Муфтият-FM

Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
04:25
Күн чыгышы
06:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:52
Куптан
21:24

Ыйман, ыймандуулук жана адеп

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата

Ыйман, ыймандуулук жана адеп жөнүндө түшүнүк

Биринчиден, он сегиз миң ааламдын Ээси, Жаратуучубуз, ырыскы Берүүчүбүз, Мээримдүү, Ырайымдуу Алла Таалага мактоолор жана Анын саламы жана салаваттары биздин сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммадга анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына болсун. Урматтуу боордош мусулман агайын туугандар, биздин урматтуу Президентибиз Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин үстүбүздөгү жылды мамлекетибизде өзүнүн Жарлыгы менен “Ыйман, адеп жана маданияттын жылы” деп жарыялоосу менен, бардык жакшылыктардын башаты болгон, жеке адамдын, үй-бүлөнүн, жамааттын, мамлекеттин, жер жүзүнүн бейпилчилигин, ынтымагын камтыган эки дүйнөнүн бактылуулугунун негизи болгон ыйманга, ыймандуулукка жарандарыбыздын көңүлүн буруусу, албетте, биз Кыргызстан мусулмандары улуу иш деп эсептейбиз. Анткени, биз кыргыз эли эзелтеден эле мусулман болуп, ата-бабаларыбыз ыйманды ыйык тутуп келишкен. Элибиздин меймандостук, улууну урматтоо, ата-энени сыйлоо, аксакалдарды кадырлоо аманаттын ыйыктыгы жана ушул сыяктуу  жакшынакай каада-салттары ыймандын жемиштери. Быйылкы жыл мамлекетибизде “Ыйман, адеп жана маданияттын жылы” деп жарыяланып жаткан соң, улуу ыйман сөзүнүн чыныгы маани-маңызын Алла Тааланын сөзү болгон Курани Каримдин, пайгамбарыбыз Мухаммад соллоллооху алайхи васалламдын хадистеринин негизинде, ушул макала аркылуу түшүндүрө кетүүнү ыйык милдетибиз деп эсептейбиз.

Кыргыз элинин төл сөзүнө айланган ыйман сөзү арабдын “Аль- Ийман” – тастыктоо деген сөзүнөн алынган, мындайча айтканда сөздүктөгү мааниси кимдир бирөөнүн сөзүнө таянуу менен чын жүрөктөн ишенүү дегенди билдирет. Ал эми шарияттагы мааниси Алланын элчиси алып келген кабарларга, көрбөстөн туруп элчинин сөзүнө таянуу менен чын жүрөктөн ишенүү ыйман деп аталат. Демек, Ыйман деген бул эң биринчи Алла Таалага, Анын бар экендигине, Анын түбөлүктүүлүгүнө, Кудуреттүүлүгүнө, Улуулугуна, бардык нерсени Жараткандыгына, периштелерине, китептерине,кыямат күнүнө, тагдырдын жакшы жаманына, өлүмдөн кийинки жашоого пенденин Алла Таалага болгон бекем ишеними. Жана ошондой эле Мухаммад соллоллооху алайхи васалламдын пайгамбарыбыз экендигине, анын Алла Тааланын Кыямат Кайымга чейин келүүчү жалпы үммөттөрүнүн пайгамбары экендигине ыйман келтирүү.

Ыйман келтирүү деген эмне? Ыйман келтирүү деген бул – Лаа илааха иллаллоох, Мухаммадур росуулуллоох – Бир Алладан башка сыйынууга ылайык зат жок, Мухаммад Алланын элчиси, деп ыйман келмесин тил менен кайталап айтылганга жүрөк менен терең ишенүү, тастыктоо. Бардыгы, жакшылык-жамандык, пайда-зыян, бактылуулук-бактысыздык, ден соолук-оору ж.б. турмушубуздагы бардык абалдар Алланын өкүм буйругу, Анын тагдыры, Анын илими, Анын Кудурети аркылуу болуп турат деген түшүнүктү жүрөккө киргизүү. Алла Тааланын бул татаал, коркунучтуу дүйнө жашоосунда пенделеринин адашып, азап тартып калбоосу үчүн жашоо эрежеси кылып түшүргөн китеби Курани Каримдеги Анын көрсөтмөлөрүн, өкүм буйруктарын, Анын бизге  жиберген пайгамбары Мухаммаддын  (с.а.в.) сүннөт, хадистерин толук кабыл кылып, аларды амалы менен бекемдөө. 

