(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

ЖАРЫЯ! Муфтият жана Кыргыз Туусу басма үйү «Ыйман, адеп-бир бутак» аттуу конкурс жарыялайт

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргыз Туусу басма үйү 2017-жылдын 2-октябрынан 31-октябрга чейин республика аймагындагы мектеп арасындагы жаш жазуучулардын жазуу чеберчилигин арттыруу жана алардын ыйманын, адебин, мекенге болгон сүйүүсүн  жогорулатуу максатында «Ыйман, адеп-бир бутак» аттуу  конкурсун жарыялайт.

Конкурстун максаты – мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн өркүндөтүү, мектеп арасындагы жаш жазуучулардын адабий көркөмдүктө жазылган чыгармаларын жайылтуу, жаштарды туура жолго багытоо менен мекенге, ата-энеге болгон сүйүүсүн жогорулатуу, коомчулукту биримдикке, достукка, ынтымакка чакыруу жана жаш жазуучулардын калемдерин курчутуп, алардын жазган чыгармалары аркылуу жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, боорукерликке жана ынытмакка үндөө болуп саналат

Конкурска катышуунун тартиби

1. Конкурска 6-7-8-9-10-11-класстын окуучулары катышып, кыргыз тилинде жазылган поэзия жанрындагы чыгармалар кабыл алынат.

2. Конкурста 6-7-8–класстын жана 9-10-11-класстын окуучуларынын чыгармалары өз өзүнчө каралат. 

3.Чыгармаларды конкурска алардын авторлору kg_muftiyat@mail.ru электрондук дарегине же почта байланышынын операторлору аркылуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына төмөндөгү дарекке жиберилиши керек: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Гоголь көч., 57,  “«Ыйман, адеп-бир бутак»  конкурсуна” деп көрсөтүү менен жиберилет. Чыгармалар автор жөнүндө маалыматтар жазылган (паспортунун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктө көрсөтүлгөн даректери, туулган жылы жана айы, жашаган жери, байланыш телефону же E-mail), чыгарманын аннотациясы жана эгер чыгарма боюнча прессага чыккан ой-пикирлер болсо алар менен кошо берилет.

4. Конкурска поэзия жанрындагы чыгармалар кабыл алынат жана көлөмү 4 барактан ашпашы (14-өлчөмдөгү Times New Roman шрифти менен жазылып, саптардын арасындагы «интервал» 1,5) керек.

5. Автордун аты, жөнү, туулган жылы көрсөтүлбөгөн чыгармалар комиссия тарабынан каралбайт.

Конкурска:

- кол жазма түрүндөгү;

- бул Жободогу конкурстун шартына туура келбеген чыгармалар кабыл алынбайт.

Конкурсту өткөрүү мөөнөтү

  1. Чыгармалар  2017-жылдын 2-октябрдан 31-октябрга чейин кабыл алынат.
  2. 2017-жылдын 15-ноябрында конкурстун жыйынтыгы чыгарылат.

Конкурстун жыйынтыгында орунга илинген мектеп жашындагы жазуучулардын чыгармалары Кыргыз Туусу гезитине басылып,   баалуу белектер менен сыйланат.

ЭСКЕРҮҮ: Конкурска катышып жаткан мектеп курагындагы бардык талапкерлер өздөрүнүн конкурска катышып жаткандыгын ата-энелерине билдирүүлөрү зарыл жана конкурска чыгармаларын жөнөтүүдө ата-энелеринин укуксаат барактары тиркелиши милдеттүү.

Толук маалымат алуу үчүн www.muftiyat.kg . 48-61-64, 0705 05-06-10 телефондонунан чалып билсениздер болот