Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Омоктуу окуя: Кепиниңерди өзүңөр алгыла

Бир улгайган карыя. Өмүрүнүн акыркы сааттарын жашоодо. Жолоочу дагы. Азыгы түгөнгөн. Ачка, суусаган. Бир элге туш болот. Көчөлөрүн аралайт. Мечитине кирет. “Кел” деген эч ким жок. Абалына көз жүгүртүп, муктаждыгын сураган жан болгон жок. Болгону суук көздөрү менен карап коюшат... Күүгүм кирди. Намаз окушту. Жылдыз чыкты. Дагы намаз окушту. Бирок “Келиңиз, бизге кошулуп окуңуз” деген жан болбоду. Түн болду. Мечитте коколой башы. Алланын үйүндө. Алланын коногу. Кудайы конок. Ошол түнү үзүлдү. Балким ачкалыктандыр. Таңкы намазга келгендер кечээки эле адамдар. Чоочун мусапырды жуушту, кепиндешти, ырасымын жасап көмүштү. Айтор, милдеттеринен кутулушту.
Көмүлгөн күндүн эртеси... Таңкы намаз. Шумдук! Бул эмнеси? Михрапта кепин турат. Кепин! Жанында бир кагаз. Кагаз бош эмес. Бир жазуу бар: “Биз силерге конок жөнөттүк. Чарчаган. Ачка да болчу. Аны коноктогон жоксуңар. Эч нерсе ичирип-жедирген жоксуңар. Абалын да сурабадыңар. Бизге эч нерсеңердин кереги жок. Кепиниңерди өзүңөр алгыла”. Кудай сактаа... Бул эмнеси, ыя? Келген конок Кудайдыкы... Этият... Өтө абайла!

Бул икая болгонбу же болгон эмеспи билбейбиз, бирок, кыргызда чакырылбай келген конокту “Кудайы конок” (Кудай жиберген конок) – деп билишкен жана балдарынан каткан тамак-ашын коноктун алдына жайната салышкан. Ар бир конок өз ырыскысы менен келээринен шек-күмөн жок. Ошондуктан “Канча бут кирсе ошончо кут кирет” деп конок ылгашкан эмес.

Маркумга жаназа окуп, жерге берүү, албетте, пендечиликтин милдети болсо, көзүнүн тирүүсүндө шартың болуп туруп бир чөгүн чай бере албаганың адамкерчилигиңдин кагырап, куурай башташынан кабар берет.

 

Нарын Казыятынын басма сөз кызматы
Сагындыков Тойчубек