(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
06:20
Күн чыгышы
07:55
Бешим
13:15
Аср
16:54
Шам
18:38
Куптан
20:12

Зекеттин пазилети

Бүткүл ааламдардын жаратуучусу болгон Аллах Таалага мактоолор, пайгамбарлардын мырзасы Мухаммадка (с.а.в) салам жана салаваттар болсун.  Урматтуу мусулман бир тууган, Ислам дининин үчүнчү түркүгү болуп эсептелген зекеттин өкүмү ар бир бай кишиге милдеттүү түрдө жүктөлөт. Ошондуктан, зекет жөнүнүндө бир аз токтоло кетсек.

«Зекет» -  деген  сөздүн сөздүктөгү мааниси –тазалоо   النماء   -  өсүү, көбөйүү.  Ал эми шарията болсо – Байлыкты кедей мусулманга анын ордуна эч нерсе албастан ээлик кылдыруу.(Канзул Дакоик)

            Зекет берүү – Исламдагы өтө чоң милдет. Аллах Таала өз китебинде 82 жерде наамаз менен кошо, зекет берүүнү айтып кеткен. Булардан башка да зекеттин өзүнө да өкүм берилген жерлер бар. Пайгамбарыбыз (с.а.в) дын белгилүү хадисинде бар: « Ислам беш нерсеге курулган: 1) Аллахка ыйман келтирүү, 2) Намаз окуу, 3) Зекет берүү, 4) Орозо тутуу, 5) Ажылык».

Уламалардын баары айтышкан бул экөөсүнүн бирөөсүн жок деген адам каапыр болот. Мына ушул беш нерсе Исламдын негизи, ушулар негизги ибадаттар. Мына ушул нерселер Исламдын негизи деп белгиленген.

Аллах таала айтат:

وَ أَقِيمُوا الصّلَاةَ  وَ آتُوا الزَّكَوةَ وَ ارْكَعُوا مَعَ الرَّكِعِين   { سورة بقرة  43}

            Мааниси: « Намазды окуугула, зекет бергиле, жана рүкү кылгандар менен бирге рүкү кылгыла» (Бакара 43)

            Бул аяттан өтө терең маанилер чыгат. Баардык ибадаттардын эң улуусу намаз, ошондуктан намазды биринчи алып келди. Анан кийин зекет, ошондуктан аны андан кийин айтты. Зекет берүү Аллахтын берген нерселерине шүгүр кылуу болуп эсептелет.

Ашраф Али Танви (р.х) мындай деп жазган: Исламдагы амалдар (ибадаттар) эки түрдүү: Ички жана сырткы. Сыркы амалдар дагы эки түрдүү – дене менен ибадат кылуу жана балык менен ибадат кылуу. (Баянул Куран)

Дагы башка аятта:

 و رحمتى وسعت كلّ شيئ فسأكتبها اللذين يتقون و يتؤتون الزكوة و الذين هم بآياتنا يؤمنون {الاعرف 156}

                        Мааниси: «Менин рахматым (мээримим) баардык нерселерди камтыйт. Аны (мээримимди) Аллахтан коркондорго, зекет бергендерге, биздин аяттарыбызга ыйман келтиргендерге (өзгөчө толук кылып) жазамын». (Ароф 156)

            Хасан жана Катада (р.з) мындай  айтышат: « Аллах Тааланын мээрими дүйнөдө ар бир адамга берилет. Жакшы, жаман күнөкөрлөрдүн баарына. Бирок, акыретте өзгөчө Аллахтан корккондорго жана зекет бергендерге гана берилет». (Дурру Мансур)

            Аллах Тааланын ыразычылыгы үчүн сарптоонун сообу дүйнөдө да акыретте да көбөйүсү ачык эле нерсе. Ошондуктан сарптоочу адам өтө көңүл буруусу керек. Сарптап жаткан учурда анын ордуна бир нерсени үмүт кылуу жана ырахмат айтуусун үмүт кылбасын. Өзгөчө зекет берип жаткан учурда бул ниет эч качан болбоосу керек. Анткени, зекет берген адам өз мойнундагы фарзды аткарып жатат. Мына ал кимге жакшылык кылып жатат (өзүнөбү же башкагабы). Анткени Аллах Таала зекетти өзү үчүн гана берилүүсүн буйурган.

            Ошондуктан кимде – ким бирөөгө зекетин берип жатып башка нерсени ниет кылса, анда ал өз сообун азайтты.