Хадистерде  ыймандын үч даражасы бар экенине көрсөтмө берилген. Биринчиси Ислам, ортончусу  ыйман,Эң жогорку даражасы эхсан. Ыймандын бул баскычтары боюнча Жабраил хадисинде төмөндөгүчө кабар берилген. Жабраил периште пайгамбарыбызга келип, алгач Ислам жөнүндө сурады. Пайгамбарыбыз (с.а.в[n1] .): “(Ислам деген бул) Алладан башка сыйынууга ылайык зат жок, Мухаммад Алланын элчиси деп күбөлүк берүү. Намаз окуу, зекет берүү, орозо кармоо, кудрети жетсе ажылыкты аткаруу”, деп жооп берди. Андан кийин, ыйман эмне деп сурады. Анда, Алла Таалага, периштелерине, китептерине, кыямат күнүнө, тагдырдын жакшы жаманына, өлүмдөн кийинки жашоого ишенүү деп жооп берди. Андан кийин эхсан эмне деп сурады. Анда :“Сен Алла Тааланы көрүп тургандай сыйынгын. Эгер сен аны  көрүп турат деп сыйына албасан ал сени көрүп турат” ( деген сезим менен сыйынгын), деп жооп берди. Жабраил периштенин келиши жана диндин эң маанилүү иштери жөнүндө суроо сурашы бул алым сабак. Бул  аркылуу исламдын, эхсандын жана ыймандын негиздерин жана маанисин элге ирети менен жакшылап түшүндүрүп берди.

Ислам жана ыймандын ортосунда эмне айырма бар?.Ислам жана ыйман сөздөрү өз алдынча келгенде бири экинчисинин маанисин ичине камтып алат. Ал эми ислам жана ыйман сөзү чогуу келгенде ар биринин өзүнө таандык мааниси, өкүмү жана шарттары колдонулат. Мисалы ислам сөзү өз алдынча колдонулганда сөссүз анын ичинде ыйманды эскеребиз. Ошондой эле ыйман сөзү өз алдынча колдонулганда да сөссүз исламды эскеребиз. Ал эми ыйман жана ислам бирге келгенде ар бирине таандык мааниси колдонулат.

 Мусулман жана момундун ортосунда эмне айырма бар? Алла Таала өзүнүн кереметтүү Китебинде “ О,момундар!”  “О,мусулмандар!” деп кайрылган. Мусулман жана момундун ортосунда айырмасы алардын аткарып жаткан иштернен билүүгө болот. Ислам тышкы көрүнүп турган амалдарды аткаруу менен билинет. Мисалы намаз окуу, зекет берүү, орозо кармоо, кудурети жетсе ажылыкты аткаруу сыяктуу. Ал эми ыйман болсо ички дүйнөгө байланыштуу амалдарды жүрөктүн аткаруусу. Мисалы, Алла Таалага, периштелерине, китептерине, кыяамат күнүнө, тагдырдын жакшы жаманына, өлүмдөн кийинки жашоого ишенүү сыяктуу.Демек ыйман же момун деген сөз ички дүйнөнүн, жүрөктүн моюн сунууусу б.а.  Инсан менен Алланын ортосундагы өзгөчө байланыш, аны эч ким көрө да, аныктай да албайт. Бир гана Алла Таалага маалым. Ал эми ислам же мусулман деген сөз сырткы көрүнүштөгү моюн сунуу б.а. күбөлүк берүү, намаз, орозо жана башка ибадаттарды аткаруу. Бул амалдардын баары ачык амалдар, аларды көрүүгө болот.

Ыймандын адамга берген таасирлери кандай? Ыйман, ыймандуулук адамдын ички жана тышкы сулуулугу.  Аллага ыйман келтирген пенде, Алла Таалага баш ийген, башкалардын акысынан корккон, аманатка, убадага бекем, Жаратуучунун кайтарган, арам нерселеринен кайткан, адептүү, мүнөзү жакшы жана адамгерчиликтүү адам болуусуна шарт түзөт. Анткени, ыймандын жетимиштен ашуун бөлүгү бар. Бул жөнүндө Абу Хурайра (р.а.) келтирген хадисте мындайча айтылган: “ Мухаммад (с.а.в) пайгамбарыбыз: “Ыйман бул жетимиштен ашык бөлүк, эң жогоркусу – “лаа илааха иллаллоох”, ал эми эң төмөнкүсү жолдон жолтоо болгон нерселерди алып салуу, уяттуулук дагы ыймандын бутагы”-деген”.  (Бухарий, Муслим)

Момундун  жашоосун кооздогон ыймандын көптөгөн жемиштери болот.  Алардын бир канчасын баядап өтөлү;

  • Ыйман деген бул момундардын курсантчылыгында, коркунучунда, тынчтыгында, Аллага баш ийиүүсүндө жана Аллага күнөөкөр болуусунда башпаанек ала турган жери.
  • Ыйман момундарга Алла Тааланын ыраазылыгын жана акыреттеги бактылуулулугун алып келет.
  • Ыйман момундардын дүйнө акыреттеги кыйынчылыктарын кетирет.
  • Толук ыйман тозоко кирүүдөн тосот. Алсыз аз ыйман тозокто түбөлүк калуудан куткарат.
  • Жакшы амалдар менен коштолгон ыйман ырахаттуу, ширин өмүр сүрүүнү, жана бейпил, каниеттүү жашоону алып келет.
  • Ыймандуу адамдын сөздөрү жана иштери туура болот. Жана ал аракечтик, наркомания, уурулук, зордук-зомбулук, каракчылык, бирөөнүн акысын жеп алуу, алдамчылык жана ушул сыяктуу илдеттерден оолак болот.
  • Ыймандуу адамдын башына кыйынчылык түшкөндө, Алла Таала ага туура жол көрсөтөт. Сабыр жана шүгүр берет, эки дүйнөдө даражасын көтөрөт.
  • Ыйман, ыймандуу адамды Алла Тааланын ачуусунан жана эки дүйнөнүн азабынан куткарат.
  • Бекем  ыйман адамды күнөөгө батуудан куткарат. Анткени ыймандуу киши Алла Тааладан коркот, ага жараша күнөөнүн жазасын сезет.
  • Ыйман адамдагы Аллага болгон шектенүүнү кетирет жана аны туура жолго салат. Анткени Алла Таала Куранда мындай деген: “...албетте Алла Таала ыйман келтиргендерди сөссүз туура жолго баштайт” (Хаж, 47)
  • Ыйман адамдын жүрөгүн жумшартып ырайымдуу кылат. Кедейлердин, жетимдердин хажаттарын сезе баштайт.
  • Ыйман адамдын кулк-мүнөзүн, адеп-ахлагын кооздойт. Ыйман адамдын жүрөгүндө Кудайдан коркуу сезимин көбөйтөт. Кудайга бейбаштык кылуудан алыс болуп, буюурган иштерин так аткарат.

Ушул жогоруда айтылган адамдын жеке ички  дүйнөсүнүн оңолуусуна таасир берүүчү жакшы иштер ар бир ыймандуу пенденин сөзүндө, ишинде, жүрүш-турушунда, жашоосунда болсо ал чыныгы ыймандуу мусулман болот.

Алла Таала Курани Каримде, мындай дейт: “Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, немат-жакшылыгымды кемчиликсиз, толук кылып бердим жана силер үчүн Исламды (гана) дин кылып тандадым...”, дейт  (Мааида, 3). Алла Таала бул кереметүү аяттарында Ислам динин белгилеп, аны пенделеринин жашоосуна улуу немат-жакшылык катары дин кылып бергендигин баяндап жатат.  Мына ошентип, ыймандуу адам деген Ислам дининде, мындайча айтканда пенделерине улуу немат жакшылык кылып берген эреже тартибинде жашаган ыймандуу адам. 

            Курани Каримдин аяттары, пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) хадистери башынан аягына чейин ыйман аркылуу адамды тарбиялап улуу даражага жеткирүүгө арналган.

Адептин маааниси жана түшүнүүгү

Тилибизде "адеп" деп айтылуусу адатка айланган арабча "адаб" сөзү негизинде «жакшылыкка чакырууну» жана «тартиптүү болуу, сылык болуу» деген маанилерди түшүндүрөт, ал "маъдаба" атоочунан алынган. Адеп да адамдар дайыма чакырылуучу руханий зыяпат болгондугу үчүн ушул наамды алган. Демек адеп жакшылык дегени  "Баланча киши адептүү экен" делингени ошол адамдын жакшылыгы көп экен, дегени. "Кийинүү адеби" дегенде жакшылап кийинүү түшүнүлөт. "Маектешүү адеби" дегенде маекти эң жакшы деңгээлде алып баруу көздө тутулат. "Коомдук адептер" коомдук мамилелерди эң жакшы көрүнүштө алып баруу дегени.

     Абу Мухаммад "Китабул Вааъий" деген чыгармасында: "Адеп адамдарды макталган нерселерге чакырганы үчүн адеп деп аталып калган", дейт. Абу Зайд р.а: "Адеп артыкчылыктардан бирине жеткирүүчү жакшы аракетке иштетилүүчү наам", деген.

     Адептин төмөнкүдөй аныктамалары да келген: "Мактоого ылайык сөз жана амалды иштетүү, аткаруу бул адеп"; "Жакшы кулк мүнөздө болуу адеп"; "Өзүңдөн улууну урматтап, өзүңдөн кичүүнү сыйлашың адеп". Ушундай жана ушуга окшош аныктамалар чогултулганда, Исламда көздөлгөн "адеп" мааниси жүзөгө келет.

     Мухаммад Зехний айтат: "Артыкчылык ата-тек менен эмес, балким адеп менен табылат".

     "Ар бир адам өз кесибин толук билүүсү, жакшы тарбия алуусу жана жакшы кулк-мүнөз адеп сымал, артыкчылыктарга ээ болуусу керек", дейт Абу Наср Фаробий.

     Азыркы күндө батыштын маданиятынын таасиринде "адеп"ти маданият деп атоо адатка айланды.  Мисалы  "тамактануу адеби" дештин ордуна "тамактануу маданияты" делинет. Кээде коомдук адептер деген маанини түшүндүрүү үчүн французча "этика" сөзү да иштетилет.

Адептер негизинен үчкө бөлүнөт:

  1.  Аллах Таалага жана Кураани Каримге болгон адеп,

2. Пайгамбарыбызга жана калган баардык адамзатка болгон адеп.

Пайгамбарларга, Сахабаларга болгон адеп, Ата – эне менен болгон адеп, жубайлардын ортосундагы адеп,  балдар менен болгон адеп,   туугандар менен болгон адеп,       кошуналар менен болгон адеп, достор менен болгон адеп, мусулмандын жалпы мусулмандар менен болгон адеп, каапырлар менен болгон адеп.

3. Жаратылыш менен болгон адеп: Мисалы үчүн: Мечиттерге болгон адеп, Дилди таза сактоонун адеби,         Даарат жана тазалыктын адеби, Ажатканага кирүүнүн адеби, Мисвак колдонуунун адеби, Денени таза кармоо адеби, Уктоонун адеби,        Тамактануун адеби ,Кийим кийүүнүн адеби ж.б.у.с.        

Адептин зарылчылыгы

         Адеп маселеси Исламда өтө олуттуу орунда турат. Анткени Аллах таалага жакын болууда адептин орду өтө чоң. Адепсиздик бардык нерсени, амалды да, дилди да, тилди да, башка бардык аракеттерди да бузат. Адепсиз адам бир нерсени ээрчүүсү, коомчулукта жакшы орун тутуусу мүмкүн эмес. Адепсиз адам жадагалса башкалар менен алакасы, мамилесин да оңдой албайт.

