(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Шайтанды чөгөлөткөн тообалар

Бир күнү таңда сахабалардын бирөөсүнүн эшигин кимдир бирөө катуу кага баштайт. Күндүн туулушуна аз калган эле. Сахаба: «Сен кимсиң? Эмне таң атпай?» - деп сурайт. Эшикти каккан: «Мага ишенбейсиң, бирок мен шайтанмын, сенин күн туула электен мурун намаз окууңду каалаймын. Шашыл!» - дейт.

Сахаба: «Сен шайтан болсоң, ар дайыма аркамдан калбай азгырып жүрөсүң, а эмне үчүн азыр мындай жакшы ишке себепкер болгону жатасың?» - деп сурайт.

«Туура, бирок эстесең, өткөндө сени азгырып, алаксыттым, багымдат намазын окуй албай калдың бирок, ушундай катуу өкүнүп, тооба кылганыңдан көптөгөн күнөөлөрүң кечирилди. Бул иштен мен зыян тарттым.  Ошон үчүн азыр куулук кылып, экинчи ошондой катуу тооба кылбашың үчүн сага жакшылык кылып жаткандай көрүнүүдөмүн. Сен шашылгын, болбосо дагы зыян тартамын.» - деп жооп берет

 

Даярдаган: Авлиёев Фуркат

Баткен казыятынын басма сөз кызматы