Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
06:26
Күн чыгышы
08:00
Бешим
12:49
Аср
15:50
Шам
17:37
Куптан
18:55

Пайгамбарыбыздын кулк-мунөзүнөн

Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын. Бардык мактоо, даңктоо бүткүл ааламдарды жараткан, анын ичинде бизди айбандан айырмалап акыл берип, инсан кылып, инсандардын арасынан ыймандуу мусулман кылып жараткан  улуу Алла Таалага гана таандык. Алла баардык нерсени Көрүүчү, Угуучу, Жаратуучу, бүткүл улуулуктун ээси. Кимде-ким Ага ишенсе жана Ага бул жалган дүйнөдө татыктуу кул болууга аракет кылып жашаса, Алла аны бул дүйнөдө жана Акыретте бактылуу кылат. Ал эми ким Ага ишенбесе жана напсисине кул болуп Ага кулдук милдетин аткарбаса, Алла аны бул дүйнөдө жана акыретте бактысыз кылат.  Андан кийин Алланын аманатын ар кандай тоскоолдуктарга карабастан бизге толугу менен жеткизген Пайгамбарыбыз Мухаммадга (Ага Алланын салам-салаваты болсун) биздин саламдарыбызды Алла өзү жеткизген болсун.

Урматтуу мусулман бир тууган! Алла кимге байлыкты же мансапты берген болсо, ал нерселер Алла аны сүйгөндүгүнө далил боло албайт. Кимге Алла ыйманды насип кылган болсо, мына ошол нерсе Алла сүйгөндүгүнө далил. Ошондуктан Алла берген улуу нематтарды Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Алланын салам-салаваты болсун) көрсөткөн жол менен туура пайдаланып, Ага татыктуу кул болуу биздин ыйык милдетибиз.  Ал эми сиздин колуңузга, анын кээ бир табылгыс кулк-мүнөздөрүн сыпаттаган кыскача кабарларды сунуш кылабыз. 

Пайгамбарыбыздын  (Ага Алланын салам-салаваты болсун) кулк-мүнөзү эң жогорку чекке жеткендиктен, анын баарын сыпаттап айтуу мүмкүн эмес. Анын мүнөзүн көргөн адамдардын жүрөктөрү жибиген. Бул дүйнөдө ал сыяктуу адамды эч ким көргөн эмес.  Аны  менен чогуу жашаган замандаштары ал үчүн жанын берүүгө даяр болчудай жакшы көрүшкөн. Анткени, анын башка эч бир адам баласына берилбеген кулк-мүнөзү адамдарды өзүнө багынтып алган болчу.

Жакшы кулк мүнөз шариатта адал болгон нерселерди аткарууга ар дайым даяр турган жана адамдардын көңүлүнө зыян берүүдөн толук баш тарткан момун адамдын жүзү нурлантып, жаркыратып турат. Пайгамбарыбыз  (Ага Алланын салам-салаваты болсун) айткан: «Мусулман адамдын өзүнө керексиз нерселерди таштоосу, Исламдын жакшы кулк-мүнөзүнөн».

            Алла Таала Пайгамбарыбыздын  (Ага Алланын салам-салаваты болсун) кулк мүнөзү жөнүндө Куранда көптөгөн аяттарда мындай деген:

"Биз сени бүткүл ааламга мээрим кылуу үчүн жөнөттүк". (Анбия, 107-аят).                                                            

             «Чындыгында силер үчүн да, Алланы, акырет күнүн үмүт кылгандар жана Алланы көп эске алган адамдар үчүн да, Алланын элчисинде көркөм өрнөктөр бар». (Ахзаб 21)

Башка бир аятта Алла Таала айтат; «...ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор, ошолор Алла сүйгөндөр !» (Ал имран 134)

            "Нуун. Калемге жана анын жазгандарына касам. Сен жинди эмессиң, Сага Алланын нематы (пайгамбарчылыгы) берилди. Чындыгында, сага түгөнбөгөн сыйлык бар. Сен - улуу кулк-мүнөз ээсисиң". (Калам, 1-4-аяттар).                                                          

Жогоруда айтылган Курандын аяттарында айтылгандай жакшы кулк-мүнөз ээси Пайгамбарыбыз Мухаммад  (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Ошондуктан ар бир мусулман адамга Пайгамбарыбыздын  (Ага Алланын салам-салаваты болсун) кулк-мүнөзүнө эргешүү өтө зарыл. Айша (Алла андан ыраазы болсун) энебизден Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) кулк-мүнөзү тууралуу сурашканда ал: «Пайгамбарыбыздын  (Ага Алланын салам-салаваты болсун)  мүнөзү тирүү Куран эле» деп айтат.