         Ошондуктан тасаввуф эрежелеринин биринде: “Адеп болмоюнча, Жараткан жана калк менен сайри сулук (тасаввуф жолун кармануу) болбойт, делинген. Андыктан машайыктар: “Ким эмнеге жетишсе, жалаң гана адеп менен жетишет. Ким эмнеден алыстаса, жалаң адепсиздик менен алыстайт”, - деп айтышкан.

         Жакшы адеп негизинен нафстын жетишкени, анын тартиптүүлүгү, жылоолонгондугу жана жакшылыкта экендигинин белгиси. Ал эми адепсиздик нафстын тазалана электиги, жылоолонбогондугу жана тартипсиздигинин белгиси.

         Адеп экиге: назарий жана амалий болуп бөлүнөт. Адеп адегенде назарий жааттан үйрөнүлөт анан ага амал кылынат. Пикир жүргүзүп көрсөк, адептин калкасы ушунчалык даражада кең, жөнөкөй       нерселерге болгон адептен баштап, бардык нерселердин адебинен Жаратканга болгон адепке чейин бар. Исламда адептин жакшылыкка чакыруу мааниси инсанга байланыштуу бардык нерселерде ачык болот, тагыраак айтканда мусулман инсандын өзү менен байланыштуу бардык нерсеге адеп менен-жакшылык жүзөсүнөн мамиле кылуусу жолго коюлган. Бул мамилелер жамаадат-жансыз нерселерден башталат. Анан набаатат-өсүмдүктөр ааламына, соң хайваанат- жаныбарлар ааламына өтөт, андан кийин инсаният ааламы, периштелер ааламы жана башка ааламдарды камтып алат. Исламдагы адептер мусулман инсандын өз Пайгамбары жана Жаратуучусуна көрсөтүүчү адеби менен туу чокусуна жетет.

         Мына ушундай кең көлөмдөгү сыймыктуу адептерге амал оболу адамдын өзү үчүн пайдалуу. Мисал үчүн, чай ичилүүчү чыныбызды алып көрөлү. Адам адептүү болсо, ошол чыныны абайлап иштетет, таза кармайт. Натыйжада чыны көп убакыт ага көңүлдөгүдөй кызмат кылат. Эгер ошол адам чыныга карата адепсиздик кылса, анын чети учат, кир болот, жарака кетет жана акыры барып сынып жок болот.

         Мына ушул абалды башка ар бир чоң-кичине нерселерде да элестетип, ойлонуп көрүүбүз мүмкүн. Ар бир нерседе динибиз көрсөткөн адепке амал кылсак, оболу бул дүйнөбүз үчүн, негизинен акыретибиз үчүн жакшылык жараткан болобуз.

Адептин маанилүүлүгү

Диний булактардан алынган исламий адептердин максаты илахий таалим менен тыгыз байланышы бар. Адептин негизиги максаты инсан затынын эки дүйнө бактылуулугуна жетишүүнү камсыздоо. Мусулман инсан өзүнүн адептери менен бул дүйнөдө бүт жаратылыш менен айкалышып, биргеликте жакшы мамилелер менен жашоо өткөрөт. Акыретте болсо амал кылган адептеринин сообуна ээ болот. Бул акыйкатты түшүнүп жетүү үчүн Аллах тааланын инсанды жаратуудан максаты жана каалоосу жөнүндөгү Куран ааяттарынын мазмунун жакшылап түшүнүүнүн өзү жетиштүү.

Аллах таала “Бакара” сүрөсүндө айтат:

                                                

 وَإِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلائِكَةِ إِنِّي جَاعِلٌ فِي الأَرْضِ خَلِيفَةً

“(Эстегин), Роббиң периштелерге: “Албетте, мен жер бетинде орун басар жаратуучумун”, деген кезде” (30-ааят).

Ушул аяттан Аллах таала Адамдын Өзүнүн жер бетиндеги орунбасары болуусун каалаганы маалым болууда. Демек, инсанга өтө чоң ишенич билдирилген, ал улуу Аллахтын орунбасары болууга ылайык көрүлгөн. Бул эбегейсиз өтө чоң орун-даража. Ислам таалими боюнча, дүйнө жана акырет, бактылуулугуна жетишүүнү каалаган адам Аллахтын жер бетиндеги ылайыктуу орунбасары болууга ылайык болуусу зарыл. Бул адалдык-тазалык, адилеттүүлүк, акыйкат, толук кандуу адеп жана жакшылык менен амалга ашырылат.

