиле жана башкаларды алаксытып мечитке келүүгө уруксат бербегиле»!

5) Мусулман пенденин кийими башка динсиздердин кийимине окшоп калбасын. Тактап айтканда буддистер, иудейлер кийимдери болбосун жана ошолорго кошулууга үгүттөп жаткан белгилер да болбош керек.

6) Адал жол менен тапкан кийимди кийүү. Тамак – аш сыяктуу эле динибизде кийим – кечек да адал жол менен табылган болуш керек. Тыюу салынган жол менен, же болбосо зордук – зомбулук менен, б.а башкалардан тартып алып, алкоголдуу ичимдик, кумар оюндар, зинакорлук, пара аркылуу, алдамчылык аркылуу келген кийимдер сырткы көрүнүшүнө караганда аябай кооз, таза болушу мүмкүн. Бирок, акыйкатта ал ушунчалык кир, аны кийгенге да болбойт. Кир кийим кийип алып бирөөнүн алдына барсаң ишиң бүтпөгөндөй, арам жол менен тапкан кийим менен Аллах Тааланын алдына келип, бир нерсе сурасаң, бир да маселең чечилбейт.

7) Кийимди башкалардан жогору болуп, айырмаланып туруш үчүн кийбеш керек. Кандай кийим кийсең дагы, өзүңдү Аллах Тааланын кулу сезип, кандай учур болсо да, ошол кийимиңди чече калып, жайнамаз кылып намаз окуп кете ала тургандай болсоң, мына ошол сенин кийимиң жана мындай кийим кийүү – ибадат да болуп саналат.

Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүмүнүн  адиси Жигитали ажы Исмайилов.