   روى عن علقمة رضى الله عنه انهم اتوا رسول الله صلى الله عليه و سلم قال: فقال:  النبي صلى الله عليه و سلم :إن تمام اسلامكم ان تؤادوا زكوة اموالكم

            Мааниси: алкама (р.з) айтат: Биз Пайгамбарыбыз (с.а.в) барганда  Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Силердин Исламыңардын толук болуусу байлыгыңардын зекетин берүү менен».

            Исламдын толук болуусу зекет менен болгондугуна байланыштуу. Анткени, зекеет исламдагы белгилүү (чоң) беш (устундун бир) түркүгү. Ал түркүктөр күбөлүк келмесин айтуу, намаз, орозо зекет, ажылык. Бир эле түркүк болбосо анда Ислам толук болбойт.

   عن ابى الدرداء عن رسول الله صلى الله عليه و سلم قال : الزكوة قنطرة الاسلام

            Мааниси: Абу Дарда (р.з) Пайгамбарыбыздан (с.а.в) рываят кылат: «Зекет Исламдын чоң көпүрөсү»

            Мисалы көпүрө бир жерден экинчи жерге өтүү үчүн жеңилдикке себеп. Ушул сыяктуу эле зекет аркылуу Исламдын акыйкатына жана Аллахтын ыразычылыгына жетүүгө болот.

عن جابر رضى الله عنه قال قال رجل يا رسول الله ارأيت انْ ادّى الرجل زكوةماله فقال رسول الله صلى الله عليه و سلم : منْ ادّى ماله فقد ذهب عنه شرّه

      Мааниси: Жабир (р.з) рываят кылат: Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: « Ким байлыгынын зекетин берсе, анын байлыгынан жамандык кетет».

     Башкача айтканда байлык көп жамандыкка себепчи болот. Бирок, дайыма анын зекетин чыгарып берип турса анын жамандыгынан кутулат. Ал эми акыретте болсо, анын азаптан кутулаары анык. Бул дүйнөдө болсо байлык сакталганга себепчи болот. Ал киши үчүн ооруларга шыпаа болоруу шексиз. А эгерде, зекетин чыгарбаса, анда ал байлык жок болот. Анткени пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: «Зекет менен байлык сак болот». (Фазаил Садакат)

Башка бир хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай дейт: « Ким өзүнө беш нерсени тоссо, Аллах Таала да ага беш нерсени тосуп койот. 1) Ким зекет бербесе Аллах Таала анын малын түрдүү балээлерден тосууну тыйып койот. 2) Ким үшүр бербесе, Аллах Таала берекесин тосуп койот. 3) Ким садака бербесе, Аллах Таала анын тынчтыгын тосуп койот. 4) Ким өзүнө дуба кылууну токтотсо, Аллах Таала кабыл кылууну токтотуп койот. 5) Ким жамаат менен бирге болууну токтотсо, Аллах Таала анын ыйманын толук болуусунан тосуп койот»  ( درة الواضعين    Дурротул Ваазиьн)

Зекет бербөөнүн жазалары

Бул туурасында Куранда көптөгөн аяттар түшүрүлгөн. Анткени зекет бербөө бул Аллахтын берген жакшылыгына үшүгүрсүздүк болуп эсептелет.

و لا يحسبتّ الّذين يبخلون بما آتاهم لله من فضله الآية

Мааниси: « Алла Тааланын берешендигинен өздөрүнө берилген нерселерге сараңдык кылгандарды алар үчүн жакшы деп ойлобогула».

            Кимге Алла Таала байлык берген болсо, ал анын зекетин бербесе, анда байлыгы жылан болуп мойнуна оролот (акыретте). Ал айтат: «Мен сенин байлыгыңмын, сенин казыңаңмын». Пайгамбарыбыз (с.а.в) эскертип жатат. Бүгүнкү күндө казынаңа сактап чогулткан байлыгыңдын зекетин бербесен, анда ал сага жылан болуп мойнуңа оролот акырет күнү.

عن عبد الله بن مسعود رضى الله قال : امرنا وايْتاء زكوة و من لن يزك فلا صلوة له

{ رواه  الطبرانى صحيح}

            Мааниси: Абдулла бин Масьуд (р.з) айткан: «Бизге намазды тургузууга, зекетти берүүгө өкүм берилген. Ким зекетин бербесе, анда анын намазы кабыл эмес».