Исламда адеп жөнүндө сөз кеткенде, Аллах тааланын жер бетиндеги орунбасары деген даража-орунга ээ болгон, олуттуу-жакшы максаттардын жер жүзүндө орноосуна кызмат кылуусу зарыл болгон зат түшүнүлөт.

Аллах таала “Исра” сүрөсүндө айтат:

وَلَقَدْ كَرَّمْنَا بَنِي آدَمَ وَحَمَلْنَاهُمْ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ وَرَزَقْنَاهُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَفَضَّلْنَاهُمْ عَلَىٰ كَثِيرٍ مِمَّنْ خَلَقْنَا تَفْضِيلًا ﴿٧٠﴾

“Чындыгында, Бани Адамды (Адамдын урпактарын) азиз-урматтуу кылып койдук жана аларды куруктук жана деңизде (улоо менен) көтөрдүк ошондой эле аларды таза-аруу нерселер менен ырыскылантырдык жана аны Өзүбүз жараткан көп нерселерден таптакыр абзел-артык кылып койдук”. (30-ааят).

Аллах таала ааламдагы түрдүү-түмөн барлыктарды бир-биринен абзел кылып жараткан. Мына ушундай жаратуучу Зат ушул ааятта адам баласын барлыктагы бардык нерседен азиз-урматтуу кылып жараткандыгынын кабарын берүүдө.

“Чындыгында, Бани Адамды (Адамдын урпактарын) азиз-урматтуу кылып койдук”.

Адептин пайдалары

Адеп-Ахлак ар дайым туруктуу болот. Пайгамбар (С.А.В) адамдарга алардын кылган мамилесине жараша эмес, жакшы адеп-ахлак менен мамиле кылган. Адеп-ахлак бардык адамдардын ортосунда сүйүүнү көбөйтөт. Аллах Таала айтты: «Жакшылык менен жамандык тең эмес. Жамандыкты жакшылык аркылуу жойгун. Ошонтсең сени менен анын ортосунда душмандык болгон адам да өтө жакын достой болуп кетет». (Фуссилат: 34).

 Сахл ибну Саьд Ас-садий риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси (С.А.В) айтты: – “...Адамдагы нерселерге көз артпасаң, адамдар сени жакшы көрөт”. (Тирмизий). Жакшы кулк– мүнөз, жеңил ырыскынын жолу. Аллах Таала айтты: « Биз үчүн умтулуп аракеттенгендерди, Биз туура жолдо алып барабыз. Акыйкатта, Аллах жакшылык кылуучулар менен бирге». (Анкабут: 69). Абу Саьид Аль-Худрийдин риваят кылган хадисте, Ансарлардын кээ бирлери Аллахтын элчисинен (С.А.В) бир нерсе сурашканда ал аларга берди, кийин дагы сурашты эле дагы берди, ушинтип Пайгамбар (С.А.В) колундагысы түгөнүп калганга чейин бере берди. Андан кийин Пайгамбар (С.А.В) айтты: Мен колумда бар нерсени силерден эч качан аябаймын. Ким өзүн сактаса (тыйса) Аллах аны сактайт, эч кимден сурабаса Аллах аны байытат, ким сабыр кылса Аллах аны жубатат. Сабырдан баалуу жана жакшы нерсе эч кимге берилген эмес”.

