Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
06:45
Күн чыгышы
08:24
Бешим
13:13
Аср
16:22
Шам
18:05
Куптан
19:43

Кыргызстан мусулмандарынын VI Курултайындагы Азирети Муфтийдин сүйлөгөн сөзү

Ассаляму алейкум ва рахматуллахи ва барокатуху!

Урматтуу Президиумдун мүчөлөрү,

Өкмөттүн жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин өкүлдөрү,

Кыргызстан мусулмандарынын 6-курултайынын делегаттары жана урматтуу меймандары!

Мага чоң ишеним көрсөткөнүңөр үчүн Сиздерге чын жүрөгүмдөн бардык ыраазычылыктарды билдирип коюга уруксат этиңиздер!

Биринчиден Кудуреттүү Алла Тааланын жана ушул чоң кызматка мени колдоп келген жана колдоп жүргөн баардык адамдардын алдында эгебейсиз чоң жоопкерчиликти жана ишенимди түшүнүү жана кадыр-баркын урматтоо менен, Кудуреттүү Алла Тааланын калоосу үчүн, аны адилеттүүлүк жана жогорку татыктуу деңгээлде аткарууга даярдыгымды билдиремин. Ар дайым чечим кабыл алууда объективдүүлүк менен жана бүт коомдун мусулмандарынын жана бүткүл өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алууга даярмын.

Коомчулукта тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү тамырланышы үчүн, коомубуздун биримдигин, руханий жана адептүүлүгүн бекемдөөгө бардык жөндөмүмдү жумшаймын.

Ушундай иш аракеттер иш жүзүндө мамлекетибизди жогорку ийгиликтерге алып келээрине терең ишенемин.

Биздин элибиздин руханий-маданияттык өзгөчөлүгүнүн чоң мааниси жана анын өнүгүшү, биздин терең урматтаган мамлекет башчыбыз, улуу урматтуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаев, бул жылды “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялоо чечиминде аныкталган.

Ошондуктан, бул баалуулуктарды бекемдөө максатында, бул жогорку кызматта, мен силердин ар бир насыятыңарга, акыл-насаатыңарга жана жолдомоңорго муктаж болом. Эл оозунан накыл сөздө бекеринен: "Бир бутак дарак болбойт" деп айтылбайтта. Бул биримдиктин маанилүүлүгү.

         Биздин биримдигибиз болуп, бул ар бирибиздин катышуубуз, жардамыбыз жана акыл насааттарыбыз жоктугунда алдыга жыла албагандыгыбыз!

Ошондуктан, биримдик, руханий жана адеп-ахлак максаттарына, биздин өлкөдөгү тынчтыкка жетүү үчүн, ийиндеш туруп аракет кылганга чакырып кетемин.

Биз баардыгыбыз, Кыргызстандын жаркын жана ийгиликтүү келечеги үчүн иштөөгө жана умтулууга даярбыз!

Ассаляму алейкум ва рахматуллахи ва барокатуху!