Ким зекетин бербесе, ал толук мусулман эмес. Б:а зекет бербегенддигинин себебинен калган күнөөлөрү кечирилбейт.

عن بريدة رضى الله عنه قال قال رسول الله صلى الله عليه و سلم ما منع قوم الاّ ابتلاهم الله بالسنين  { رواه الطبرنى}

Мааниси: Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Кайсыл эл зекет бербесе, аларды Аллах Таала кургакчылыкка, жамгырсыздыкка кабылдырат».

Үлгүлүү окуя

Таабиъиндердин бир жамааты Абу Синанды (р.а) зыярат кылуу үчүн келишти. Алар анын алдына келип олтурушканда Абу Синан (р.а) айтты: «Жүргүлө, биз бир тууганы кайтыш болгон кошунабызыдыкына,барып ага көңүл айтып койолу. Мухаммад Юсуф Фаряний (р.х) айтат: «Биз аны менен чогуу ошол кишинин үйүнө жеттик. Ал өзүнүн бир тууганы үчүн өтө кайгырып жатканын көрүп, биз ага көңүл айтып соорото баштадык. Бирок, ага көңүл айтуу жана сооротуу эч кандай пайда берген жок. Биз ага айттык: «Сен билбейсиңби, өлүмдүн жолунан ар бири өтүш керек го?» Ал айтты: «Кантип билбейин, бирок менин бир тууганыма эрте кеч болуп жаткан азапка ыйлап жатамын». Биз ага айттык: «Эмне Аллах Таала сага кайыпты билдирдиби?» Ал айтты: «Жок, бирок мен аны качан көмгөн учурумда анын кабырына топурак салдым, андан соң элдер кетишти. Мен анын кабырынын алдында олтурган элем. Кокустан мындай үн чыга баштады: «Оо, алар мени азапты көтөрүү үчүн жалгыз таштап кетишти! Бирок мен намаз окуйт элем го! Орозо кармайт элем го!» Менин бир тууганымдын бул сөзү мени ыйлатты. Мен анын абалын көрүү үчүн кабырды каздым. Кабырда от күйүп жатканын көрдүм жана анын мойнуна оттон болгон кишен салынган экен. Бир тууганымды жакшы көрүү менин тынчымды кетирди. Мен анын мойнунан кишенди алуу үчүн колумду сунганымда менин колум жана манжаларым күйүп калды». Андан соң жанагы киши өзүнүн колун чыгарып бизге көрсөттү. Анын колдору күйүп, кара болуп калган экен. Андан кийин ал айтты: «Мен топурак салып кайтып келдим. Анын ушул абалына кантип кайгырбай койом?» Биз андан сурадык: «Сенин бир тууганың дүйнөдө кандай амал кылат эле?» Ал айтты: «Ал өзүнүн байлыгынын зекетин бербейт эле». Андан соң биз айттык: «Бул Аллах Таала айтканын тастыктоо» (Мукашафатул Кулуб)

وَ لاَ يَحْسَبَنَّ الَّذِينَ يَبْخَلُونَ بِمَآ آتَاهُمْ اللهُ مِنْ فَضْلِهِ هُوَ خَيْرًا لَّهُمْ بَلْ هُوَ شَرٌّ لَهُمْ سَيُطَوَّقُونَ مَا بَخِلُوا بِهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ

«Аллахтын берешендигинен өздөрүнө берилген нерселерге сараңдык кылгандарды – алар үчүн жакшы деп ойлобогула! Жок, бул – аларга (абдан) жаман! Кыямат күнү алар эмнеге сараңдык кылышкан болсо, ошол нерсеси алардын мойнуна (от болуп) оролот». (Аалу Имран 180)

Сенин бир тууганыңа кабырда кыяматка чейин азап боло берет». Андан соң биз Пайгамбарыбыздын (с.а.в) сахабалары Абу Зар Гиффарийдин (р.а) алдына келдик. Ага бул кишинин окуясын айтып бердик жана сурадык: «Эч бир жөөт же христиандын өлгөнүнө мындай окуя болгон эмес эле?» Абу Зар Гиффарий (р.а) айтты: «Бул сөздө эч кандай күмөн жок ал тозоку. Аллах Таала силерге ыймандуулар жөнүндө силерди үлгү алсын деп бир аз көрсөтөт» (Мукашафатул Кулуб)

Даярдаган: Чүй облусунун мусулмандар казыяты