Жакшы кулк-мүнөз ээси бардык адамдарга үлгү болот. Мусулман мусулман эмесине, үй-бүлөсүнө, жалпы элге, кедей-байга, чоң кичинеге жана ден соолугу чың жана ооруларга болот. Анткени, ал ушуну менен жаратуучуга ибадат кылат. Жакшы кулк-мүнөз, жашоодо кайгы капасыз ырахат алуучу жол. Жакшы кулк– мүнөздүн ээси адамдар менен достошот жана адамдар да аны менен достошушат. Кыйынчылыктарга моюн сунбайт, кубанычка бөлөнгөндө Аллахка мактоо айтууга, жамандыкка туш болгондо Аллахка сабыр кылууга өзүн даярдап, Анын ыраазылыгына жетүүгө шашат. Кураанды жана сүйүктүү Пайгамбардын (С.А.В) куттуу сүннөтүн бекем кармап, аны өз жашоосунда негизги көрсөтмө курал кылат. Анткени, Аллах Таала айткан: «Эркекпи же аялбы ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаса, ага мыкты жашоо беребиз. Ошентип, аларга кылган иштеринен жакшыраак сыйлык беребиз». (Нахл: 97). Акылмандар айтышат: Ибну Мубарактан жакшы адеп-ахлак деген кандай деп сурашканда: – “Жакшы адеп-ахлак бул жылмаюу, жакшылык кылуу, жамандыкты кетирүү” – деп жооп бериптир. Имам Ахмад: – “Эң жакшы кулк-мүнөз бул ачууланбоо, бирөөнү жек көрбөө” – деген. Дагы бир сөзүндө мындай дейт: – “Жакшы кулк-мүнөз, адамдар көрсөткөн зыянга чыдоо”. Умар ибну Хаттоб: – “Адамдын асылдыгы анын акылында, өзүнү эсеп-кысап кылуусунда, дининде, марттыгында жана адеп-ахлагында” – деген экен. Аиша энебиз айтты: – “Жакшы кулк мүнөз дүйнөдө да, акыретте да жакшылыкты гана алып келет”. Бирөө айтат:– “Диндин бардыгы кулк мүнөз. Ким сенден кулк мүнөзү жагынан озуп кетсе, демек ал дин жагынан да озуп кетиптир”. Жакшы адеп-ахлактар менен кулк-мүнөздү өзгөртүү, дүйнөдөгү бакытка жана акыреттеги Аллах Тааланын ыраазылыгына жетүү болуп эсептелет”.– “Дүйнөдө жана акыретте адамдардын эң илим дүүсү, Мээримдүү Аллах үчүн ак ниеттүү болгондор, пайгамбардын (С.А.В) сүннөтүн ээрчигендер жана жакшы адеп-ахлака ээ болгондор”. Адеп-ахлак эч нерсеге муктаж болбой бай болуп жашоо эмес. Тескерисинче, ал Ислам ыраазы болгон жашоонун негизги эрежеси. Ислам буйруган ибаадаттар бийик адеп-ахлак жана туура жолду көрсөтүү үчүн жардам берсе гана толук болот жана милдети аткарылат.

Адептин коомчулуктагы орду.

Биздин жашоодо «Адептин» орду»  өтө чоң. Албетте момун адам адептүү болушу керек. Адептүү адам ар дайым кичи пейил сылык болот.Эң жакшы корүнуш адам өзү жаш болуп адептүү болгону, ал эми эң эле жат көрүнүш адам өзү  улгайсада адепсиз болгону.  Ошондуктан элибизде айтат: “Адеп бул дарак болсо, ал эми илим анын мөмөсү . Дарак жок болсо мөмө кайдан болмок?  Адепти кайдан үйрондуң десе, мен адепти адепсиздерден үйрондүм деген сөз бар элибизде.

Бир адам бир жигитке сенин устазыңдын адеби жок деп айтат .Жигит келип устазына айтат, Паланча киши сизди адеби жок деп айтты. Сиз бир соонун “Адеп” жөнүндө китеп жазбайсызбы - дейт. Анда устаз адеп жөнүндө соонун китепти жазып бүтүрөт. Анан жигит китепти алып Ошол кишиге барат. Айтат “мына устаздын китеби” - дейт. Ошондо баягы киши айтат:  Мен сенин устазын Адепти билбейт деген эмесмин,  устазында адеп жок дегенмин деп.

            Жыйынтыктап айтканда Президентибиздин үстүбүздөгү жылды “Ыйман, адеп, маданияттын жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгы, коомубуздун келечеги, мамлекетибиздин эртеңи үчүн жакшы жышаан деп эсептейбиз.

 

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи

Максатбек ажы Токтомушев