Алла Таала айткан: "Чындыгында, силерге өз араңардан ызаттуу элчи келди. Ага силердин түйшүгүңөр оор болсо да, ал силерге өтө камкор. Момундарга мээримдүү, боорукер". (Тообо, 128-аят).                                                                              

Анас (Алла андан ыраазы болсун) айтат: «Өзүнүн кулк мүнөзү жагынан (алганда) Алланын Элчиси (Ага Алланын салам-салаваты болсун) адамдардын ичинен эң мыктысы болчу» деп айткан (Бухари Муслим).

Башка бир хадисинде Анас (Алла андан ыраазы болсун) айтат: «Менин колум эч качан Алланын Элчисинин  (Ага Алланын салам-салаваты болсун) алакандарынан да жумшак жибек же парчага тийген эмес жана мен эч качан Алланын Элчисинин  (Ага Алланын салам-салаваты болсун) жыпар жытындай жыпар жытты сезген эмесмин. Мен Алланын Элчисине  (Ага Алланын салам-салаваты болсун) он жыл кызмат кылдым жана ал мага бир да жолу «Уф» деп айтканын уккан жокмун, мен бир нерсени туура эмес кылып койсом ал мага: «Сен эмне үчүн мындай кылдын?!»  дечү эмес, эгер мен бир нерсени жасабай койгон болсом, ал мага «Сен эмне үчүн мындай кылганжоксуң?!» деп айткан эмес» деп айткан. (Бухари Муслим).  

Абу Умама (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): "1-Чындык өзү тарапта болсо да талашуудан сактанган адамга  Бейиштин четиндеги үйгө кепилдик берем. 2-Тамашалап болсо да жалган сүйлөбөгөн адамга  Бейиштин ортосундагы үйгө кепилдик берем. 3-Ал эми мүнөзү жакшы адамга - Бейиштин төрүндөгү үйгө кепилдик берем" - деп айткан. (Абу Дауд).   

Пайгамбарыбыздын  (Ага Алланын салам-салаваты болсун) кулк-мүнөзү  жана кичипейилдиги жөнүндө мындай деп айтылган. Пайгамбарыбыз  (Ага Алланын салам-салаваты болсун)  пайгамбар болсо да кийимин өзү тигип, бут кийимин өзү жамап, малын саап, кулдар менен жерге олтуруп тамактанып, базарга барып үй-бүлөсү үчүн соода-сатык кылуудан уялбайт эле.

Асвад (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте: Аиша энебизден (Алла андан ыраазы болсун) "Алланын Элчиси үйдө эмне жумуш кылат?" - деп сурашканда, ал: "Ал ар дайым үй-бүлөсүнүн кызматын кылат. Ал эми намаз убактысы келгенде мечитке жөнөйт" - деп айткан. (Бухарий).                                      

Бай же кедей болсун кучакташып учурашып, учурашкан мезгилде тиги адам колун тартып алмайынча, колун тартып алган эмес. Жада калса алдынан адам чыгып калса, ал чоң же кичине болсун ага биринчи салам берген. Абдулладан (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (Ага Алланын салам-салаваты болсун): "Саламды биринчи баштаган текеберликтен алыс болот". деп айткан (Байхаки). 

Пайгамбар (Ага Алланын салам-салаваты болсун) бир жерге барып, отурган адамдарга кошула турган болсо четине барып олтуруп, адамдарга да ушундай кылып олтурууну буюрган. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун)  олтургандардын баарына бирдей мамиле кылгандыктан, алар бири-биринин артыкчылыктарын сезишпей калаар эле. Керек болсо муктаж адамдын колун куру кайтарган эмес, жок дегенде жылуу-жумшак сөзүн айтып узатакандыгы жана башка көптөгөн кулк-мүнөзү, адеп-ахлагы, кичипейилдиги, сабырдуулугу, жумшактыгы, ырайымдуулугу, каниеттүүлүгү туурасында айтып отурсак адам баласына Куранда айтылгандай өрнөктөр өтө көп.   

Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) сүннөт жолун жолдоо, ар бирибиздин мойнубузда милдет. Эгер биз сүннөт жолун аткара турган болсок, Алла Таала бизге бул дүйнөдө көптөгө жакшылыктарды берет. Ал эми акыретте Пайгамбарыбызды (Ага Алланын салам-салаваты болсун) шапаатына ээ кылуу менен бактылуу кылат. Сиз эгер Пайгамбарыбызды (Ага Алланын салам-салаваты болсун) чындап сүйсөңүз, анда анын кулк-мүнөзүнөн сабак алыңыз.                                    

 

Даярдаган: КМДБнын ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев.